Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-10-23.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 23-октябры № 741 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж., № 11, 508-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкү мазмундагы он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы; эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдүк-контролдук функцияларды ишке ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.".
2. 2-статьяда:
1) 3-бөлүгүндөгү "эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса" деген сөздөр "ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жобосу жайылтылат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-статьянын 4-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
3. 3-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"3-статья. Эмгекти коргоонун талаптары
Эмгектенип жаткан учурда кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган эрежелер, жол-жоболор жана чен-өлчөмдөр (мындан ары - эмгекти коргоо талабы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Эмгекти коргоо талаптары ушул Мыйзамдын 2-беренесинин экинчи бөлүгүндө белгиленген юридикалык жана жеке жактар тарабынан иштин кайсы түрү болбосун жүзөгө ашырууда, анын ичинде объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана пайдаланууга берүү, машиналарды, механизмдерди жана башка жабдууларды конструкциялоо, технологиялык процесстерди иштеп чыгуу, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруу учурунда камсыз кылынат.".
4. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5-статья. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө аткаруу бийлигинин органдарынын тутуму
Кыргыз Республикасында эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылат. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана контролдук-көзөмөлдөө функцияларын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.".
5. Мыйзам төмөнкү мазмундагы 5-1 жана 5-2-статьялар менен толукталсын:
"5-1-статья. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары
1. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктоо;
2) эмгекти коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо;
3) өз компетенциясынын чегинде эмгекти коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышын контролдоо.
5-2-статья. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
1. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) эмгекти коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылуу;
3) өндүрүштүк мертинүүлөрдүн жана кесиптик оорулардын абалын жана себептерин талдоого катышуу, аларды алдын-алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) кызматкерлердин эмгек укуктары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумуш берүүчүлөрдү жана кызматкерлерди эмгекти коргоо боюнча окутууга көмөк көрсөтүү.
2. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын жана эмгекти коргоо маселелери боюнча башка ченемдик укуктук актылардын сакталышын белгиленген тартипте көзөмөлдөө;
2) балдар эмгегинин пайдаланылышын белгиленген тартипте контролдоо;
3) аныкталган бузуулардын жагдайларын, себептерин талдоо, аларды четтетүү жана эмгекти коргоо чөйрөсүндө жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча контроль жүргүзүү;
4) менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандуулугуна карабастан өнөр жай коопсуздугу жана энергетикалык коопсуздук чөйрөсүндөгү билим маселелери боюнча кооптуу өндүрүш объекттеринин жана энергия менен камсыз кылуучу уюмдардын жетекчилеринин жана персоналынын билимдерин текшерүү.".
6. 6-статьянын сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- эмгекти коргоо чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын коомдук контролдоо органдары тарабынан өзүнүн жумуш ордунда эмгек шарттарын жана корголушун текшерүүнүн жүрүшү жөнүндө сурап билүүгө;".
7. 7-статьянын 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Эмгек келишиминде каралган эмгек шарттары эмгекти коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Эмгекти коргоо талаптары кызматкердин күнөөсүнө байланышпастан бузулушунун кесепетинен эмгекти коргоо чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иш токтотулган учурда анын иш орду (кызматы) жана орточо эмгек акысы сакталып калат.".
8. 9-статьяда:
1) 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
2) 4-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Уюмдагы эмгекти коргоо кызматынын түзүмү жана эмгекти коргоо кызматынын кызматкерлеринин саны иштегендердин санына, өндүрүштүн коркунучтуулугуна, зыяндуулук даражасына жана башка факторлорго жараша иш берүүчү тарабынан аныкталат. Эмгекти коргоо кызматы жөнүндө типтүү жобо жана эмгекти коргоо боюнча ишти уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
9. 10-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"10-статья. Иш берүүчүнүн эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча укуктары
Иш берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эмгек коопсуздугу жана гигиенасы боюнча эрежелерди же ченемдерди иштеп чыгуу же өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө, контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан маалымат, анын ичинде өздөрүнүн уюмунда өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн жана териштирүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат алууга;
- технологиялык жабдууларды орнотууда, чийки заттарды жана материалдарды пайдаланууда аларды өндүрүштүк коркунучтун мүмкүн болуучу булактары катары эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерүү, териштирүү жана экспертиза жүргүзүүгө;
- уюмдагы, ишканадагы эмгекти коргоого тиешелүү маселелерди карап жатканда эмгек шарттарына, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамсыз иштерине даттанууларды кароого жана текшерүүгө, ошондой эле эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлгөн кеңешмелерге катышууга;
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдерин мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;
- эмгекти коргоону башкарууда, үйрөтүүдө жана уюштурууда мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана көмөгүн алууга".
10. 11-статьянын 2-бөлүгүндө:
1) он төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды жана документтерди берүүгө;";
2) он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарын, ошондой эле коомдук контролдоо органдарынын өкүлдөрүн уюмдагы эмгек шарттарын жана корголушун текшерүү жана өндүрүштө болгон кырсыктарды жана кесиптик ооруларды иликтөө үчүн тоскоолдуксуз киргизүүгө;
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын тапшырмаларын аткаруу жана коомдук контролдоо органдарынын сунуштарын мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө кароого;".
11. 12-статьянын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- эмгекти коргоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого;".
12. 13-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"13-статья. Өндүрүштүк объекттердин жана продукциянын техникалык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келиши
Өндүрүштүк объекттердин, ошондой эле машиналардын, механизмдердин жана башка өндүрүштүк жабдуулардын, технологиялык процесстердин курулуш жана реконструкциялоо долбоорлору эмгекти коргоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык келүүгө тийиш. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн долбоорлордун эмгекти коргоо талаптарынын долбоорлоруна ылайык келиши жөнүндө эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусуз өндүрүштүк объекттерди курууга, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, жаңы техниканы өндүрүүгө жана ишке киргизүүгө, жаңы технологияларды ишке киргизүүгө тыюу салынат. Жаңы же реконструкциялануучу өндүрүштүк объекттер эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундуларысыз пайдаланууга кабыл алынбайт. Өндүрүштө зыяндуу же коркунучтуу заттарды, материалдарды, продукцияны, товарларды колдонууга жана тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келбеген кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат. Иш берүүчү жаңы, мурда уюмунда пайдаланылбаган зыяндуу же коркунучтуу заттарды пайдаланган учурда, аталган заттарды пайдаланганга чейин кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана аларды эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга милдеттүү. Машиналар, механизмдер жана башка өндүрүштүк жабдуулар, транспорттук каражаттар, технологиялык процесстер, материалдар жана химиялык заттар, кызматкерлердин жекелик жана жамааттык коргонуу каражаттары, анын ичинде чет өлкөдө чыгарылгандары тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.".
13. 17-статьяда:
1) 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Эмгекти коргоонун талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл жана контроль эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.";
2) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары өз милдеттерин аткарууда төмөнкү укуктарга ээ:";
3) 2-бөлүгүнүн онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- эмгекти коргоо талаптарынын бузулушуна күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле аталган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө материалдарды укук коргоо органдарына жиберүүгө;";
4) 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелишет.";
5) 4-бөлүгүндөгү "Мамлекеттик эмгек инспекторлору" деген сөздөр "Эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 19-статьянын 2-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгон учурларда ишти токтото туруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;".
15. 21-статьядагы "эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынын" деген сөздөр "эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 22-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү ар түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик эмгек инспекцияларынын жетекчилеринин жана мамлекеттик эмгек инспекторлорунун" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. 23-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"23-статья. Эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун натыйжасында уюмду жоюу же анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин токтотуу
Эмгек шарттарынын мамлекеттик экспертизасынын корутундусу бар болсо эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча соттун чечими менен уюм жоюлушу же уюмдун түзүмдүк бөлүнүшүнүн иши токтотулушу мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору КР юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында иштелип чыккан. Аткаруу бийлиги органдарынын административдик реформасын жүзөгө ашыруу үчүн Өкмөт тарабынан мамлекеттик органдардын функцияларын чектөө, ошондой эле Өкмөткө баш ийген административдик ведомстволордун жаңы түзүмүн аныктоо каралган эки негизги документ (2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 жана 2012-жылдын 12-январындагы № 12) кабыл алынган. Ушул административдик реформа мамлекетти өнүктүрүүнүн Премьер-министр тарабынан аныкталган артыкчылыктарына байланыштуу жүргүзүлүүдө, алар Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 23-декабрындагы токтому менен бекитилген Өкмөттүн программасында баяндалган. Учурда жүргүзүлүп жаткан административдик реформанын эң маанилүү кадамдарынын бири болуп мамлекеттик органдардын көзөмөлдүк кылуу функцияларын эки мамлекеттик инспекциялардын бирине өткөрүп берилиши эсептелет. Ушундан улам "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруучулук чаралары жөнүндө" Өкмөттүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 токтомунун 4-пунктуна ылайык кайрадан түзүлгөн эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин мамлекеттик эмгек инспекциясы эмгекти коргоо функциясы жагынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын курамына өткөрүлүп берилген. "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзам эмгекти коргоо тармагындагы ченемдик укуктук акт болуп эсептелгендиктен, сунушталган мыйзам долбоору аркылуу аны "эмгекти коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу жана көзөмөлдүктү жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" тутумун жана түшүнүгүн ачып берген жоболор менен толуктоо сунушталууда. Мындан тышкары эмгекти коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу жана көзөмөлдүктү жүргүзүү жаатында Өкмөт менен мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын ажыратып чектөө максатында ушул долбоор аркылуу "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамын 5-1- жана 5-2-беренелер менен толуктоо сунуш кылынат. Аталган органдардын аталышында жогорудагы жалпыланган аталыштардын колдонуу мыйзамдарга ушул жааттан түзөтүүлөрдү улам киргизүү зарылдыгынан кутултат, анткени мамлекеттик башкарууну реформалоонун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын аталыштары дагы эле өзгөрө бериши мүмкүн. Ошол эле мезгилде сунушталган мыйзам долбоору аркылуу аталган Мыйзамдын жоболорун Конституциянын 6-беренесине ылайык келтирүү сунушталууда, ага ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Ушундан улам долбоор аркылуу аталган Мыйзамдын 2-беренесине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Ошондой эле "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамды "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталат, анткени ага ылайык министрликтер жана ведомстволор ченемдик укуктук актыларды чыгаруу боюнча ыйгарым укуктарын жоготуп олтурушат. Ошону менен бирге өндүрүштүк объекттерге жана продукцияга талаптар техникалык регламенттерде чагылдырылууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен, ушул мыйзам долбоору аркылуу "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамдын 13-беренесин жогоруда айтылган талапка ылайык келтирүү сунуш кылынууда. Мындан тышкары долбоор аркылуу "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча редакциялык түзөтүүлөрдү киргизүү сунуш кылынат. Ошону менен бирге көрсөтүлгөн долбоорду коомдук талкуулоонун жүрүшүндө эч кандай сунуштардын жана сын-пикирлердин келип түшпөгөндүгүн белгилейбиз. Ошондой эле, ушул долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерин алып келбей тургандыгын айта кетүүгө болот. Мындан тышкары улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун жыйынтыгы боюнча сунушталган мыйзам долбоорундагы ченемдер колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгын белгилей кетебиз. Ал эми ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы каражаттарын талап кылбай тургандыгын кошумча билдире кетмекчибиз.
