Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 11-апрели №150 Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзунун (мындан ары - Бажы союзу) жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин (БЭМ) чектериндеги келишимдерде жана макулдашууларда белгиленген төмөнкүдөй артыкчылыктарды эске алып:
- бажы тариздөөсүз, акчалай чыгымдарсыз жана убакытты жоготуусуз товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсү;
- мурда бажы контролунун болушу менен кармалып келген чек ара соодасын өнүктүрүү;
- санитардык, ветеринардык, фитосанитардык контролдун ички постторун жоюу;
- тараптардын аймактарындагы кызматтар соодасын жүзөгө ашырууга карата чарба субъекттеринин эркин кирүүсүн камсыз кылуу;
- экспорттук жана импорттук алымдарсыз энергия булактары соодасын жүзөгө ашыруу;
- квотасыз жана чектөөлөрсүз, мигранттарга алар болгон мамлекеттин жарандары ээ болгон бардык социалдык укуктардан пайдаланууга мүмкүндүк берген эркин миграциялык саясат жүргүзүү;
- капиталдын эркин өтүүсүн камсыз кылуу,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бажы союзунун өлкөлөрү менен тышкы соодасынын өз ара интеграциясынын жогорку деңгээлин, жалпысынан Бажы союзунун өлкөлөрү - Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын товар жүгүртүүсүндө 44,9 пайызды, экспортунда 40,6 пайызды, импортунда 47,2 пайызды ээлегендигин эске алып. Кыргыз Республикасынын товар жүгүртүүсүндө эң чоң салыштырма салмакты Россия Федерациясы - 26,9 пайызды жана Казакстан Республикасы - 16,8 пайызды ээлегендигин; Беларусь Республикасына 1,2 пайыз туура келгендигин көңүлгө алып, Бажы союзуна жана БЭМге катышуудан Кыргыз Республикасы үчүн жаңы келечектүү мүмкүнчүлүктөр ачыла тургандыгын аңдап түшүнүү менен, атап айтканда:
- Бажы союзунун ички чек араларында жыйымдарды жана бажы контролун алып салуу, транзиттин эркиндиги, алар тышкы соодага катышуучулардын чыгымдарын кыскартууга жана республиканын дүң рынокторундагы иши үчүн шарттарды түзүүгө алып келе тургандыгын;
- Бажы союзунун ичинде экспортко чектөөлөрдүн жоктугу, демек кыргыз рыногу муктаж болгон товарларды, мисалы нефть продуктуларын жана башка социалдык-маанилүү товарларды бажы алымысыз берүүлөр, ошондой эле республиканын нефтини кайра иштетүүчү заводдору үчүн чийки нефть берүү мүмкүнчүлүктөрүн;
- ветеринардык жана фитосанитардык контролду жүзөгө ашыруунун бирдиктүү тартибин киргизүү аркылуу айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, демек экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана республиканын ички рыногунда айыл чарба продукциясына баалардын стабилдүүлүгүн;
- Бажы союзу өлкөлөрүндө кыргыз жарандарынын эмгек миграциясын жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди жөнгө салууну;
- Бажы союзунун өлкөлөрүнүн энергетикалык долбоорлорун жана соода, транспорттук, түтүк өткөргүчтөрү инфраструктурасы долбоорлорун ишке ашырууга катышууну аңдап түшүнүү менен,
Кыргыз Республикасынын шериктеш региондук өлкөлөр менен экономикалык интеграциясынын маанилүүлүгүн эске алып, Бажы союзуна жана БЭМге кошулуу жөнүндө чечим кабыл алууда өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын позицияларын иштеп чыгуунун жана коргоонун зарылдыгын жетекчиликке алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 26-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын аткарууну жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бажы союзуна жана БЭМге кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сүйлөшүүлөрүн демилге көтөрүү жөнүндө кайрылуусунун сунушталган долбоору жактырылсын (1-тиркеме).
2. Бажы союзуна жана БЭМге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Бажы союзунун мүчө өлкөлөрү жана Бажы союзунун Комиссиясынын Катчылыгы менен ага Кыргыз Республикасынын кошулуусу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу жана бул маселе боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону жүзөгө ашыруучу органы болуп саналат;
- бул маселеге карата министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдер министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Ведомстволор аралык комиссия:
- 2011-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Бажы союзунун Комиссиясынын Катчылыгына бериле турган Кыргыз Республикасынын тышкы соода иши жөнүндө алдын-ала баяндаманы даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- Бажы союзуна жана БЭМге берилген кошулуу шарттары боюнча республиканын ички рыногу жана экономика секторлору жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын сактоо үчүн таасирдүү сүйлөшүүлөр позицияларын иштеп чыксын.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын (төраганын орун басарынын) суроо-талабы боюнча зарыл маалыматты беришсин жана Ведомстволор аралык комиссиянын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги:
- бир жумалык мөөнөттө Бажы союзуна жана БЭМге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын түзүлгөндүгү тууралуу Бажы союзунун комиссиясынын катчылыгына билдирсин;
- Бажы союзуна жана БЭМге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө демилге көтөрүлгөндүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кайрылуусун Евразия Экономикалык Шериктештиктин Мамлекеттер Аралык Кеңешинин төрагасынын орун басарына белгиленген тартипте жиберсин.
7. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине жүктөлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
А.Атамбаев
1-тиркеме
Урматтуу Владимир Владимирович,
Евразия Экономикалык Шериктештиги өлкөлөрү менен интеграциялык процесстер Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу болуп саналат, Бүгүнкү күндө Бажы союзу жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик темасы биз үчүн өтө эле актуалдуу болуп эсептелет, ага өкмөттүк түзүмдөр, жарандар, ошондой эле бизнес-жамааттар тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда. Азыркы учурда Бажы союзунда өнүгүп жаткан кырдаал өлкөнүн соодасынын жана экономикасынын андан ары өнүгүшүнө күчтүү таасир берет, ошондуктан биздин республика үчүн Бажы союзунун интеграциялык процесстерине катышуу абдан маанилүү. Кыргыз Республикасы Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу процессин баштоого даяр экендигин билдирет. Ушул максатта урматтуу Владимир Владимирович, Сизден Бажы союзунун комиссиясына Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын катышуу маселеси боюнча Жумушчу топтун ишин жаңылоону тапшырууну өтүнөбүз. Учурдан пайдаланып, мен Сизге өтө урматтоо менин терең ишенич арта тургандыгымды билдирем.
Урматтоо менен,
А.Атамбаев
Москва ш. Евразия Экономикалык Шериктештигинин Мамлекеттер аралык кеңешинин төрагасынын орун басары Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Улуу урматтуу
В.В.Путин мырзага
2-тиркеме Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭстеги туруктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы;
- Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чегара аскерлеринин колбашчысы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директору;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Постановление Кабинета Министров РК от 8 апреля 1991 года №138 "О создании Государственного концерна "Кыргызлегпром" по производству и реализации продукта легкой промышленности"Постановление · 08.04.1991 · № 138 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 17-декабры № 26-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2010 · № 26-V · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги №150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке…Постановление · 11.04.2011 · № 150 · Күчүн жоготкон