Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Правительства КР «Ата-эненин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 27 октября 2015 года № 733 "Об утверждении Положения о порядке передачи детей на усыновление (удочерение) гражданам Кыргызской Республики и иностранным гражданам, а также Перечня заболеваний, при наличии которых лицо не может быть усыновителем, опекуном (попечителем) и приемным родителем"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-10-27.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 733 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 27-августу № 521 Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын балдарын - жарандарын асыроо жол-жобосун иретке келтирүү, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин жоболорун турмушка ашыруу жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартибин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жобо;
- адам ооруп калганда камкорчу (көзөмөлчү), багып алуучу ата-эне, асыроочу боло албай турган оорулардын тизмеси.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга ата-энесинен кароосуз калган балдарды берүүнүн эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 66-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 117 "Балдарды асырап алуу маселелери жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы № 521 токтому менен бекитилген
Адам ооруп калганда камкорчу (көзөмөлчү), багып алуучу ата-эне, асыроочу боло албай турган оорулардын ТИЗМЕСИ
Эгерде адам төмөнкү оорулар менен ооруп жүрсө камкорчу (көзөмөлчү), багып алуучу ата-эне, асыроочу боло албайт, алар:
- I, II диспансердик эсепке алынган бейтаптарда локализациянын бардык формаларындагы кургак учук (активдүү жана өнөкөт);
- бардык локализациядагы залалдуу онкологиялык оорулар;
- наркомания, токсикомания, алкоголизм;
- бейтаптар жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген болуп белгиленген тартипте таанылган психикалык оорулар;
- ички органдардын, нерв системасынын, таяныч-кыймылдатуучу аппараттын толук эмес ремиссия жана декомпенсация стадиясындагы өнөкөт узакка созулган оорулары;
- инфекциялык оорулар: өнөкөт вирустуу гепатит "В", "Д" формасы менен айкалышканда жана өнөкөт вирустук гепатит "С", толук айыкканга чейин;
- диспансердик эсепке алуудан чыгарганга чейин бардык катуу кармаган жана өнөкөт инфекциялык оорулар;
- ВИЧ-инфекциясы, СПИД;
- бул тизмеге кирбеген жана эмгекке жөндөмсүз кылган, I жана II топтогу майыптыкка алып келген бардык оорулар жана травмалар.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (11)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды асырап алуу боюнча чет…Положение · 27.08.2011 · № 522
- "Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо тартиби жөнүндө"…Положение · 06.12.2013 · № 660
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 "Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө…Постановление · 27.10.2015 · № 733
- "Ата-эненин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 27.08.2011 · № 521
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.05.2013 · № 263
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №771 "1993-жылдын 29-майында Гаага шаарында кабыл алынган Балдарды коргоо жана чет эл аралык асыроо жагында кызматташуу жөнүндө…Постановление · 30.12.2011 · № 771
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №11 "Балдарды асырап алуу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.02.2009 · № 117 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга ата-энесинен кароосуз…Постановление · 22.02.2006 · № 121 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 25-майындагы № 316 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 771 "1993-жылдын 29-майында Гаага шаарында кабыл…Постановление · 25.05.2012 · № 316
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 "Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө…Постановление · 27.10.2015 · № 733
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга ата-энесинен кароосуз…Постановление · 22.02.2006 · № 121 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №11 "Балдарды асырап алуу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.02.2009 · № 117 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябры № 743 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.10.2012 · № 743