Министр
А.Шыкмаматов
"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Мурдагы редакциясы | Сунушталган редакция |
|---|---|
| 1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат: эмгекти коргоо - өзүнө укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруу-техникалык, санитардык-гигиеналык, дарылоо-профилактикалык, реабилитациялык жана башка чараларды камтуучу эмгек процессинин жүрүшүндө кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча чаралардын тутуму; эмгек шарттары - кызматкердин эмгекке жарамдуулугуна жана ден соолугуна таасир берүүчү өндүрүштүк чөйрө менен эмгек процессиндеги факторлордун жыйындысы; зыяндуу өндүрүштүк фактор - кызматкердин оорууга дуушар болушуна же эмгекке жарамдуулугунун төмөндөшүнө таасир берүүчү өндүрүштүк фактор; коркунучтуу өндүрүштүк фактор - кызматкерди жаракатка же күтүүсүздөн ден соолугунун кескин начарлашына, өлүмгө дуушар кылуучу өндүрүштүк фактор; коопсуз эмгек шарттары - иштеп жаткандарга зыяндуу же коркунучтуу таасири жок болбосо таасир этүү деңгээли белгиленген ченемден ашпаган эмгек шарттары; жумуш оруну - иштөөчүлөрдүн эмгек процессинде туруктуу же убактылуу орду; кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары - кызматкерлерге зыяндуу же коркунучтуу өндүрүштүк факторлордун таасирин болтурбоо же азайтуу, ошондой эле булгануудан коргоо үчүн пайдаланылуучу техникалык каражаттар; кызматкердин жекече коргонуу каражаттары - кызматкердин дем алуу, угуу, көрүү органдарын жана терисинин сыртын жагымсыз факторлордун таасиринен коргоого багытталган каражаттар; кесиптик оору - негизинен өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек процессинин жагымсыз шарттарынын таасиринен келип чыккан оору; кесиптик тобокелдик - өндүрүштүк чөйрө жана эмгек процессиндеги жагымсыз факторлордун кесепеттеринин натыйжасында ден соолукка зыян келтирүү мүмкүндүгүнүн өлчөмү; эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоо - айкын жумуш орунундагы эмгек процессинде ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды жүргүзүү же иштеген кызматкерлерге зыяндуу жана оор эмгек шарттары үчүн жеңилдиктер менен компенсацияларды берүү укугун тастыктоо же жокко чыгаруу үчүн адамдын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө таасир этүүчү өндүрүштүк чөйрө менен эмгек процессинин бардык факторлорунун эсебин алуу, талдоо жана комплекстүү баалоо тутуму; өндүрүштүк иш - керектүү эмгек куралдарын пайдалануу менен адамдардын өзүнө өндүрүштү жана ар түрдүү чийки заттарды кайра иштетүүнү, курулушту, ар кандай кызмат көрсөтүүнү камтыган ресурстарды даяр продукцияга айландыруу үчүн жасаган адамдардын иш-аракеттеринин жыйындысы; өндүрүштүк жаракат - кызматкердин, анын өндүрүштүк ишине байланыштуу ордуна, убактысына жана кызматкердин катышуу даражасына карабастан, алган кандай болбосун жаракаты. | 1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат: эмгекти коргоо - өзүнө укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруу-техникалык, санитардык-гигиеналык, дарылоо-профилактикалык, реабилитациялык жана башка чараларды камтуучу эмгек процессинин жүрүшүндө кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча чаралардын тутуму; эмгек шарттары - кызматкердин эмгекке жарамдуулугуна жана ден соолугуна таасир берүүчү өндүрүштүк чөйрө менен эмгек процессиндеги факторлордун жыйындысы; зыяндуу өндүрүштүк фактор - кызматкердин оорууга дуушар болушуна же эмгекке жарамдуулугунун төмөндөшүнө таасир берүүчү өндүрүштүк фактор; коркунучтуу өндүрүштүк фактор - кызматкерди жаракатка же күтүүсүздөн ден соолугунун кескин начарлашына, өлүмгө дуушар кылуучу өндүрүштүк фактор; коопсуз эмгек шарттары - иштеп жаткандарга зыяндуу же коркунучтуу таасири жок болбосо таасир этүү деңгээли белгиленген ченемден ашпаган эмгек шарттары; жумуш оруну - иштөөчүлөрдун эмгек процессинде туруктуу же убактылуу орду; кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары - кызматкерлерге зыяндуу же коркунучтуу өндүрүштүк факторлордун таасирин болтурбоо же азайтуу, ошондой эле булгануудан коргоо үчүн пайдаланылуучу техникалык каражаттар; кызматкердин жекече коргонуу каражаттары - кызматкердин дем алуу, угуу, көрүү органдарын жана терисинин сыртын жагымсыз факторлордун таасиринен коргоого багытталган каражаттар; кесиптик оору - негизинен өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек процессинин жагымсыз шарттарынын таасиринен келип чыккан оору; кесиптик тобокелдик - өндүрүштүк чөйрө жана эмгек процессиндеги жагымсыз факторлордун кесепеттеринин натыйжасында ден соолукка зыян келтирүү мүмкүндүгүнүн өлчөмү; эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоо - айкын жумуш орунундагы эмгек процессинде ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды жүргүзүү же иштеген кызматкерлерге зыяндуу жана оор эмгек шарттары үчүн жеңилдиктер менен компенсацияларды берүү укугун тастыктоо же жокко чыгаруу үчүн адамдын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө таасир этүүчү өндүрүштүк чөйрө менен эмгек процессинин бардык факторлорунун эсебин алуу, талдоо жана комплекстүү баалоо тутуму; өндүрүштүк иш - керектүү эмгек куралдарын пайдалануу менен адамдардын өзүнө өндүрүштү жана ар түрдүү чийки заттарды кайра иштетүүнү, курулушту, ар кандай кызмат көрсөтүүнү камтыган ресурстарды даяр продукцияга айландыруу үчүн жасаган адамдардын иш-аракеттеринин жыйындысы; өндүрүштүк жаракат - кызматкердин, анын өндүрүштүк ишине байланыштуу ордуна, убактысына жана кызматкердин катышуу даражасына карабастан, алган кандай болбосун жаракаты; ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА МАМИЛЕЛЕРДИ ЖӨНГӨ САЛУУГА ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН АТКАРУУ БИЙЛИГИ ОРГАНЫ; ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮК КЫЛУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮК ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРИЛГЕН АТКАРУУ БИЙЛИГИ ОРГАНЫ. |
| 2-статья. Эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана аны колдонуу чөйрөсү Эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинен, ушул Мыйзамдан жама Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат. Ушул Мыйзамдын иш-аракети төмөнкүлөргө караштуу: - иш берүүчүлөргө; - иш берүүчүлөр менен эмгектик мамиледе турган кызматкерлерге; - өздөрүнүн жеке эмгектик катышы аркылуу биргелешкен өндүрүштүк жана башка чарбалык иштерге катышкан кооперативдин мүчөлөрүнө; - өндүрүштүк практиканы өтөп жаткан же курулуш, айыл чарба жана башка жумуштарга тартылышкан кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын студенттерине, кесиптик башталгыч жана орто билим берүү уюмдарынын жана жалпы орто, жалпы негизги билим берүүчү уюмдардын окуучуларына; - бул уюмдардын кызматкери болуп саналбаган, майыптыктан кийин уюмга окууга же эмгектик реабилатациялоо максатында жиберилген адамдарга; - коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн уюштурулуучу эмгек ишмердигинин башка түрүнүн катышуучуларына; - уюмга иштөө үчүн жиберилген аскер кызматчыларына; - соттун өкүмү боюнча жазасын уюмдарда иштеп өтөп жүргөн жарандарга; - толугу менен же жарым-жартылай чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактарга таандык жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ишканаларда иштеп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына. Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттерде жалданып иштеген жарандарына, берүүчү мамлекеттин эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары жайылтылат, ал эми Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында турган уюмдарда иштөөчү чет өлкөлүк жарапдарга жана жарандуулугу жок адамдарга, Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо жөнүндөгү мыйзамдары жайылтылат, [эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса.] [Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде ушул мыйзамдагыдан башкача эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.] | 2-статья. Эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана аны колдонуу чөйрөсү Эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат. Ушул Мыйзамдын иш-аракети төмөнкүлөргө караштуу: - иш берүүчүлөргө; - иш берүүчүлөр менен эмгектик мамиледе турган кызматкерлерге; - өздөрүнүн жеке эмгектик катышы аркылуу биргелешкен өндүрүштүк жана башка чарбалык иштерге катышкан кооперативдин мүчөлөрүнө; - өндүрүштүк практиканы өтөп жаткан же курулуш, айыл чарба жана башка жумуштарга тартылышкан кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын студенттерине, кесиптик башталгыч жана орто билим берүү уюмдарынын жана жалпы орто, жалпы негизги билим берүүчү уюмдардын окуучуларына; - бул уюмдардын кызматкери болуп саналбаган, майыптыктан кийин уюмга окууга же эмгектик реабилитациялоо максатында жиберилген адамдарга; - коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн уюштурулуучу эмгек ишмердигинин башка түрүнүн катышуучуларына; - уюмга иштөө үчүн жиберилген аскер кызматчыларына; - соттун өкүмү боюнча жазасын уюмдарда иштеп өтөп жүргөн жарандарга; - толугу менен же жарым-жартылай чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактарга таандык жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ишканаларда иштеп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына. Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттерде жалданып иштеген жарандарына, берүүчү мамлекеттин эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары жайылтылат, ал эми Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында турган уюмдарда иштөөчү чет өлкөлүк жарандарга жана жарандуулугу жок адамдарга, Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо жөнүндөгү мыйзамдары жайылтылат, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН ЖАНА МЫЙЗАМДА АНЫКТАЛГАН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. |
