Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Жеке турак жай куруу үчүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 11 января 2013 года № 8 "О предоставлении городу Бишкек и Аламудунскому району Чуйской области земель для организации кладбищ"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-01-11.
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 11-январындагы № 8 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 17-июну № 241
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Жеке турак жай куруу үчүн Бишкек
шаарына жер берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун
Маевка айыл өкмөтү жер участкасын убактылуу пайдалануу укугунан
өз ыктыяры менен баш тарткандыгына байланыштуу, Кыргыз
Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына жана 62-статьясы-
нын 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн району-
нун Маевка айыл өкмөтүнүн Бишкек шаарынын чегинде жайгашкан
84,0 га аянттагы жер участкасын пайдаланууга укугу токтотулсун.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер андан ары
жеке турак жай курууга берүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясына
өткөрүп берилсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
- жер участкаларын берүүнү Кыргыз Республикасынын норма-
тивдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ж€ргүзсүн;
- бөлүп берилген жер участкаларына курулуш куруу долбоор-
лорун белгиленген тартипте иштеп чыксын;
- жерлерди натуралай бөлүп берүүнү айыл чарба өсүмдүктө-
рүнүн түшүмүн жыйнагандан кийин жүргүзсүн;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү
киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Респуб-
ликасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплек-
син өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 11-январындагы № 8 "Бишкек шаарына жана Чүй облусунун Аламүдүн районуна көрүстөн уюштуруу үчүн жер берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.01.2013 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы № 624 "Жеке турак жай куруу учүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын…Постановление · 28.08.2006 · № 624 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 11-январындагы № 8 "Бишкек шаарына жана Чүй облусунун Аламүдүн районуна көрүстөн уюштуруу үчүн жер берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.01.2013 · № 8
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.