Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана ардак грамотасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-10-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 23-октябры № 744 "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Тиркеме
"Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Узакбаев, А.Кочкорбаев, М.Салымбеков, К.Бокоев, Э.Иманкожоева, Э.Исаков жана А.Бекматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-пунктунун 24-пунктчасын жана 31-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй бүтүмгө келди: Азыркы учурда илим, техника, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо жана спорт жаатында "Эмгек сиңирген" деген ардак наам алган жана дайындалган пенсиясына республикалык бюджеттен кошумча үстөк акыларды, ар кандай социалдык кепилдиктерди, социалдык муктаждыктары үчүн жыл сайын акчалай жөлөк пулдарды алуучу адамдардын категориялары жетиштүү санда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобого ылайык "Эл" жана "Эмгек сиңирген" ардак наамы бар 27 категориядагы адамдарга, ошондой эле ар кандай мамлекеттик сыйлыктары бар жана жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардын 17 категориясына Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө жана төлөө шарттары жана тартиби аныкталган. Бул Мыйзам долбоорду ишке ашыруу үчүн каржылоо булактарын бекемдөөсүз "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ветеринардык врачы" деген жаңы ардак наамды бекитүү республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көбөйүшүнө алып келет жана "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралбаган чыгымдар бюджетке кошумча оорчулук келтирет жана азыркы учурда республикалык бюджеттин тартыштыгы өсүп жаткан шартта, өлкөнүн акча ресурстарга абдан муктаж болуп турган учурунда эч мүмкүн эмес. "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, ишке ашырууга республикалык бюджеттен каржылоо талап кылынган ченемдик укуктук актыларды алар боюнча каржылоо булактары бекемделгенге чейин кабыл алууга болбойт. "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бюджет ресурстары максаттуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылга карата пландалган иш-чараларын жана программаларын ишке ашырууга арналган, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык бюджетти аткаруу процессинде бюджеттин чыгымдалышы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген бюджетте каралган чектүү өлчөмдөн ашпоого тийиш. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
Н.Момуналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.04.2012 · № 41
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 февраля 1998 года №82 "Об утверждении Положения о пенсиях за особые заслуги перед Кыргызской Республикой"Постановление · 19.02.1998 · № 82 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана ардак грамотасы жөнүндөЗакон · 15.01.2000 · № 14 · Күчүн жоготкон