| 3-статья. [Эмгекти коргоонун мамлекеттик ченемдик талаптары Эмгектенип жаткан учурда кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган эрежелер, жол-жоболор жана чен-өлчөмдөр, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында камтылган эмгекти коргоонун мамлекеттик ченемдик талаптары (мындан ары - эмгекти коргоо талаптары) менен белгиленет. Ушул Мыйзамдын 2-статьясынын экинчи бөлүгүндөгү эмгекти коргоо талаптары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан иш-аракеттин кайсы түрү болбосун жүзөгө ашырууда, анын ичинде объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана пайдаланууга берүү, машиналарды, механизмдерди жана башка жабдууларды конструкциялоо, технологиялык процесстерди иштеп чыгуу, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруу учурунда милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.] | 3-статья. ЭМГЕКТИ КОРГООНУН ТАЛАПТАРЫ ЭМГЕКТЕНИП ЖАТКАН УЧУРДА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ӨМҮРҮН ЖАНА ДЕН СООЛУГУН САКТООГО БАГЫТТАЛГАН ЭРЕЖЕЛЕР, ЖОЛ-ЖОБОЛОР ЖАНА ЧЕН-ӨЛЧӨМДӨР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАЛАПТАРЫ УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 2-БЕРЕНЕСИНИН ЭКИНЧИ БӨЛҮГҮНДӨ КӨРСӨТҮЛГӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР ЖАНА ЖЕКЕ АДАМДАР ТАРАБЫНАН ИШ-АРАКЕТТЕРДИН КАЙСЫ ТҮРҮН БОЛБОСУН ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУДА, АНЫН ИЧИНДЕ ОБЪЕКТТЕРДИ ДОЛБООРЛОО, КУРУУ, РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ЖАНА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРҮҮ, МАШИНАЛАРДЫ, МЕХАНИЗМДЕРДИ ЖАНА БАШКА ЖАБДУУЛАРДЫ КОНСТРУКЦИЯЛОО, ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ПРОЦЕССТЕРДИ ИШТЕП ЧЫГУУ, ӨНДҮРҮШТҮ ЖАНА ЭМГЕКТИ УЮШТУРУУ УЧУРУНДА КАМСЫЗ КЫЛЫНАТ. |
| 5-статья. [Эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасында эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдары тарабынан ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эмгекти коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзөт, министрликтер менен ведомстволордун иш-милдеттерин аныктайт, алардын сергек жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу боюнча иштерин координациялайт жана контролдойт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенцияларынын чегинде тиешелүү аймактарда эмгекти коргоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылышат.] | 5-статья. ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДАГЫ АТКАРУУ БИЙЛИГИНИН ОРГАНДАРЫНЫН ТУТУМУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЭМГЕКТИ КОРГООНУ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН ИШКЕ АШЫРЫЛАТ. ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛГАН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ТАРАБЫНАН ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛАТ. |
| 5-1-статья. ӨКМӨТТҮН ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ 1. ӨКМӨТТҮН ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫНА ТӨМӨНКҮЛӨР КИРЕТ: 1) ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТТЫ АНЫКТОО; 2) ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫ АНЫКТОО; 3) ӨЗ КОМПЕТЕНЦИЯСЫНЫН ЧЕГИНДЕ ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ АЛАРДЫН САКТАЛЫШЫНА КӨЗӨМӨЛДҮК ЖҮРГҮЗҮҮ. | |
| 5-2-статья. ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ 1. ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КОМПЕТЕНЦИЯСЫНА ТӨМӨНКҮЛӨР КИРЕТ: 1) ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ; 2) ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН ДОЛБООРЛОРУН ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА АЛАРДЫН ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛЫШЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ; 3) ӨНДҮРҮШТҮК МЕРТИНҮҮЛӨРДҮН ЖАНА КЕСИПТИК ООРУЛАРДЫН АБАЛЫН ЖАНА СЕБЕПТЕРИН ТАЛДООГО КАТЫШУУ, АЛАРДЫН АЛДЫН-АЛУУ БОЮНЧА СУНУШТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ; 4) КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЭМГЕК УКУКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНДҮРМӨ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮ, ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨРДҮ ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ЭМГЕКТИ КОРГОО БОЮНЧА ОКУТУУГА КӨМӨКТӨШҮҮ. 2. ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮК КЫЛУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КОМПЕТЕНЦИЯСЫНА ТӨМӨНКҮЛӨР КИРЕТ: 1) КӨРСӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖАНА ЭМГЕКТИ КОРГОО МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА БАШКА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН САКТАЛЫШЫН КӨЗӨМӨЛДӨӨ; 2) ТИЕШЕЛҮҮ ТАРТИПТЕ БАЛДАР ЭМГЕГИНИН ПАЙДАЛАНЫЛЫШЫНА КӨЗӨМӨЛДҮК ЖҮРГҮЗҮҮ; 3) АНЫКТАЛГАН МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРДЫН ЖАГДАЙЛАРЫН, СЕБЕПТЕРИН ТАЛДОО, АЛАРДЫ ЖОЮУ ЖАНА ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА ЖАРАНДАРДЫН БУЗУЛГАН УКУКТАРЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА КӨЗӨМӨЛДҮК ЖҮРГҮЗҮҮ; 4) МЕНЧИК ТҮРҮНӨ ЖАНА КИМДЕРГЕ БАШ ИЙҮҮДӨ ЭКЕНДИГИНЕ КАРАБАСТАН ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУ ЖАНА ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КООПСУЗДУК ТАРМАГЫНДАГЫ БИЛИМГЕ ЭЭ БОЛУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КОРКУНУЧТУУ ӨНДҮРҮШ ОБЪЕКТТЕРИНИН ЖАНА ЭНЕРГИЯ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУЧУ УЮМДАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН, ПЕРСОНАЛЫНЫН ЖАНА КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨРҮНҮН БИЛИМДЕРИН ТЕКШЕРҮҮ. | |
| 6-статья. Кызматкерлердин эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген шарттардагы эмгекке болгон укугу Ар бир кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу: - эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген жумуш орунга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүштөгү кырсыктардан жана кесиптик оорулардан милдеттүү социалдык камсыздандырууга; - жумуш орунундагы эмгекти коргоо жала анын шарттары жөнүндө, ден соолукка зыян келүү тобокелдигинин орун алгандыгы тууралу, ошондой эле зыяндуу жана коркунучтуу өндүрүштүк факторлордун таасиринен коргонуу жайлары жөнүндө иш берүүчүдөн, тиешелүү мамлекеттик органдардан жана коомдук уюмдардан такталган маалымат алууга; - кызматкерлердин эмгекти коргоо талаптарына ылайык жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары менен иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен камсыз болууга; - мыйзамда каралган учурлардан тышкары, эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун кесепетинен кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болгон учурда, мындай коркунуч четтетилгенге чейин жумушта иштөөдөн баш тартууга; - эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук талаптарына ылайык келбегендиктин кесепетинен жумуш орду жоюлган учурда, иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен кесиптик даярдыктан кайра өтүүгө; [- өзүнүн жумуш ордунда эмгекти коргоо талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдары же эмгекти коргоо талаптарынын сакталышына коомдук контролдоо органдары тарабынан эмгек шарттарына жана коргоого текшерүү жүргүзүүнү талап кылууга;] - эмгекти коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, иш берүүчүгө, иш берүүчүлөр бирикмелерине, ошондой эле кесиптик бирликтерге, алардын бирикмелерине жана кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдарына кайрылууга; - жеке катышууга же өзүнүн ишенимдүү адамдары аркылуу, анын жумуш ордунда коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга байланышкан маселелерди кароого, жана ал чалдыккан өндүрүштүк кырсыкты же кесиптик ооруну териштирүүгө катышууга; - медициналык сунуштоолорго ылайык көрсөтүлгөн медициналык кароодон, жумуш орду (кызматы) жана орточо эмгек акысы сакталуу менен, кезексиз медициналык кароодон (текшерүүдөн) өтүүгө; - эгерде ал эмгек шарттары оор жана катаал иштерде зыяндуу же коркунучтуу жумуштарда иштеген учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, жамааттык келишимде (макулдашууда), эмгек келишиминде (контрактта) белгиленген жеңилдиктерди