Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 7 июня 2013 года № 316 "Постановление Правительства Кыргызской Республики от 7 июня 2013 года № 316 О подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2013/2014 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-06-07.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 24-апрели № 257 Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-октябрындагы № 725 токтомунун редакциясына ылайык)
Экономиканын тармактарын жана калкты электр энергия жана отун ресурстары менен камсыз кылуу, ошондой эле республиканын министрликтерин, мамлекеттик комитетин, администрациялык ведомстволорун жана региондорун 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилден өтүүгө өз убагында даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб жөнүндө жобо, ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык;
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - План), ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, "Көмүр" жана "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканалары: жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасына, "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр", "Кыргызгаз", "Кыргызнефтегаз", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдоруна жана Оштун "Жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасына макулдашуу боюнча:
- Пландын, ошондой эле ушул токтомдун 4-13-тиркемелеринде каралган тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылышсын;
- 2012-жылдын 15-июнуна чейин бюджеттик уюмдар үчүн отун берүүчүнү аныктоо боюнча тендерлерди өткөрүшсүн, алар менен келишимдерди түзүшсүн жана аларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин;
- жылуулук энергиясын иштеп чыгуу үчүн электр энергияны жана жаратылыш газын пайдалануучу жылуулук менен жабдуу булактарын отундун альтернативдүү түрүнө этап менен которуу программасын каржылоонун керектүү көлөмүн жана булактарын көрсөтүү менен бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине беришсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын катышуусу менен 2012-жылдын 10-сентябрына чейин жылуулук берүүчү отканалардын жана отун-энергетика комплексинин ишканаларынын алдыдагы жылытуу же мезгилдеги ишке даярдыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссияларды түзүшсүн;
- ай сайын айдын 1-күнүнө карата бул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине отчеттук айдан кийинки айдын 20-күнүнөн кечиктирбей берип турушсун.
4. Министрликтердин жана ведомстволордун гендерлик комиссиялары, кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргыэтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы: бюджеттик уюмдар жана Бишкек шаарынын ТЭЦи үчүн жергиликтүү көмүр берүүгө тендер өткөрүүдө "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна, Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасына, Оштун "Жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасына макулдашуу боюнча 2011/2012-жылдын өтүп кеткен жылытуу мезгили үчүн бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөнө элек дебитордук карызы бар Кыргыз Республикасынын көмүр ишканаларын карыздары болгонуна карабастан 2012/2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдык көрүү мезгилиндеги убактылуу чара катары тендерлерге катышууга уруксат беришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги монополист ишканалардын тизмесине киргизилген көмүр казуучу ишканалардын көмүрүнө бааларды республиканын ички рыногуна жана калкына көмүр берүү үчүн ушул ишканалар берген эсептөөлөргө ылайык 2012-жылдын 1-августуна чейин карасын жана бекитсин.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги операциялык блоктору бар имараттарды электр менен камсыздоодо үзгүлтүктөргө жол бербөө үчүн дизель (бензин) генераторлор же аккумулятордук батареялар түрүндөгү автономдуу электр булактары менен комплектилөөнү камсыздасын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- керектелген электр, жылуулук энергиясы, табигый газ, көмүр жана отундук мазут үчүн карызды жоюу максатында бюджеттик керектөөчүлөрдү өз убагында жана толук өлчөмдө каржыласын;
- бюджеттик уюмдарга жылуулук жана электр энергияны, табигый газды керектөөнүн белгиленген лимитинин чегинде каражаттарды бөлсүн;
- бюджеттик уюмдар көмүр жана мазут отун алуу үчүн түзүлгөн жана талаптагыдай таризделген келишимдерди тапшырышкандан кийин алар берилген күндөн баштап 30 күндөн кеч эмес мөөнөттө 20 проценттик алдын ала төлөмдү өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин аткаруучу кеңешинин 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 94 токтомуна ылайык калк үчүн жылуулук энергиясын берүү тарифи 2010-жылдын 1-апрелинен баштап өзгөргөнүнө байланыштуу чыгымдарды компенсациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына бөлүп берүү үчүн 500 (беш жүз) миллион сом суммасындагы каражатты караштырсын.
