Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Чет өлкөдө төлөнгөн пайдага салыктын жана киреше салыгынын суммасын чегерүүнүн тартиби жөнүндө» жобосу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 ноября 2018 года № 551 "Об утверждении Положения о порядке исполнения соглашений об избежании (устранении) двойного налогообложения и предотвращении уклонения от уплаты налогов на доход и капитал (имущество), заключенных Кыргызской Республикой с иностранными государствами"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-11-22.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген
Чет өлкөдө төлөнгөн пайдага салыктын жана киреше салыгынын суммасын чегерүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Жалпы аныктамалар
3-глава. Пайдага салыкты жана киреше салыгын чегерүү тартиби
Тиркеме. Чет мамлекетте төлөнгөн пайдага салыктын жана киреше салыгынын суммасын чегерүүнү алууга арыз
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык иштелип чыккан (мындан ары - Жобо).
2. Кош салык салуудан кагуу тууралуу макулдашуулардын (мындан ары - Макулдашуу) негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- кирешелерге жана мүлктөргө кош салык салууну жоюу;
- бир мамлекеттин резидентин макулдашуучу башка мамлекетте басмырлачу салык салуудан коргоо;
- салык салуудан же Макулдашуулардын жоболорун кыянат пайдаланууга жол бербөө;
- Макулдашуулардын жоболорунун аткарылышын камсыздоодо келишим түзүүчү мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алышуу;
- келишим түзүп жаткан мамлекеттердин ортосунда салык салуу укуктарын бөлүштүрүү.
2-глава. Жалпы аныктамалар
3. Ушул главада тиешелүү Макулдашууда колдонулуучу терминдердин түшүнүктөрүн аныктоо үчүн зарыл болгон бир катар жалпы жоболор топтоштурулган. Эгер тиешелүү Макулдашуунун текстинен башкача келип чыкпаса, бул аныктамалар мааниси төмөнкүлөрдү билдирет:
1) "келишим түзүүчү мамлекет" же "келишим түзүүчү башка мамлекет" - сөздүн маанисине жараша Кыргыз Республикасы же Макулдашуу менен иштеген чет мамлекет;
2) "компетенттүү орган" - тиешелүү Макулдашууда көрсөтүлгөн, анын жоболорунун аткарылышын камсыздаган мамлекеттик орган. Компетенттүү орган же анын ыйгарым укуктуу өкүлү келишим түзүүчү мамлекеттерде ишин жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактардын резиденттиктерин келишим түзүүчү мамлекеттердин компетенттүү органдары менен маалымат алмашуусун күбөлөндүрүүгө укуктуу жана Макулдашуунун колдонулушу үчүн жооп берет;
3) "компания" - корпоративдик бирикме катары салык салуу максатында каралган кандай болсун бирикме (экономикалык бирдик). Кыргыз Республикасында "компания" термини юридикалык жактарды түшүндүрөт;
4) "жак" - жеке же юридикалык жак, жактардын кандай болсун бирикмеси;
5) "эл аралык ташуу" - Макулдашуунун ачык-айкын шартына жараша деңиз, дарыя, аба кемелери же жердеги (автомобиль же темир жол) унаа менен кандай болсун ташуу.
Келишим түзүүчү бир мамлекетте (Кыргыз Республикасындагы же Макулдашуу колдонулган чет мамлекеттеги) жайгашкан пункттар ортосунда гана жүргүзүлгөн ташуулар эл аралык ташуу болуп саналбайт, анткени бул жөнөтүү Кыргыз Республикасынын аймагында КНСтин нөлдүк ставкасындагы жөнөтүү болуп саналат;
6) "улуттук жак" - тексттин маанисине жараша Кыргыз Республикасынын же Макулдашууну колдонгон мамлекеттин жарандары жана юридикалык жактары;
7) "келишим түзүүчү мамлекеттин ишканасы" же "келишим түзүүчү башка мамлекеттин ишканасы" - тексттин маанисине жараша Кыргыз Республикасынын резиденти башкарган ишкана же Макулдашууну колдонгон мамлекеттин резиденти башкарган ишкана.
4. "Жалпы аныктама" бөлүгүндө каралбаган терминдер, эреже катары, Макулдашуунун бөлөк беренелеринде өзүнчө берилет. Эгерде тиешелүү Макулдашуунун текстинде пайдаланылган кайсы бир терминдин мааниси атайын эскертилбесе, анда анын мааниси келишим түзүүчү мамлекетте Макулдашуу таралган салыктарга карата ошол келишим түзүүчү мамлекеттин мыйзамдары боюнча чечмелөө керек.
3-глава. Пайдага салыкты жана киреше салыгын чегерүү тартиби
5. Төлөнгөн пайдага салыкты жана киреше салыгын чегерүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 182 жана 220-беренелерине ылайык жүргүзүлөт.
6. Чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын юридикалык да, жеке жактары да, салык төлөөчү - резиденттери тарабынан төлөнгөн салык суммасы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемине ылайык, эгер бул мамлекет менен кош салык төлөөдөн качуу тууралуу Макулдашуу түзүлсө, Кыргыз Республикасында салык төлөгөндө чегерилүүгө тийиш.
Салык төлөөчү чет мамлекетте төлөгөн салыктын суммасы, эгерде мындай кирешенин суммасы Макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салууга жатса, салык милдеттенмесин эсептөөдө жана Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосунда мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирсе кош салык салуудан качуу тууралуу Макулдашуу болгон учурда эсепке алынат.
7. Чет мамлекетте төлөнгөн пайдага салыктын жана киреше салыгынын суммасын чегерүү салыктын төлөнгөндүгүн ырастаган документтер болгон учурда жүргүзүлөт.
Мындай документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
- чет мамлекеттеги булактардан алынган жана төлөнгөн салыктардын суммасы жөнүндөгү, чет мамлекеттин салык органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалымкат;
- салыктын төлөнгөндүгүн ырастаган бухгалтериялык документтер.
8. Чегерилген суммалардын өлчөмү салык төлөөчү ар бир мамлекетте алган кирешелер боюнча иш жүзүндө төлөнгөн суммага жараша ар бир мамлекет боюнча өзүнчө аныкталат.
Мындай учурда, Салык кодексинин 182-беренесинин 1-пунктунда каралган чегерилүүчү сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын салыктын суммасынан ашпоого тийиш, ал Кыргыз Республикасында анын аймагында колдонулган ставкалар боюнча төлөнүүчү салык суммасынан ашпоого тийиш.
9. Ушул главанын 6-пункту кош салык төлөөдөн качуу жана кирешелерге жана мүлккө салык салуудан кечүүгө бербөө тууралуу Макулдашуу түзүлгөн мамлекетте, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган жеке жана юридикалык жактардын кирешелеринен жана мүлктөрүнөн кармалган жана (же) төлөнгөн салыктарга колдонулбайт, алар мындай Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасында салык салынууга тийиш.
10. Чегерүүнү жүргүзүүдө документтүү кабарларды берүү үчүн салык төлөөчүнүн арызы тиркемеге ылайык негиз болуп саналат.
Тиркеме
____________________ району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Башкармалыгына
____-жыл үчүн чет мамлекетте төлөнгөн пайдага салыктын жана киреше салыгынын суммасын чегерүүнү алууга АРЫЗ
1. Уюмдун аталышы, жана/же жеке жактын аты-жөнү __________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ (ИСН) _________________________________________________________________
(дареги, жашаган жери)
2. Кирешенин булагы тууралуу маалымат ____________________________ _______________________________________________________________________
(кирешени төлөгөн жактын толук атылышы жана дареги) _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ (кирешелердин толук мүнөздөмөсү (кирешелер эмне үчүн алынган) _______________________________________________________________________ Кирешелердин суммасы _____________________________________________
а) Макулдашылып жаткан мамлекеттин ички мыйзамдары боюнча кармоого жаткан салыктын суммасы _______________________________________________
Салыктын ставкасы ________________________________________________
б) Кыргыз Республикасында кармоого жаткан салыктын суммасы _______ _______________________________________________________________________
Салыктын ставкасы ________________________________________________ Кошуп төлөөгө жаткан сумма _______________________________________ Тиркелген иш жүзүндө төлөнгөн салыктарды ырастоо жөнүндөгү документтер _______________________________________________________________ _______________________________________________________________________ СЖМКБнын жетекчиси _______________________________________________ (аты-жөнү, колу)
М.О.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 ""Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну…Постановление · 22.11.2018 · № 551 · Күчүн жоготкон