жана компенсацияларды алууга. | 6-статья. Кызматкерлердин эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген шарттардагы эмгекке болгон укугу Ар бир кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу: - эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген жумуш орунга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүштөгү кырсыктардан жана кесиптик оорулардан милдеттүү социалдык камсыздандырууга; - жумуш орунундагы эмгекти коргоо жала анын шарттары жөнүндө, ден соолукка зыян келүү тобокелдигинин орун алгандыгы тууралу, ошондой эле зыяндуу жана коркунучтуу өндүрүштүк факторлордун таасиринен коргонуу жайлары жөнүндө иш берүүчүдөн, тиешелүү мамлекеттик органдардан жана коомдук уюмдардан такталган маалымат алууга; - кызматкерлердин эмгекти коргоо талаптарына ылайык жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары менен иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен камсыз болууга; - мыйзамда каралган учурлардан тышкары, эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун кесепетинен кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болгон учурда, мындай коркунуч четтетилгенге чейин жумушта иштөөдөн баш тартууга; - эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук талаптарына ылайык келбегендиктин кесепетинен жумуш орду жоюлган учурда, иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен кесиптик даярдыктан кайра өтүүгө; - ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮК ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ЖЕ ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАЛАПТАРЫНЫН САКТАЛЫШЫН КООМДУК КӨЗӨМӨЛДӨӨ ОРГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН ӨЗҮНҮН ЖУМУШ ОРДУНДА ЭМГЕК ШАРТТАРЫН ЖАНА КОРГОЛУШУН ТЕКШЕРҮҮНҮ ӨТКӨРҮЛҮШҮ ЖӨНҮНДӨ СУРОО-ТАЛАП КОЮУ; - эмгекти коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, иш берүүчүгө, иш берүүчүлөр бирикмелерине, ошондой эле кесиптик бирликтерге, алардын бирикмелерине жана кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдарына кайрылууга; - жеке катышууга же өзүнүн ишенимдүү адамдары аркылуу, анын жумуш ордунда коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга байланышкан маселелерди кароого, жана ал чалдыккан өндүрүштүк кырсыкты же кесиптик ооруну териштирүүгө катышууга; - медициналык сунуштоолорго ылайык көрсөтүлгөн медициналык кароодон, жумуш орду (кызматы) жана орточо эмгек акысы сакталуу менен, кезексиз медициналык кароодон (текшерүүдөн) өтүүгө; - эгерде ал эмгек шарттары оор жана катаал иштерде зыяндуу же коркунучтуу жумуштарда иштеген учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, жамааттык келишимде (макулдашууда), эмгек келишиминде (контрактта) белгиленген жеңилдиктерди жана компенсацияларды алууга. |
| 7-статья. Эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген шарттарда кызматкерлердин эмгекке болгон укуктук кепилдиктери Мамлекет эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген жана өндүрүштүк санитария шарттарында кызматкерлердин эмгекке болгон укугун коргоого кепилдик берет. [Эмгек келишиминде (контрактта) каралган эмгек шарттары, эмгекти коргоо боюнча мыйзамдык жана башка ченемдик актылардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун кесепетинен, эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдары тарабынан кызматкердин күнөөсүнө байланышпастан иш токтотулган учурда, анын жумуш орду (кызматы) жана орточо эмгек акысы сакталат.] Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болуудан улам, ал жумуш аткаруудан баш тартса, бул коркунуч четтетилгенге чейин иш берүүчү кызматкерге башка иш берүүгө милдеттүү. Эгерде объективдүү себептер боюнча башка иш берүү мүмкүн болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна болгон коркунуч четтетилгенге чейинки токтоп туруу убактысына иш берүүчү тарабынан акы төлөнүп берилет. Кызматкер жекече же жамааттык коргонуу каражаттары (ченемдерге ылайык) менен камсыз болбогон учурда, иш берүүчү кызматкердин эмгек милдеттерин аткарууну талап кылууга укуксуз жана ушул себептерге байланыштуу токтоп калуу убактысы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөп берүүгө милдеттүү. Кызматкер, эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун болбосо эмгек келишиминде (контрактта) каралбаган эмгек шарттары оор жана зыяндуу же коркунучтуу иштерди аткаруунун кесепетинен анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болгон учурда иш аткаруудан баш тартса, бул учурда аны дисциплинардык жоопкерчиликке тартууга, болбосо иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин (контрактты) бузууга алып келбейт. Эмгек милдеттерин аткаруу мезгилинде кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келген учурда, келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо мыйзамдарынын бузулушун алдын-алуу жана четтетүү максатында мамлекет эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жагын уюштурууну жана жүзөгө ашырууну камсыз кылат жана көрсөтүлгөн талаптарды бузгандык үчүн иш берүүчү менен кызмат адамдарынын жоопкерчилигин белгилейт. | 7-статья. Эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген шарттарда кызматкерлердин эмгекке болгон укуктук кепилдиктери Мамлекет эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген жана өндүрүштүк санитария шарттарында кызматкерлердин эмгекке болгон укугун коргоого кепилдик берет. ЭМГЕК КЕЛИШИМИНДЕ КАРАЛГАН ЭМГЕК ШАРТТАРЫ ЭМГЕКТИ КОРГОО БОЮНЧА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН ТАЛАПТАРЫНА ЖООП БЕРҮҮГӨ ТИЙИШ. ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАЛАПТАРЫ БУЗУЛГАНДЫГЫНАН УЛАМ ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮК ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ТАРАБЫНАН ИШ ТОКТОТУЛГАН УБАКТА ЭГЕРДЕ МЫНДА КЫЗМАТКЕРДИН КҮНӨӨСҮ БОЛБОСО, АНЫН ИШ ОРДУ (КЫЗМАТЫ) ЖАНА ОРТОЧО ЭМГЕК АКЫСЫ САКТАЛЫП КАЛАТ. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болуудан улам, ал жумуш аткаруудан баш тартса, бул коркунуч четтетилгенге чейин иш берүүчү кызматкерге башка иш берүүгө милдеттүү. Эгерде объективдүү себептер боюнча башка иш берүү мүмкүн болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна болгон коркунуч четтетилгенге чейинки токтоп туруу убактысына иш берүүчү тарабынан акы төлөнүп берилет. Кызматкер жекече же жамааттык коргонуу каражаттары (ченемдерге ылайык) менен камсыз болбогон учурда, иш берүүчү кызматкердин эмгек милдеттерин аткарууну талап кылууга укуксуз жана ушул себептерге байланыштуу токтоп калуу убактысы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөп берүүгө милдеттүү. Кызматкер, эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун болбосо эмгек келишиминде (контрактта) каралбаган эмгек шарттары оор жана зыяндуу же коркунучтуу иштерди аткаруунун кесепетинен анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болгон учурда иш аткаруудан баш тартса, бул учурда аны дисциплинардык жоопкерчиликке тартууга, болбосо иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин (контрактты) бузууга алып келбейт. Эмгек милдеттерин аткаруу мезгилинде кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келген учурда, келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо мыйзамдарынын бузулушун алдын-алуу жана четтетүү максатында мамлекет эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жагын уюштурууну жана жүзөгө ашырууну камсыз кылат жана көрсөтүлгөн талаптарды бузгандык үчүн иш берүүчү менен кызмат адамдарынын жоопкерчилигин белгилейт. |
| 9-статья. Эмгекти коргоо кызматы Кызматкерлеринин саны 50дөн ашкан өндүрүштүк иш жүргүзүүчү ар бир уюмда эмгекти коргоону жана өндүрүштүк санитария талаптарын сактоону, анын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында эмгекти коргоо кызматы түзүлөт же бул жаатында тиешелүү даярдыгы же иш тажрыйбасы бар эмгекти коргоо адисинин кызматы киргизилет. [Эмгекти коргоо кызматы статусу боюнча уюмдун жана ишкананын негизги кызматтарына теңдештирилет.] 50 жана андан кем кызматкерлери бар уюмдарда эмгекти коргоо кызматын түзүү же эмгекти коргоо боюнча адистин кызматын киргизүү, бул уюмдун өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен иш берүүчү тарабынан кабыл алынат. Уюмда эмгекти коргоо кызматы (эмгекти коргоо боюнча адис) жок болгон учурда, иш берүүчү адистер же эмгекти коргоо жаатында кызмат көрсөтүүчү уюмдар менен келишим түзө алат. [Уюмдагы эмгекти коргоо кызматынын түзүмү жана эмгекти коргоо кызматындагы кызматкерлердин саны, иштөөчүлөрдүн санына, өндүрүштүн коркунучтуулугуна, зыяндуулук даражасына жана башка факторлорго жараша эмгекти коргоо маселелерин кароочу республикалык аткаруу бийлик органы тарабынан бекитилүүчү Тармактар аралык ченемдерге ылайык эмгектик коргоо кызматынын кызматкерлеринин саны иш берүүчү тарабынан аныкталат.] | 9-статья. Эмгекти коргоо кызматы Кызматкерлеринин саны 50дөн ашкан өндүрүштүк иш жүргүзүүчү ар бир уюмда эмгекти коргоону жана өндүрүштүк санитария талаптарын сактоону, анын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында эмгекти коргоо кызматы түзүлөт же бул жаатында тиешелүү даярдыгы же иш тажрыйбасы бар эмгекти коргоо адисинин кызматы киргизилет. 50 жана андан кем кызматкерлери бар уюмдарда эмгекти коргоо кызматын түзүү же эмгекти коргоо боюнча адистин кызматын киргизүү, бул уюмдун өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен иш берүүчү тарабынан кабыл алынат. Уюмда эмгекти коргоо кызматы (эмгекти коргоо боюнча адис) жок болгон учурда, иш берүүчү адистер же эмгекти коргоо жаатында кызмат көрсөтүүчү уюмдар менен келишим түзө алат. УЮМДАГЫ ЭМГЕКТИ КОРГОО КЫЗМАТЫНЫН ТҮЗҮМҮ ЖАНА ЭМГЕКТИ КОРГОО КЫЗМАТЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН САНЫ ИШТЕГЕНДЕРДИН САНЫНА, ӨНДҮРҮШТҮН КОРКУНУЧТУУЛУГУНА, ЗЫЯНДУУЛУК ДАРАЖАСЫНА ЖАНА БАШКА ФАКТОРЛОРГО ЖАРАША ИШ БЕРҮҮЧҮ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. ЭМГЕКТИ КОРГОО КЫЗМАТЫ ЖӨНҮНДӨ ТИПТҮҮ ЖОБО ЖАНА ЭМГЕКТИ КОРГОО БОЮНЧА ИШТИ УЮШТУРУУ ТАРТИБИ ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. |
| 10-статья. Иш берүүчүнүн эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча укуктары [Иш берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу: - эмгекти коргоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органына коопсуздук боюнча эрежелерди же ченемдерди жана эмгек гигиенасын иштеп чыгуу же өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө; - эмгекти коргоонун мамлекеттик башкаруу органдарынан жана эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөчү жана контролдоочу мамлекеттик органдардан, ошону менен бирге анын уюмунда өткөрүлгөн текшерүүлөр менен териштирүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө маалымат алууга; - технологиялык жабдууларды орнотуу, сырьелор менен материалдарды пайдалануу учурунда, аларды өндүрүштүк коркунуч туудуруунун булагы катары эмгекти коргоонун мамлекеттик башкаруу жана эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөчү жана контролдоочу органдары тарабынан текшертүүлөрдү, териштирүүлөрдү жана экспертизалоолорду өткөртүүгө; - анын уюмундагы, ишканасындагы эмгекти коргоого тиешелүү маселелер каралып жатканда эмгек шарттары жана эмгекти коргоо маселелериндеги мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамсыз аракеттеринин үстүнөн даттанууларды кароодо, текшерүүдө, ошондой эле эмгекти коргоонун мамлекеттик башкаруу органдары жана эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөчү жана контролдоочу мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлгөн кеңешмелерге катышууга; - эмгекти коргоонун мамлекеттик башкаруу органдарынын жана эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөчү жана контролдоочу мамлекеттик органдардын үстүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга; - башкарууда, окутууда жана эмгекти коргоону уюштурууда мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн жана көмөгүнөн пайдаланууга.] | 10-статья. Иш берүүчүнүн эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча укуктары ИШ БЕРҮҮЧҮ ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ УКУКТУУ: - ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНГА ЭМГЕК КООПСУЗДУГУ ЖАНА ГИГИЕНАСЫ БОЮНЧА ЭРЕЖЕЛЕРДИ ЖЕ ЧЕНЕМДЕРДИ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖЕ ӨЗГӨРТҮҮ ЖӨНҮНДӨ СУНУШТАРДЫ КИРГИЗҮҮГӨ; - ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДАН МААЛЫМАТ, АНЫН ИЧИНДЕ ӨЗДӨРҮНҮН УЮМУНДА ӨТКӨРҮЛГӨН ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮН ЖАНА ТЕРИШТИРҮҮЛӨРДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ АЛУУГА; - ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ЖАБДУУЛАРДЫ ОРНОТУУДА ЖАНА ЧИЙКИ ЗАТТАРДЫ ЖАНА МАТЕРИАЛДАРДЫ ПАЙДАЛАНУУДА АЛАРДЫ ӨНДҮРҮШТҮК КОРКУНУЧТУН МҮМКҮН БОЛУУЧУ БУЛАКТАРЫ КАТАРЫ ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ТАРАБЫНАН ТЕКШЕРТҮҮДӨН, ТЕРИШТИРҮҮДӨН ӨТКӨРТҮҮГӨ; - ЭМГЕК ШАРТТАРЫНА, АТКАРУУ БИЙЛИГИНИН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН МЫЙЗАМСЫЗ ИШТЕРИНЕ ДАТТАНУУЛАРДЫ, ӨЗҮНҮН УЮМУНДА, ИШКАНАСЫНДА ЭМГЕКТИ КОРГООГО ТИЕШЕЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРДИ ТЕКШЕРҮҮГӨ, КАРООГО, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ТАРАБЫНАН ӨТКӨРҮЛГӨН КЕҢЕШМЕЛЕРГЕ КАТЫШУУГА; - МЫЙЗАМДА АНЫКТАЛГАН ТАРТИПТЕ ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА САЯСАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ЧЕЧИМДЕРИ БОЮНЧА ДАТТАНУУГА; - ЭМГЕКТИ КОРГООНУ БАШКАРУУДА, ҮЙРӨТҮҮДӨ ЖАНА УЮШТУРУУДА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮСҮНӨ ЖАНА КӨМӨКТӨШҮҮСҮНӨ. |
| 11-статья. Коопсуз эмгек шарттарын жана эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча иш берүүчүнүн милдеттери Уюмда коопсуз эмгек шарттарын жана эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча милдеттер иш берүүчүгө жүктөлөт. Иш берүүчү төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү: - имараттарды, курулуштарды, жабдууларды технологиялык процесстерди ишке ашырууда, ошондой эле өндүрүштө колдонулуучу чийки заттар менен материалдардын пайдаланууда кызматкерлердин коопсуздугун; - кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын пайдалануусун; - ар бир жумуш орунунда эмгекти коргоо талаптарына ылайык эмгек шарттарын; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлердин эмгек жана эс алуу режимин; - зыяндуу же коркунучтуу эмгек шарттарында, ошондой эле бөтөнчө температуралык шарттарда аткарылуучу же булганууга байланышкан жумуштарда иштешкен кызматкерлерге белгиленген ченемдерге ылайык атайын кийим, атайын бут кийим жана башка жекече коргонуу каражаттарын, сүт жана башкаларга тете тамак-аш азыктарын, жууп-тазалоочу жана зыянсыздандыруучу каражаттарды өз каражаттарынын эсебинен сатып алууга жана берүүгө; - иш аткаруунун коопсуз усулдарын жана окутууга, эмгекти коргоо боюнча нусколоого, кызматкерлерди жумуш орундарында стажировкалоого жана алардын эмгекти коргоо эрежелери менен ченемдери боюнча билимин текшерүүгө; - белгиленген тартипте окуудан, нускоодон, стажировкадан жана эмгекти коргоо талаптары боюнча билимин текшерүүдөн өтпөгөн, ошондой эле талап кылынуучу жекече коргонуу каражаттарын пайдаланбаган адамдарды ишке киргизбөөгө; - жумуш орундарындагы эмгек шарттарынын абалына, ошондой эле кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонуусуна контролдукту уюштурууга; - эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын, кийин уюмда эмгекти коргоо боюнча иштерди сертификациялоо менен аттестация жүргүзүүгө; - кызматкерлерди өз каражаттарынын эсебинен милдеттүү түрдө алдын-ала (ишке кирерде) жана мезгил-мезгили менен (иш процессинин жүрүшүндө) медициналык кароодон (текшерүүдөн), медициналык сунуштоолорго ылайык кезексиз медициналык кароодон (текшерүүдөн) өткөрүүгө, алардын өтүнүчү боюнча жумуш ордун (кызматын) жана орточо эмгек акысын, аталган медициналык кароодон өтүү учурунда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сактоого; - кызматкерлерди милдеттүү медициналык кароодон өтмөйүнчө, ошондой эле медициналык каршы көрсөтмөсү болгон учурда, алардын эмгек милдеттерин аткарууга киргизбөөгө; - кызматкерлерге, жумуш орундагы эмгек шарттары жана эмгекти коргоо, ден соолугуна келүүчү коркунучтуу зыяндар, жана аларга тиешелүү компенсациялар жана жекече коргонуу каражаттары жөнүндө маалымат берүүгө; [- эмгекти коргоонун мамлекеттик башкаруу органдарына, эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарына, алардын өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл маалыматтар менен документтерди берүүгө;] - кырсыктуу жагдайларды болтурбоо, мындай жагдайлар болгон учурларда кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо, анын ичинде жапа чеккендерге биринчи жардам көрсөтүү чараларын көрүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгилеген тартипте өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик ооруларды териштирүүгө; - эмгекти коргоо талаптарына ылайык кызматкерлерди санитардык-тиричилик жана дарылоо-профилактикалык жагынан тейлөөгө; [- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын, ошондой эле коомдук контроль органдарынын өкүлдөрүн уюмдагы эмгектин шарттарын жана аны коргоону текшерүү жана өндүрүштөгү кырсыктар менен кесиптик ооруларды териштирүү үчүн тоскоолдуксуз киргизүүгө;] [- эмгекти коргоо талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынын кызмат адамдарынын жолдомокат аткарууга жана коомдук контролдоо органдарынын сунуштамаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө кароого;] - кызматкерлерди өндүрүштөгү кырсыктардан жана кесиптик оорулардан милдеттүү социалдык камсыздандырууга; - кызматкерлерди эмгекти коргоо талаптары менен тааныштырууга; - мамлекеттик статистика органдарына шарттардын абалы, эмгекти коргоо жана өндүрүштүк жаракаттар жөнүндө бекитилген мамлекеттик статистикалык отчет берүүгө. | 11-статья. Коопсуз эмгек шарттарын жана эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча иш берүүчүнүн милдеттери Уюмда коопсуз эмгек шарттарын жана эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча милдеттер иш берүүчүгө жүктөлөт. Иш берүүчү төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү: - имараттарды, курулуштарды, жабдууларды технологиялык процесстерди ишке ашырууда, ошондой эле өндүрүштө колдонулуучу чийки заттар менен материалдардын пайдаланууда кызматкерлердин коопсуздугун; - кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын пайдалануусун; - ар бир жумуш орунунда эмгекти коргоо талаптарына ылайык эмгек шарттарын; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлердин эмгек жана эс алуу режимин; - зыяндуу же коркунучтуу эмгек шарттарында, ошондой эле бөтөнчө температуралык шарттарда аткарылуучу же булганууга байланышкан жумуштарда иштешкен кызматкерлерге белгиленген ченемдерге ылайык атайын кийим, атайын бут кийим жана башка жекече коргонуу каражаттарын, сүт жана башкаларга тете тамак-аш азыктарын, жууп-тазалоочу жана зыянсыздандыруучу каражаттарды өз каражаттарынын эсебинен сатып алууга жана берүүгө; - иш аткаруунун коопсуз усулдарын жана окутууга, эмгекти коргоо боюнча нусколоого, кызматкерлерди жумуш орундарында стажировкалоого жана алардын эмгекти коргоо эрежелери менен ченемдери боюнча билимин текшерүүгө; - белгиленген тартипте окуудан, нускоодон, стажировкадан жана эмгекти коргоо талаптары боюнча билимин текшерүүдөн өтпөгөн, ошондой эле талап кылынуучу жекече коргонуу каражаттарын пайдаланбаган адамдарды ишке киргизбөөгө; - жумуш орундарындагы эмгек шарттарынын абалына, ошондой эле кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонуусуна контролдукту уюштурууга; - эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын, кийин уюмда эмгекти коргоо боюнча иштерди сертификациялоо менен аттестация жүргүзүүгө; - кызматкерлерди өз каражаттарынын эсебинен милдеттүү түрдө алдын-ала (ишке кирерде) жана мезгил-мезгили менен (иш процессинин жүрүшүндө) медициналык кароодон (текшерүүдөн), медициналык сунуштоолорго ылайык кезексиз медициналык кароодон (текшерүүдөн) өткөрүүгө, алардын өтүнүчү боюнча жумуш ордун (кызматын) жана орточо эмгек акысын, аталган медициналык кароодон өтүү учурунда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сактоого; - кызматкерлерди милдеттүү медициналык кароодон өтмөйүнчө, ошондой эле медициналык каршы көрсөтмөсү болгон учурда, алардын эмгек милдеттерин аткарууга киргизбөөгө; - кызматкерлерге, жумуш орундагы эмгек шарттары жана эмгекти коргоо, ден соолугуна келүүчү коркунучтуу зыяндар, жана аларга тиешелүү компенсациялар жана жекече коргонуу каражаттары жөнүндө маалымат берүүгө; - ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНГА АЛ ӨЗҮНҮН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН АТКАРЫШЫ ҮЧҮН ЗАРЫЛ МААЛЫМАТТАРДЫ ЖАНА ДОКУМЕНТТЕРДИ БЕРҮҮ; - кырсыктуу жагдайларды болтурбоо, мындай жагдайлар болгон учурларда кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо, анын ичинде жапа чеккендерге биринчи жардам көрсөтүү чараларын көрүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгилеген тартипте өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик ооруларды териштирүүгө; - эмгекти коргоо талаптарына ылайык кызматкерлерди санитардык-тиричилик жана дарылоо-профилактикалык жагынан тейлөөгө; - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫК ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КООМДУК КӨЗӨМӨЛДӨӨ ОРГАНДАРЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮН УЮМГА ЭМГЕК ШАРТТАРЫН ЖАНА КОРГОЛУШУН ТЕКШЕРҮҮНҮ ЖАНА ӨНДҮРҮШТӨ БОЛГОН КЫРСЫКТАРДЫ ЖАНА КЕСИПТИК ООРУЛАРДЫ ТЕРИШТИРҮҮНҮ ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН ТОСКООЛДУКСУЗ КИРГИЗҮҮ; - ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН КӨРСӨТМӨЛӨРҮН АТКАРУУ ЖАНА КООМДУК КӨЗӨМӨЛДӨӨ ОРГАНДАРЫНЫН СУНУШТАРЫН МЫЙЗАМДАРДА АНЫКТАЛГАН ТАРТИПТЕ КАРОО; - кызматкерлерди өндүрүштөгү кырсыктардан жана кесиптик оорулардан милдеттүү социалдык камсыздандырууга; - кызматкерлерди эмгекти коргоо талаптары менен тааныштырууга; - мамлекеттик статистика органдарына шарттардын абалы, эмгекти коргоо жана өндүрүштүк жаракаттар жөнүндө бекитилген мамлекеттик статистикалык отчет берүүгө. |
| 12-статья. Кызматкердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттери Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү: [- эмгекти коргоо жана өндүрүштүк санитария талаптарын сактоого;] - иш берүүчү тарабынан белгиленген Эмгектик ички тартип эрежелерин сактоого; - жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонууга; - иштерди аткаруунун коопсуз усулдары менен ыктарын окуп-үйрөнүүгө, эмгекти коргоо боюнча нускоодон, жумуш орунунда стажировкадан жана эмгекти коргоо эрежелери жана ченемдери боюнча билимин текшерүүдөн өтүүгө; - адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кандай гана кырдаал болбосун, өндүрүштө болуп өткөн ар бир кырсык жөнүндө, же өзүнүн ден соолугунун начарлашы тууралу, анын ичинде кесиптик оорунун курч мүнөздөгү белгилеринин пайда болушу жөнүндө түздөн-түз өзүнүн же жогоруда турган жетекчисине ошол замат билдирүүгө; - алдын-ала (ишке кирерде) же мезгилдүү (иштин жүрүшүндө) медициналык кароолордон (текшерүүлөрдөн) милдеттүү түрдө өтүүгө. | 12-статья. Кызматкердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттери Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү: - ЭМГЕК КОРГОО МАСЕЛЕЛЕРИН ЖӨНГӨ САЛГАН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН ТАЛАПТАРЫН САКТОО; - иш берүүчү тарабынан белгиленген Эмгектик ички тартип эрежелерин сактоого; - жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонууга; - иштерди аткаруунун коопсуз усулдары менен ыктарын окуп-үйрөнүүгө, эмгекти коргоо боюнча нускоодон, жумуш орунунда стажировкадан жана эмгекти коргоо эрежелери жана ченемдери боюнча билимин текшерүүдөн өтүүгө; - адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кандай гана кырдаал болбосун, өндүрүштө болуп өткөн ар бир кырсык жөнүндө, же өзүнүн ден соолугунун начарлашы тууралу, анын ичинде кесиптик оорунун курч мүнөздөгү белгилеринин пайда болушу жөнүндө түздөн-түз өзүнүн же жогоруда турган жетекчисине ошол замат билдирүүгө; - алдын-ала (ишке кирерде) же мезгилдүү (иштин жүрүшүндө) медициналык кароолордон (текшерүүлөрдөн) милдеттүү түрдө өтүүгө. |
| 13-статья. [Өндүрүштүк объекттердин жана продукциянын эмгекти коргоо талаптарына ылайык келиши Өндүрүштүк объекттердин, ошондой эле машиналардын, механизмдердин жана башка өндүрүштүк жабдуулардын, технологиялык процесстердин курулуш жана реконструкциялоо долбоорлору эмгекти коргоо жана өндүрүштүк санитария талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн долбоорлордун эмгекти коргоо талаптарына ылайык келиши жөнүндө эмгек шарттарын Мамлекеттик экспертиза органдарынын корутундусуз, ошондой эле эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча тиешелүү органдардын уруксатысыз өндүрүштүк объекттерди куруу, реконструкциялоо, техникалык жактан кайрадан жабдуу, өндүрүү жака жаңы техника менен технологияларды киргизүүгө тыюу салынат. Жаңы же реконструкциялануучу өндүрүштүк объекттер, тиешелүү эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынын корутундусуз пайдаланууга берилбөөгө тийиш. Өндүрүштө усулдугу жана метрологиялык контролдоо каражаты иштелип чыкпаган жана уулануу (санитардык-гигиеналык, медико-биологиялык) даражасы аныкталбаган зыяндуу жана коркунучтуу заттарды, материалдарды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдө колдонууга тыюу салынат. Иш берүүчү жаңы, мурда уюмда колдонулбаган зыяндуу жана коркунучтуу заттарды пайдаланган учурда, аталган заттарды пайдаланганга чейин кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана эмгекти коргоо талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдары менен макулдашууга милдеттүү. Машиналар, механизмдер жана башка өндүрүштүк жабдуулар, транспорттук каражаттар, технологиялык процесстер, материалдар жана химиялык заттар, кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары, анын ичинде чет өлкөдөн чыгарылгандары, Кыргыз Республикасында белгиленген эмгекти коргоо талаптарына ылайык келүүгө жана ылайыктуулук сертификаты болууга тийиш.] | 13-статья. ӨНДҮРҮШТҮК ОБЪЕКТТЕРДИН ЖАНА ПРОДУКЦИЯНЫН ТЕХНИКАЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК КЕЛИШИ ӨНДҮРҮШТҮК ОБЪЕКТТЕРДИН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ МАШИНАЛАРДЫН, МЕХАНИЗМДЕРДИН ЖАНА ӨНДҮРҮШТҮК БАШКА ЖАБДУУЛАРДЫН, ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ПРОЦЕССТЕРДИН КУРУЛУШ ЖАНА РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ДОЛБООРЛОРУ ЭМГЕКТИ КОРГОО МАСЕЛЕЛЕРИН ЖӨНГӨ САЛГАН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРГА ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮГӨ ТИЙИШ. УШУЛ БЕРЕНЕНИН БИРИНЧИ БӨЛҮГҮНДӨ КӨРСӨТҮЛГӨН ДОЛБООРЛОРДУН ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАЛАПТАРЫНА ТӨП КЕЛИШИ ЖӨНҮНДӨ ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КОРУТУНДУСУЗ ӨНДҮРҮШТҮК ОБЪЕКТТЕРДИ КУРУУГА, РЕКОНСТРУКЦИЯЛООГО, ТЕХНИКАЛЫК ЖАКТАН КАЙРА ЖАБДУУГА, ЖАҢЫ ТЕХНИКАНЫ ӨНДҮРҮҮГӨ ЖАНА ӨНДҮРҮШКӨ КИРГИЗҮҮГӨ, ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ӨНДҮРҮШКӨ КИРГИЗҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ. ЖАҢЫ ЖЕ РЕКОНСТРУКЦИЯЛАНГАН ӨНДҮРҮШТҮК ОБЪЕКТТЕР ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КОРУТУНДУЛАРЫСЫЗ ПАЙДАЛАНУУГА КАБЫЛ АЛЫНБАЙТ. ӨНДҮРҮШТӨ ЗЫЯНДУУ ЖЕ КОРКУНУЧТУУ ЗАТТАРДЫ, МАТЕРИАЛДАРДЫ, ПРОДУКЦИЯНЫ, ТОВАРЛАРДЫ КОЛДОНУУГА ЖАНА ТИЕШЕЛҮҮ ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТТЕРДЕ КӨРСӨТҮЛГӨН ТИЕШЕЛҮҮ ТАЛАПТАРГА ЫЛАЙЫК КЕЛБЕГЕН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ. ИШ БЕРҮҮЧҮ ӨЗ УЮМУНДА МУРДА ПАЙДАЛАНЫЛБАГАН ЖАңЫ, ЗЫЯНДУУ ЖЕ КОРКУНУЧТУУ ЗАТТАРДЫ ПАЙДАЛАНГАН УЧУРДА АТАЛГАН ЗАТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУДАН МУРДА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ӨМҮРҮН ЖАНА ДЕН СООЛУГУН САКТОО БОЮНЧА ЧАРАЛАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУГА ЖАНА АЛАРДЫ ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН МЕНЕН МАКУЛДАШУУГА МИЛДЕТТҮҮ. МАШИНАЛАР, МЕХАНИЗМДЕР ЖАНА ӨНДҮРҮШТҮК БАШКА ЖАБДУУЛАР, ТРАНСПОРТТУК КАРАЖАТТАР, ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ПРОЦЕССТЕР, МАТЕРИАЛДАР ЖАНА ХИМИЯЛЫК ЗАТТАР, КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЖЕКЕЛИК ЖАНА ЖАМААТТЫК КОРГОНУУ КАРАЖАТТАРЫ, АКЫН ИЧИНДЕ ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ЧЫГАРЫЛГАНДАРЫ ТИЕШЕЛҮҮ ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТТЕРДЕ КӨРСӨТҮЛГӨН ТАЛАПТАРГА ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮГӨ ТИЙИШ. |
| 17-статья. Мамлекеттик көзөмөл жана контроль [Эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик эмгек инспекциясынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.] [Мамлекеттик эмгек инспекторлору өз милдеттерин аткарууда төмөнкү укуктарга ээ:] - белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрүн жана белгиленген үлгүдөгү текшерүү жүргүзүүгө жолдомосу менен бардык укуктук-уюштуруу формаларындагы, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдарды инспекция жүргүзүү максатында тоскоолдуксуз кирүүгө; - уюмдардын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, аткаруу бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, иш берүүчүлөрдүн көзөмөлдөө жана контролдоо иштерин аткарууга зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды суратууга жана кайтарымсыз алууга; - пайдаланылуучу жана иштетилүүчү материалдар менен заттардын үлгүлөрүн анализ үчүн алып коюуга; - белгиленген тартипте өндүрүштөгү кырсыктарды териштирүүгө; - уюмдардын жетекчилерине жана башка кызмат адамдарына эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын бузулушун четтетүү тууралу, көрсөтүлгөн бузууларга күнөөлүүлөр тартип жоопкерчилигине тартуу же аларды белгиленген тартипте кызматтан четтетүү жөнүндө аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө; - кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч түзгөн эмгекти коргоо талаптарынын бузулушу байкалганда, мыйзамда белгиленген тартипте көрсөтүлгөн бузуулар четтетилгенге чейин, уюмдардын, айрым өндүрүштүк бөлүмдөрдүн жана жабдуулардын ишин убактылуу токтотууга; - белгиленген тартипте иш аткаруунун коопсуз усулдары менен ыктары окуп-үйрөтүүдөн, эмгекти коргоо боюнча нускоодон, жумуш орундарында стажировкадан өтпөгөн адамдарды иштен четтетүүгө; - ылайыктуулук сертификаты болбогон же эмгекти коргоо талаптарына ылайык келбеген кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын өндүрүштө пайдаланууга жана өндүрүүгө тыюу салууга; [- эмгекти коргоо талаптарын бузган күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жоопкерчиликке тартууга, зарыл учурда өндүрүштөгү иштерге жана материалдарга байланыштуу эмгек инспекциясына чакырууга, ошондой эле аталган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтүүгө;] - сотто эмгекти коргоо мыйзамдарын бузуу жана өндүрүштө кызматкердин ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү доо боюнча эксперт катары чыгууга. [Мамлекеттик эмгек инспекторлору мамлекеттик кызматчы болуп саналышат.] [Мамлекеттик эмгек инспекторлору] мыйзамга каршы аракеттери же аракетсиздиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. | 17-статья. Мамлекеттик көзөмөл жана контроль ЭМГЕКТИ КОРГООНУН ТАЛАПТАРЫНЫН АТКАРЫЛЫШЫНА МАМЛЕКЕТТИК КӨЗӨМӨЛДҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫ ӨЗ МИЛДЕТТЕРИН АТКАРУУДА ТӨМӨНКҮДӨЙ УКУКТАРГА ЭЭ: - белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрүн жана белгиленген үлгүдөгү текшерүү жүргүзүүгө жолдомосу менен бардык укуктук-уюштуруу формаларындагы, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдарды инспекция жүргүзүү максатында тоскоолдуксуз кирүүгө; - уюмдардын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, аткаруу бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, иш берүүчүлөрдүн көзөмөлдөө жана контролдоо иштерин аткарууга зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды суратууга жана кайтарымсыз алууга; - пайдаланылуучу жана иштетилүүчү материалдар менен заттардын үлгүлөрүн анализ үчүн алып коюуга; - белгиленген тартипте өндүрүштөгү кырсыктарды териштирүүгө; - уюмдардын жетекчилерине жана башка кызмат адамдарына эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын бузулушун четтетүү тууралу, көрсөтүлгөн бузууларга күнөөлүүлөр тартип жоопкерчилигине тартуу же аларды белгиленген тартипте кызматтан четтетүү жөнүндө аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө; - кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч түзгөн эмгекти коргоо талаптарынын бузулушу байкалганда, мыйзамда белгиленген тартипте көрсөтүлгөн бузуулар четтетилгенге чейин, уюмдардын, айрым өндүрүштүк бөлүмдөрдүн жана жабдуулардын ишин убактылуу токтотууга; - белгиленген тартипте иш аткаруунун коопсуз усулдары менен ыктары окуп-үйрөтүүдөн, эмгекти коргоо боюнча нускоодон, жумуш орундарында стажировкадан өтпөгөн адамдарды иштен четтетүүгө; - ылайыктуулук сертификаты болбогон же эмгекти коргоо талаптарына ылайык келбеген кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын өндүрүштө пайдаланууга жана өндүрүүгө тыюу салууга; - ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАЛАПТАРЫНЫН БУЗУЛУШУНА КҮНӨӨЛҮҮ АДАМДАРДЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ АДМИНИСТРАТИВДИК ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ТАРТУУ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ АТАЛГАН АДАМДАРДЫ КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕ ТАРТУУ ЖӨНҮНДӨ МАТЕРИАЛДАРДЫ УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНА ЖӨНӨТҮҮ; - сотто эмгекти коргоо мыйзамдарын бузуу жана өндүрүштө кызматкердин ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү доо боюнча эксперт катары чыгууга. ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЧЫЛАР БОЛУП ЭСЕПТЕЛИШЕТ. ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫ мыйзамга каршы аракеттери же аракетсиздиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. |
| 19-статья. Эмгекти коргоого коомдук контроль Эмгекти коргоо жаатындагы кызматкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун коомдук контролу, бул максаттарда техникалык эмгек инспекцияларын түзүүгө, ошондой эле кесиптик бирликтердин эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (ишенимдүү) адамдарын жана кызматкерлердин ыйгарым укуктуу башка өкүлчүлүктүү органдарын шайлоого укуктуу кесиптик бирликтер жана кызматкерлердин дагы башка өкүлчүлүктүү органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат. Кесиптик бирликтердин аларга караштуу тиешелүү органдары жана кызматкерлердин дагы башка ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүү органдары төмөнкү укуктарга ээ: - иш берүүчүлөр тарабынан эмгекти коргоо мыйзамдарынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга; - эмгек шарттарын көз карандысыз экспертизадан өткөрүүгө жана уюмдун кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылууга; - өндүрүштөгү кырсыктарды же кесиптик ооруларды териштирүүгө катышууга; - эмгекти коргоо жана анын шарттары, ошондой эле өндүрүштөгү кырсыктар менен кесиптик оорулар жөнүндө уюмдун жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан маалымат алууга; [- эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөчү жана контролдоочу мамлекеттик органдарга кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келген учурларда ишти токтотуп туруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;] - иш берүүчүлөргө эмгекти коргоо талаптарынын бузулушун четтетүү жөнүндө кароого милдеттүү болгон сунуштамаларды берүүгө; - эмгек шарттарын жана аны коргоону, иш берүүчүлөрдүн жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда каралган милдеттеринин аткарылышын текшерүүнү жүзөгө ашырууга; - өндүрүш объектилерин жана өндүрүш каражаттарын пайдаланууга берүү сыноолорунда жана кабыл алуу боюнча көз карандысыз эксперт катары комиссиянын ишине катышууга; - эмгекти коргоо боюнча мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актыларга караштуу долбоорлорду иштеп чыгууга катышууга, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте макулдашууга; - тиешелүү органдарга эмгекти коргоо талаптарын бузган, өндүрүштөгү кырсыктарды жаап-жашырган күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө талаптар менен кайрылууга; - эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды, жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда каралган милдеттерди бузууга, ошондой эле эмгек шарттарынын өзгөрүшүнө байланышкан эмгек талаш-тартыштарын кароого катышууга. Кесиптик бирликтердин эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (ишенимдүү) адамдары жана башка ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүү органдарынын кызматкерлердин кесиптик бирикмелерине кирген уюмдарда эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын текшерүүгө жана эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун четтетүү жөнүндө кызмат адамдары тарабынан каралууга милдеттүү болгон сунуштарды киргизүүгө укуктуу. | 19-статья. Эмгекти коргоого коомдук контроль Эмгекти коргоо жаатындагы кызматкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун коомдук контролу, бул максаттарда техникалык эмгек инспекцияларын түзүүгө, ошондой эле кесиптик бирликтердин эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (ишенимдүү) адамдарын жана кызматкерлердин ыйгарым укуктуу башка өкүлчүлүктүү органдарын шайлоого укуктуу кесиптик бирликтер жана кызматкерлердин дагы башка өкүлчүлүктүү органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат. Кесиптик бирликтердин аларга караштуу тиешелүү органдары жана кызматкерлердин дагы башка ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүү органдары төмөнкү укуктарга ээ: - иш берүүчүлөр тарабынан эмгекти коргоо мыйзамдарынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга; - эмгек шарттарын көз карандысыз экспертизадан өткөрүүгө жана уюмдун кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылууга; - өндүрүштөгү кырсыктарды же кесиптик ооруларды териштирүүгө катышууга; - эмгекти коргоо жана анын шарттары, ошондой эле өндүрүштөгү кырсыктар менен кесиптик оорулар жөнүндө уюмдун жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан маалымат алууга; - КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ӨМҮРҮНӨ ЖАНА ДЕН СООЛУГУНА КОРКУНУЧ ТҮЗҮЛГӨН УЧУРЛАРДА ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНГА ИШТИ ТОКТОТО ТУРУУ ЖӨНҮНДӨ СУНУШ КИРГИЗҮҮ; - иш берүүчүлөргө эмгекти коргоо талаптарынын бузулушун четтетүү жөнүндө кароого милдеттүү болгон сунуштамаларды берүүгө; - эмгек шарттарын жана аны коргоону, иш берүүчүлөрдүн жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда каралган милдеттеринин аткарылышын текшерүүнү жүзөгө ашырууга; - өндүрүш объектилерин жана өндүрүш каражаттарын пайдаланууга берүү сыноолорунда жана кабыл алуу боюнча көз карандысыз эксперт катары комиссиянын ишине катышууга; - эмгекти коргоо боюнча мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актыларга караштуу долбоорлорду иштеп чыгууга катышууга, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте макулдашууга; - тиешелүү органдарга эмгекти коргоо талаптарын бузган, өндүрүштөгү кырсыктарды жаап-жашырган күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө талаптар менен кайрылууга; - эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды, жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда каралган милдеттерди бузууга, ошондой эле эмгек шарттарынын өзгөрүшүнө байланышкан эмгек талаш-тартыштарын кароого катышууга. Кесиптик бирликтердин эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (ишенимдүү) адамдары жана башка ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүү органдарынын кызматкерлердин кесиптик бирикмелерине кирген уюмдарда эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын текшерүүгө жана эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун четтетүү жөнүндө кызмат адамдары тарабынан каралууга милдеттүү болгон сунуштарды киргизүүгө укуктуу. |
| 21-статья. Эмгекти коргоо талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик Эмгекти коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузган, жамааттык келишимдер менен макулдашууларда, эмгек келишимдеринде (контракттарда) каралган эмгекти коргоо боюнча милдеттерди аткарбаган же [эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынын], ошондой эле коомдук контролдоо органдарынын өкүлдөрүнүн ишине каршылык көрсөткөн күнөөлүү адамдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. | 21-статья. Эмгекти коргоо талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик Эмгекти коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузган, жамааттык келишимдер менен макулдашууларда, эмгек келишимдеринде (контракттарда) каралган эмгекти коргоо боюнча милдеттерди аткарбаган же ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫНЫН, ошондой эле коомдук контролдоо органдарынын өкүлдөрүнүн ишине каршылык көрсөткөн күнөөлүү адамдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. |
| 22-статья. Эмгекти коргоо талаптарын бузгандыктын натыйжасында уюмдардын же алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин убактылуу токтотуу Эгерде уюмдардын же алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши, жабдууларды пайдалануу, эмгекти коргоо талаптарын бузуу менен кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү аркылуу ишке ашырылып жаткан учурларда, аталган иштер, бул бузуулар четтетилгенге чейин [мамлекеттик эмгек инспекцияларынын жетекчилеринин жана мамлекеттик эмгек инспекторлорунун,] жолдомокатынын, ошондой эле кесиптик бирлик органдарынын сунуштамасы боюнча токтото турулушу мүмкүн. [Мамлекеттик эмгек инспекциясынын жетекчилеринин жана мамлекеттик эмгек инспекторлорунун] кабыл алган чечимдери администрациялык тартипте же сотко даттанылышы мүмкүн. Администрациялык же сот тартибинде даттануу, чечим кабыл алынганга чейин берилген жолдомокатынын аткарылышын токтото албайт. | 22-статья. Эмгекти коргоо талаптарын бузгандыктын натыйжасында уюмдардын же алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин убактылуу токтотуу Эгерде уюмдардын же алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши, жабдууларды пайдалануу, эмгекти коргоо талаптарын бузуу менен кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү аркылуу ишке ашырылып жаткан учурларда, аталган иштер, бул бузуулар четтетилгенге чейин ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮК ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН, жолдомокатынын, ошондой эле кесиптик бирлик органдарынын сунуштамасы боюнча токтото турулушу мүмкүн. ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮК ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН кабыл алган чечимдери администрациялык тартипте же сотко даттанылышы мүмкүн. Администрациялык же сот тартибинде даттануу, чечим кабыл алынганга чейин берилген жолдомокатынын аткарылышын токтото албайт. |
| 23-статья. [Эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун натыйжасында уюмду жоюу же анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин токтотуу Уюмду жоюу же анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин токтотуу жөнүндө чечим, эмгекти коргоо маселелерин тейлөөчү аткаруу бийлик органынын жетекчисинин же Мамлекеттик эмгек инспекциясынын жана анын аймактык органдарынын жетекчисинин талабы боюнча, эмгек шарттарын мамлекеттик экспертизалоо корутундусу болгон кезде, сот тарабынан кабыл алынат.] | 23-статья. ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАЛАПТАРЫНЫН БУЗУЛУШУНУН НАТЫЙЖАСЫНДА УЮМДУ ЖОЮУ ЖЕ АНЫН ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮНҮШҮНҮН ИШИН ТОКТОТУУ "ЭМГЕК ШАРТТАРЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ЭКСПЕРТИЗАСЫНЫН КОРУТУНДУСУ БАР БОЛСО ЭМГЕКТИ КОРГОО ТАРМАГЫНДА КӨЗӨМӨЛДҮК ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН СУНУШТАМАСЫ БОЮНЧА СОТТУН ЧЕЧИМИ МЕНЕН УЮМ ЖОЮЛУШУ ЖЕ УЮМДУН ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮНҮШҮНҮН ИШИ ТОКТОТУЛУШУ МҮМКҮН. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 13-мартындагы № 3905-V «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз…Постановление · 13.03.2014 · № 3905-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-июнундагы № 4122-V «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргнзүү тууралуу» Кыргыз…Постановление · 11.06.2014 · № 4122-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 2-октябрындагы № 4343-V "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 02.10.2014 · № 4343-V
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
- Эмгекти коргоо жөнүндөЗакон · 01.08.2003 · № 167 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 10.02.2012 · № 87 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2011 · № 762 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка…Постановление · 12.01.2012 · № 12 · Күчүн жоготкон