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскери чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын) аймагы боюнча өткөн республиканын электр өткөрүү линияларын жана газ өткөрүүчү магистралдык объекттерин пландуу жана авариялык оңдоо зарыл болгон учурда оңдоочу-техникалык персоналды, технологиялык жабдууларды жана шаймандарды мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду, Токтогул районунун жана Жазыкечүү айылынын атайын фонду күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү мезгилинде "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр", "Бишкек жылуулук тармагы", "Кыргызнефтегаз", "Кыргызгаз" ачык акционердик коомдорунун, Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" жана "Көмүр" мамлекеттик ишканаларынын жана отун даярдоого тартылган ишканалардын, анын ичинде көмүр казуучу ишканалардын алыш-бериш эсептеринин жабылышына жол беришпесин.
10. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга төмөнкүлөр сунушталсын:
- жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдардын электр, жылуулук энергия, табигый газ, көмүр жана отундук мазут үчүн энергетика ишканаларына карыздарын тындыруу;
- бюджеттик уюмдарды керектелген электр, жылуулук энергия, табигый газ, көмүр жана отундук мазут үчүн ай сайын толук көлөмдө каржылоо;
- калк үчүн көмүргө чекене бааны төмөндөтүү максатында мурда түзүлгөн менчик отун базаларга кошумча жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен көмүрдү сатуу боюнча альтернативдүү отун базаларын жана пункттарын түзүү.
11. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
- Пландын жана ушул токтомдун 4-24-тиркемелеринде каралган тапшырмалардын аткарылышын координацияласын жана мониторингдесин;
- "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Кыргызгаз", "Кыргызнефтегаз", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош злектр", "Жалал-Абад электр" жана "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдору, "Кыргыз Петролеум Компани" биргелешкен ишканасы, "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасы, Оштун "Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык ишканасы жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Көмүр" жана "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканалары 13-22-тиркемеге ылайык тапшырмаларды аткарышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр" жана "Ош электр" ачык акционердик коомдору менен бирдикте Бишкек жана Ош шаарларын иштелип чыккан жана бекитилген жылдык жана үч жылдык программаларга ылайык электр менен ишенимдүү жабдууну камсыздоо боюнча чараларды көрсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Көмүр" мамлекеттик ишканасы:
- отун базалары жана республиканын калкына көмүр сатуу пункттары үчүн жергиликтүү көмүрдү берүү графиктери өз учурунда жана толук көлөмдө аткарылышын камсыздасын;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому жана бюджеттик уюмдар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык көмүр казуучу ишканалар менен бирдикте ишенимдүү сапаттагы көмүрдү өз убагында берүүнү камсыз кылсын.
13. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жапа өнөр жай министрлигинин алдындагы Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөр сунушталсын:
- кыргыз көмүр кендеринен жеткирилген көмүр үчүн акы төлөөнү жеткирген күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбей төлөө;
- 2011/2012-жылдар мезгилинде берилген көмүр үчүн Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу ишканаларына карызды тындыруу боюнча 2012-жылдын 1-сентябрына чейин чара көрүү;
- 4-13-тиркемелерге ылайык отунду өз учурунда даярдоону камсыздоо.
14. "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Кыргызгаз", "Кыргызнефтегаз", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдоруна, лицензиат-чарбакер субъекттерге төмөнкүлөр сунушталсын:
- саламаттык сактоо, билим берүү объекттеринен жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин чек ара заставаларынан башка, дебитордук карызы бар керектөөчүлөрдү, ошондой эле электр энергиясын пайдалануунун белгиленген лимитинен ашыкча чыгымдоого жол берген бюджеттик уюмдарды өчүрүү;
- электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн белгиленген чоңдуктан ашып кетишине жол бербөө.
15. "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомдоруна ушул токтомдо аныкталган тапшырмалардын жана түзүлгөн контракттардын негизинде электр энергиясын жана кубаттуулугун пайдалануунун сааттык суткалык графиктерин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна берүүнү камсыздашсын.
16. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жана Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) жаны турак жай массивдеринде электр тармактарын жана жабдууларын курууну каржылоо маселесин иштеп чыгышсын жана чечишсин.
17. Бишкек шаарынын мэриясына жергиликтүү бюджеттен каржылануучу электр жана жылуулук энергияларын керектөөчүлөрдүн отурумдук төлөөлөрүнүн эсебинен 2013-жылдын апрелине чейин "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун алыш-бериш эсептерине Бишкек шаарынын ТЭЦин 2,5 млн. (эки миллион беш жүз миң) сом өлчөмдө ремонттон калыбына келтирүү иштерин жана Бишкек шаарынын ТЭЦине Кара-Кече жана Таш-Көмүрдүн көмүрлөрүн 3,0 млн. (үч миллион) сом өлчөмдө ташып жеткирүүнү максаттуу каржылоо үчүн акчалай каражатты ай ашын которууну камсыздоо сунушталсын.
18. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-августундагы № 460 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-октябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө" токтому.
19. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
20. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
1-тиркеме Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы
күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча республикалык штабдын
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-октябрындагы № 725 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Штабдын төрагасы; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Штабдын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Штабдын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министри, Штабдын төрагасынын орун басары. Штабдын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын экономика министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Ош электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Жалалабат электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Бишкекжылуулуктармактары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору; Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
3-тиркеме Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы
күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча иш-чаралардын
ПЛАНЫ
| № | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар |
|---|---|---|---|
| 1 | Облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча дайыма иштөөчү штабдарды түзүү жана ай сайын алардын жыйындарында жылытуу мезгилине карата даярдыктын жүрүшүн кароо, төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл буруу: - калкты жылуулук менен камсыз кылууга байланышкан жылуулук менен камсыз кылуучу ишканалардын отказандарын, ведомстволук жана өнөр жайлык отказандарын даярдоого; - социалдык объекттерди жылытуу мезгилине даярдоонун сапатына; - турак жай фондун жылытуу мезгилине даярдоонун сапатына; - социалдык объекттерди, калкты отун менен камсыз кылууга жана жеңилдиктери бар жарандарга каражаттарды өз учурунда бөлүп берүүгө | 2012-жылдын 1-майына чейин | Министрликтер, ведомстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары (мындан ары - облмамадминистраци- ялар), макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, отун-энергетикалык комплекс ишканасы (мындан ары - ОЭК ишканасы) |
| 2 | Нарын жана Сыр-Дарыя дарыяларынын бассейниндеги суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу максатында Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын суу чарба жана суу-энергетикалык тармактарынын жетекчилери менен эксперттеринин кеңешмесин өткөрүү | 2012-жылдын июлуна чейин | Энергоөнөржаймин, АЧММнын Суу чарба жана мелиорация департаменти |
| 3 | 2000 млн. кВтс көлөмүндө электр знергияны экспорттоону камсыз кылуу шарттарында Кыргызгидрометтин болжолунун жана күтүлгөн электр керектөө көлөмүнүн негизинде 2012-жыл жана 2013-жылдын 1-кварталы мезгилине Токтогул суу сактагычын пайдалануу режиминин суу-энергетикалык эсеп төлөөлөрүн аткаруу | Ай сайын | "Электр станциялары" ААКы (макулдашуу боюнча) |
| 4 | Облустарга, Бишкек жана Ош шаарларына карата отун-энергетика балансынын аткарылышынын мониторинги | Квартал сайын | Энергоөнөржаймин, министрликтер жана ведомстволор, облмамадминистра- циялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
| 5 | Облустарга жана бөлүштүрүүчү электр компанияларына карата электр энергияны пландуу керектөөгө оңдоолорду жүргүзүү | Зарылдыгына жараша | Энергоөнөржаймин |
| 6 | Бюджеттик уюмдардын электр энергиясын алар үчүн белгиленген лимиттен ашыкча керектөөсүнө жол бербөө боюнча туруктуу контролдоо жүргүзүү | Дайыма | Министрликтер, ведомстволор, Финмин, ЭТКМИ |
| 7 | 2012/2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдыктын жүрүшүн контролдоо боюнча жумушчу топ түзүү | 2012-жылдын 1-июнуна чейин | Энергоөнөржаймин, ОЭК ишканасы (макулдашуу боюнча) |
| 8 | "КУЭТ" ААКнын системалык операторуна бөлүштүрүүчү электр компаниялардын жана ири өнөр жай ишканаларынын электр энергиясын жана кубаттуулугун керектөөсүнүн суткалык графиктерин өз убагында берүүлөрүн камсыз кылуу | Дайыма | Энергоөнөржаймин, макулдашуу боюнча: "Электр станциялары", "КУЭТ", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр" ААКылары |
| 9 | Республиканын энергия системасынын Борбор Азиялык Бирдиктүү энергетикалык системанын курамында туруктуу жарыш иштөөсүн жана борбор азиялык мамлекеттердин энергия системалары жана "Энергия" координациялык-диспетчердик борбору менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу | Дайыма | Энергоөнөржаймин, ТИМ, "КУЭТ" ААКы (макулдашуу боюнча) |
| 10 | Капиталдык оңдоо, энергия менен жабдуунун ишенимдүү иштешин жакшыртуу жана материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын түзүү боюнча иш-чараларды аткарууну камсыз кылуу | Графикке жараша | ОЭК ишканасы (макулдашуу боюнча) |
| 11 | Электр менен жабдууда үзгүлтүккө жол бербөө максатында операциялык блоктору бар имараттарды дизелдик (бензиндик) генераторлор же аккумулятордук батареялар түрүндөгү электр жабдуу менен булактары менен комплектөөнү камсыз кылуу | 2012-жылдын 1-сентябрына чейин | Саламаттыксакмин |
| 12 | Электр отказандарына уруксат берилген кубаттуулукту, алардын иштөө режимин жана электр энергиясын керектөө лимитин көрсөтүү менен 2012/2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилине иштөөгө уруксат берилген электр отказандарынын, ошондой эле тиричилик керектөөчүлөрдүн электр отказандарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү | 2012-жылдын 1-сентябрына чейин | Энергоөнөржаймин, ЭТКМИ, макулдашуу боюнча: "Электр станциялары", "КУЭТ", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр" ААКылары |
| 13 | Жылытуу жана ысык суу менен жабдуу үчүн пайдаланылуучу электр (отказандарын иштөө графигин энергосистемага максималдуу күч келген сааттарда сөзсүз түрдө өчүрүү менен иштеп чыгуу жана аларды түзүмдүк бөлүмдөргө жеткирүү, ошондой эле жылытуу мезгилинде бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жеке жоопкерчилигинде алардын сакталышын контролдоону камсыз кылуу | 2012-жылдын 15-сентябрына чейин | Министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (мындан ары - жергиликтүү мамадминистра- циялар), МУКК, макулдашуу боюнча: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бөлүштүрүүчү компаниялар |
| 14 | Электр энергиясын керектөөнүн белгиленген режими бузулганда жана электр жылытуу жабдуусун өз алдынча кошуп алганда үч фазалык кирмеси бар керектөөчүлөрдү өчүрүү жана техникалык шарттарды жоюуну жүргүзүү | Дайыма | ЭТКМИ, макулдашуу боюнча: "Электр станциялары", "КУЭТ", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр" ААКылары |
| 15 | Көмүр кендери иштетилген региондордо жылуулук энергиясын иштеп чыгуу үчүн электр энергиясын жана жаратылыш газын пайдалануучу жылуулук менен жабдуу булактарын этап-этабы менен катуу отунду пайдаланууга которуу боюнча иштерди улантуу | Дайыма | Министрликтер, ведомстволор, МУКК, "Кыргызтуракжай-ко- ммунсоюз" МИ, жергиликтүү мамадминистра- циялар, макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, "Бишкекжылуулук- энергия" КИ |
| 16 | Өнөр жайлык, жылытуу жана ведомстволук отказандарды 2012/2013-жылдын күз-кыш мезгилинде иштетүүгө даярдоо | 2012-жылдын 1-октябрына чейнн | Министрликтер, ведомстволор, МУКК, "Кыргызтуракжай- коммунсоюз" МИ, жергиликтүү мамадминистра- циялар, макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, "Бишкекжылуулук- энергия" КИ |
| 17 | "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр" ААКыларына министрликтер, мамлекеттик комитет, облмамадминистрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте 4-13-тиркемелерде белгиленген электр энергиясын жана кубаттуулугун бөлүнгөн лимиттерди керектөө көлөмдөрүнүн чегинде уюмдарга электр энергиясын жана кубаттуулугун бөлүштүрүүнү камсыз кылууну сунуштоо | Дайыма | Министрликтер, ведомстволор, макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр" ААКылары |
| 18 | Бюджеттик уюмдар керектеген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн акы төлөөнү толук өлчөмдө жана артыкчылыктуу тартипте жүргүзүү | Дайыма | Министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамадминистрация- лар, айыл өкмөтү |
| 19 | Дебитордук карыздары бар керектөөчүлөргө электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газын берүүгө жол бербөө | Дайыма | ОЭК ишканасы (макулдашуу боюнча) |
| 20 | Көмүрдү жеткирүү боюнча транспорттук кызматтарды көрсөтүү менен туруктуу отун базаларына жана сатуу пункттарына кол күчүн көмүр жеткирүүнү уюштуруу жана камсыз кылуу жана өткөн 2011/2012-жылдын жылуулук берүү сезонунда камтылбаган калктуу конуштарда кошумча отун базаларын жана сатып өткөрүү пункттарын түзүү | 2012-жылдын 1-августунан тартып 2013-жылдын 1-мартына чейин | Жергиликтүү мамадминистрация- лар, "Көмүр" МИ, макулдашуу боюнча: айыл өкмөтү, көмүр казуучу ишканалар |
| 21 | Калкка жана бюджеттик уюмдарга катуу отун сатуу боюнча отун базаларына жана пункттарына кыргыз көмүрүн ташып жеткирүүнү координациялоону жана контролдоону камсыз кылуу. Энергоөнөржайминге тийиштүү маалыматтарды берүү | Дайыма, 2012-жылдын 1-августунан тартып - жума сайын | Министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамадминистрация- лар, "Көмүр" МИ, макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, көмүр казуучу ишканалар |
| 22 | Берилген эсептерге ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен бюджеттик уюмдарга продукция жеткирүүчү жергиликтүү товар өндүрүүчүлөр үчүн отунга (көмүр, мазут) дүң бааны бекитүү | 2012-жылдын 1-августуна чейин | ЭМКМ, "Көмүр"МИ |
| 23 | Кыдырып учуу жана башка техникаларды колдонууга мүмкүн болбогон жерлерге жайгашкан электр берүүчү линиялардын аварияларын аныктоодо жана жоюуда жабдууларды жана адистерди жеткирүү үчүн авиациялык техника менен камсыз кылуу | Зарылдыгына жараша | ӨКМ, макулдашуу боюнча: "КУЭТ", "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр" ААКылары |
| 25 | Жеткирүүчүлөр менен контракттын шарттарына ылайык жаратылыш газы үчүн "Кыргызгаз" ААКсына алдын ала төлөмдөрдү жүргүзүүгө бюджеттик керектөөчүлөрдү өз убагында каржылоону камсыз кылуу | Ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин | Дайыма Минфин, министрликтер, жергиликтүү мамадминистрация- лар макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ОЭК ишканасы |
| 26 | Алдыдагы күз-кыш мезгилдеринен ийгиликтүү өтүү, отунду жана энергияны сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле энергияны үнөмдөө жана отун даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын зарылдыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен калк арасында түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүү | Дайыма | министрликтер, облмамадминистра- циялар, макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ОЭК ишканалары |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (11)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 2496-V "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2012-2013-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча…Постановление · 21.11.2012 · № 2496-V
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2011 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө Кыргыз…Постановление · 07.06.2013 · № 316 · Күчүн жоготкон
- КРӨкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги №257 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо…Положение · 24.04.2012 · № 257 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-октябры № 725 Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы…Постановление · 18.10.2012 · № 725 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-октябрындагы №650 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.10.2011 · № 650 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 837 "2012-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 837 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы №58 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын 2011/2012-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгышы жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2012 · № 58 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 857 "Республиканын калкын энергия менен жабдуу жана газ менен камсыз кылууга карата кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө"…Постановление · 25.12.2012 · № 857 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-августундагы № 460 ""Кыргыз Республикасынын2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын…Постановление · 11.08.2011 · № 460 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2011 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-октябрындагы №650 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.10.2011 · № 650 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы №58 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын 2011/2012-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгышы жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2012 · № 58 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө Кыргыз…Постановление · 07.06.2013 · № 316 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-августундагы № 460 ""Кыргыз Республикасынын2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын…Постановление · 11.08.2011 · № 460 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.