Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КРӨкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб жөнүндө» жобо
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 7 июня 2013 года № 316 "Постановление Правительства Кыргызской Республики от 7 июня 2013 года № 316 О подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2013/2014 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-06-07.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ) 2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 257 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб (мындан ары - Штаб) коңшу өлкөлөр менен суу-энергетикалык маселелер боюнча мамиледе бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу, суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо, ошондой эле электр жана жылуулук менен камсыздоодогу эреже бузууларды болтурбоо үчүн түзүлгөн коллегиялуу координациялык орган болуп эсептелет.
2. Штаб өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Штабдын ишине төрага, ал эми ал жок учурда төраганын орун басары жетекчилик кылат.
2. Штабдын милдеттери жана функциялары
4. Штабдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселесин сапаттуу жана өз убагында чечүүнү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге өз убагында жана сапаттуу даярдоону камсыз кылуу.
5. Штаб өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- өзүнүн жыйындарында Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшүн карайт;
- мамлекеттик органдардын жана отун-энергетикалык ишканалардын суу-энергетикалык ресурстарды башкаруу, күзгү-кышкы шарттарда иштөөгө өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү, отун менен камсыз кылуу, электр, жылуулук менен жабдуудагы бузуулардын алдын алуу жана (же) алардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерин координациялайт;
- зарыл болсо региондор боюнча электр, жылуулук энергиясын жана табигый газды керектөөнүн лимитин белгилөө жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого киргизет жана анын аткарылышын контролдойт;
- Токтогул ГЭСи каскадындагы суу-энергетикалык кырдаалга мониторинг жүргүзөт жана болжолдойт;
- суу-энергетикалык баланстын бузулушун болтурбоо боюнча зарыл чараларды көрөт;
- электр энергиясы менен иштөөчү отканаларды органикалык отунду пайдаланууга которуу жана отундун зарыл болгон запасы менен камсыздоо боюнча иштердин жүргүзүлүшүн контролдойт.
3. Штабдын укуктары
6. Штаб төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин маалыматын угууга жана Штабдын максаттарынын, милдеттеринин алкагында алардын ишине баа берүүгө;
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, администрациялык ведомстволордон, уюмдардан, мекемелерден өз ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Штабдын чечимдерин аткарбагандыгы жана күзгү-кышкы шарттарда иштөөгө даярдык көрүү боюнча тапшырмаларды аткарууну үзгүлтүккө учуратканы үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө;
- республикадагы суу-энергетикалык жагдайдын маселелери жана экономиканын тармактарын жана калкты 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоонун абалы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берүүгө;
- республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча башка уюштуруучулук жана координациялык чараларды көрүүгө.
4. Штабдын ишин уюштуруу
7. Штабдын курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Штабдын төрагасы болуп кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри эсептелет, ал Штабдын ишин жетектейт. Штабдын мүчөлөрү Штабдын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу боюнча негизделген сунуштарды Штабдын талкуусуна киргизүүгө укуктуу.
8. Штабдын ишинин формасы болуп жыйын же селектордук кеңешме эсептелет, алар төраганын чечими боюнча, зарылдыгына жараша, бирок кварталда кеминде бир жолу өткөрүлөт. Штабдын мүчөлөрү жыйындарга же селектордук кеңешмелерге жеке өзү катышат. Штабдын мүчөсү Штабдын жыйынына жүйөөсү жок катышпай койсо, ага белгиленген тартипте тартиптик жана чарасы колдонулат.
9. Штабдын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда жыйын өттү деп эсептелет.
10. Штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча протокол жазылат, ага төрага кол коет.
11. Штабдын чечими добуш берүү жолу менен, Штабдын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана аларды аткаруу үчүн жооптуу болгон адамдарга маалымдалат.
12. Штаб кабыл алган чечимдер зарыл болсо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана республиканын мамлекеттик органдарына кароого жиберилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 257 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо…Постановление · 24.04.2012 · № 257 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө Кыргыз…Постановление · 07.06.2013 · № 316 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон