Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-10-19.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 19-октябры № 727 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарлыгы, 2008-ж., № 8, 922-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 28-берененин 1-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын электрондук санариптик кол коюу жөнүндө талаптарына ылайык түзүлгөн жана кол коюлган документ салык төлөөчүнүн электрондук документи жана санариптик кол коюусу болуп саналат.
2. 86-беренеде:
- 4-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган учурлардан тышкарыда, салык отчетун электрондук түрдө түзүүдө электрондук документ салык төлөөчүнүн электрондук санариптик кол коюусу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш."
- төмөнкү мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол коюсуз берүүгө жол берилет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
Салыктык жөнгө салууну жакшыртууну натыйжалуу жогорулатуунун маанилүү факторлорунун бири болуп, салык отчетторун берүү процедураларын жеңилдетүү саналат. Салык чөйрөсүндөгү автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгууга жана автоматташтырылган маалымат тейлөөсүнө болгон муктаждыктар өсүүдө. Бул биринчи кезекте, салык кызматынын өзүн, ошондой эле коомдун жашоо аракетинин баардык чөйрөсүн автоматташтыруунун жана маалыматташтыруунун жогорку деңгээли менен камсыз кылат. Электрондук отчеттуулуктун системасы салык төлөөчүнүн убактысын бир кыйла үнөмдөп, анын жашоо турмушун жеңилдетет. Салык органдарынын алдында турган милдеттерди чечүү негизинен кагаз түрүндөгү-документтерде берилген ири көлөмдүү маалыматтарды талдоо жана колдонуу менен байланыштуу. Отчеттуулук мезгилинде салык органдарындагы иш кагаздарынын айлануусу күн сайын миңдеген иш кагаздарына жетиши мүмкүн. Иш кагаздарынын көп жактуу, татаал иштетилишинде компьютердик техниканы колдонууга ылайыкташкан азыркы заманбап технологияны колдонбой коюуга мүмкүн эмес. Мына ушул максатта салык кызматынын органдарында автоматташтырылган маалымат системасы түзүлүп жатат, бул система салык отчетторун жана декларацияларын электрондук түрдө салык органынын интернет-түйүнү аркылуу берүүгө арналган. Негизги артыкчылыгы болуп, салык органдары менен ыкчам байланышуунун эсебинен салык органдарынын дагы, төлөөчүлөрдүн дагы убакыттык сарптоолорун үнөмдөө саналат. Ошондой эле, бул долбоордун максаты болуп, электрондук түрдөгү салык отчетун жана декларацияларын электрондук санариптик кол коюусуз берүү мүмкүнчүлүгү саналат, бул отчет берүү процессинин өзүн жеңилдетет. Эгерде салык отчеттору Интернет-сервистин жардамы менен берилген болсо, электрондук иш кагазы салык төлөөчүнүн электрондук санариптик кол коюуусу менен күбөлөндүрүүгө жатпайт. Логинди жана Паролду колдонуу, салык төлөөчүнү талаптагыдай жана жетиштүү идентификациялоо жана бухгалтердик жана салык отчетторун салык органдарынын Интернет-сайты аркылуу берүү кызматынан пайдалануу укугун ырастоо болуп саналат. Азыркы учурда салык отчетторун электрондук түрдө берүүнүн жол-жобосу электрондук санариптик кол коюунун болуусун талап кылганы менен татаалдашкан. Ошондой эле, бүгүнкү күндө салык отчетторун электрондук түрдө берүү кызматы белгилүү бир акы үчүн оператор-уюмдары аркылуу ишке ашырылат. Салык отчетторун Интернет-сервистин жардамы аркылуу берүү акысыз болот, бул болсо негизги артыкчылыктардын бири болуп саналат. Салык декларацияларын кагаз жүзүндө берүүгө салыштырмалуу аны электрондук түрүндө берүү салык төлөөчүлөргө убакытты үнөмдөө, иш кагаздарын көчүрмөлөөнүн жоктугу, отчеттуулуктагы катачылыктарга жол бербөө, салык органдарына багышталган отчеттун жеткирилгендиги тууралуу ырастоону алуу, маалыматтын купуялуулугу, салык отчетторунун жана декларацияларынын форматтары өзгөргөн учурларда отчетторду электрондук түрдө берүүнүн форматтарынын версияларын автоматтык түрдө жаңылоо, маалыматты тез-ыкчам иштеп чыгуу, техникалык каталарды кетирбөө ж.б. сыяктуу артыкчылыктарды берет. Интернет аркылуу отчетторду берүүнүн шарттары болуп: түйүнгө туташуу, салык төлөөчүдө логиндин жана паролдун болуусу жана ушулардын негизинде салык органдарына маалыматтарды жөнөтүү саналат. Ошондой эле белгилеп кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-июлундагы № 144 токтому менен бекитилген салык отчеттуулугунун формаларын толтуруу жана берүү тартиби тууралуу Жобо бүгүнкү күндө күчүндө турат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан салык төлөөчүлөрдүн салык отчетторун электрондук түрдө берүүсү боюнча жогоруда айтылган Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керектиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому иштелип чыккан. Ушул кароого киргизилген Мыйзам долбоор кабыл алынган учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине киргизилүүчү тийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор күчүнө киргенде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда көрсөтүлгөн токтомун макулдаштыруу демилгеленет. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тууралуу" Мыйзамынын талаптарына ылайык ушул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий ачык сайтында жарыяланган. Ошону менен бирге коомдук талкуулоо чегинде Мыйзам долбоордун жоболорун жакшыртуу боюнча кандайдыр бир сунуштар келип түшкөн эмес. Кошумча белгилеп кетүүчү нерсе, бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоону талап кылбайт.
Төрага К.Абдалиев
"Кыргыз салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Күчүндөгү редакция | Сунушталуучу редакция |
|---|---|
| 28-берене. Салык төлөөчүнүн электрондук документи жана цифралык колтамгасы Салык төлөөчүнүн электрондук документи жана цифралык колтамгасы деп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын электрондук цифралык колтамга жөнүндөгү талаптарына ылайык түзүлгөн жана колтамга коюлган документ саналат. Электрондук санарип колтамгалуу электрондук документтерди алмашуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. | 28-берене. Салык төлөөчүнүн электрондук документи жана цифралык колтамгасы ЭГЕРДЕ КОДЕКСТЕ БАШКАЧА КАРАЛБАСА, салык төлөөчүнүн электрондук документи жана санариптик кол коюусу болуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын электрондук санариптик кол коюу жөнүндөгү талаптарына ылайык түзүлгөн жана кол коюлган коюлган документ саналат. Электрондук санарип колтамгалуу электрондук документтерди алмашуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. |
| 86-берене. Салыктык отчетторду түзүүнүн жана берүүнүн тартиби 4. Электрондук салык отчетун түзүүдө электрондук документ салык төлөөчүнүн электрондук цифралык койгон колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. | 86-берене. Салыктык отчетторду түзүүнүн жана берүүнүн тартиби 4. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА КАРАЛГАН УЧУРЛАРДАН ТЫШКАРЫ электрондук салык отчетун түзүүдө электрондук документ салык төлөөчүнүн электрондук цифралык койгон колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. |
| 86-берене. Салыктык отчетторду түзүүнүн жана берүүнүн тартиби 10. САЛЫК ОТЧЕТУН ЭЛЕКТРОНДУК ТҮРДӨ ЭЛЕКТРОНДУК САНАРИПТИК КОЛ КОЮСУЗ БЕРҮҮГӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ АНЫКТАГАН ТАРТИПТЕ ЖОЛ БЕРИЛЕТ. |
" КРнын Өкмөтүнө караштуу МСКнын төрагасы К.Абдалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы №2584-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 13.12.2012 · № 2584-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-февралындагы №2778-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 14.02.2013 · № 2778-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-мартындагы №2880-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл…Постановление · 14.03.2013 · № 2880-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 ""Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген "Салыктык отчеттордун формаларын толтуруу жана берүү тартиби жөнүндө" жобосуПоложение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон