Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 23-октябры № 743 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 733 КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу жободо:
- 1.1-пункттун төртүнчү абзацында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;
- 1.1-пунктча төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- аймактык бөлүм - ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген компетенциянын чегинде өз ишин жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү.";
- 2.1-пункттун төртүнчү абзацында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;
- 4.1-пунктта "социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрүнө" деген сөздөр "аймактык бөлүмгө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6.2-пункттун биринчи абзацында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;
- 6.3-пункттун 2-пунктчасында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;
- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "аймактык бөлүм" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 733 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (5)
- "Ата-эненин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 27.08.2011 · № 521
- "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын…Положение · 02.03.2010 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 "Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө…Постановление · 27.10.2015 · № 733
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин укуктарды…Постановление · 10.11.2025 · № 733
- Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелериПравила · 15.02.2011 · № 49 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 "Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө…Постановление · 27.10.2015 · № 733
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтомуПостановление · 02.03.2010 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин укуктарды…Постановление · 10.11.2025 · № 733
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөКодекс · 10.07.2012 · № 100
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 123 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 27 августа 2011 года №521 "Ата-эненин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга…Постановление · 27.08.2011 · № 521 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө "…Постановление · 15.02.2011 · № 49 · Күчүн жоготкон