Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «»Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолору киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 24 июня 2013 года № 365 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О профилактике йододефицитных заболеваний"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-06-24.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 365 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 28-майы № 326 "Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолору киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын-алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2000-жылдын 25-февралы, № 19) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө көзөмөлдөө-контролдоо функцияларын аткарууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы.".
2. Төмөнкү мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:
"3-1-берене. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлиги органдарынын тутуму
Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.".
3.4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары
Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктоо;
- өз компетенциясынын чегинде йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышын контролдоо;
- йоддолгон туздардын сапатына мамлекеттик жана жарандык контроль жүргүзүү үчүн материалдык-техникалык жактан камсыздалышын, йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууну уюштуруу;
- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын эндемиясын жоюу үчүн материалдык резервдерди түзүү.".
4. 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы
Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө максаттуу программаларды иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү;
- йоддун жетишсиздигинен болуучу ооруларды болтурбоого багытталган илимий иштерди уюштуруу;
- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууга карата жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу аркылуу калкка кабар берүүнү жогорулатуу;
- йоддолгон туздардын өндүрүлүшүн өнүктүрүүгө инвестицияларды тартууга катышуу;
- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын ишин координациялоо;
- калк арасында йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын таралуу деңгээлине, тиешелүү алдын алуу жана дарылоо иш-чараларын өткөрүүнүн натыйжалуулугуна байкоо жүргүзүү, баа берүү жана болжолдоо;
- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардан жабыр тарткан адамдарга өз мезгилинде жана сапаттуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу.
Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасында тамак-аш тузун өндүрүүгө, сактоого, ташууга жана сатууга контролдук жүргүзүү;
- йоддолгон туздун сапатынын коопсуздугуна мамлекеттик контролду жүргүзүү;
- йоддун жетишсиздигинеи болуучу оорулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келишине экспертизадан өткөрүү үчүн тамак-аш жана тоют туздарынын үлгүлөрүн тандап алуу.".
5. 6-беренеде түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Тузду таңгактоого, маркалоого, ташууга, сактоого талаптар
Тузду таңгактоого, маркалоого, ташууга, сактоого талаптар тиешелүү техникалык регламенттер менен аныкталат.".
7. 12-беренедеги "чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "чөйрөсүндө саясат иштеп чыгуу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Йддолгон туздун сапатынын коопсуздугун коомдук контролдоо
Кыргыз Республикасынын жарандары жана коомдук уюмдар йоддолгон туздун сапатына жана коопсуздугуна коомдук контролдук жүргүзүүгө укуктуу.".
9. 14-берене күчүн жоготту деп табылсын.
10. 18-берененин экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзам долбооруна карата
САЛЫШТЫРМА-ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| 1-статья. Негизги түшүнүктөр Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулар - организмде йоддун болушунун төмөндөшү менен шартталган, тамак бездеринин аткарган кызматынын бузулушуна байланышкан организмдин патологиялык абалы. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын чөйрөсүнө кара күч жана акыл-эс жактан өнүгүүнүн бузулушу, кретинизм, богок оорусу, аялдардын репродукциялык функциясынын бузулушу, балдардын жашоонун биринчи жылында өлүшүнүн жогорулашы кирет. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууга багытталган иш-чаралардын тутуму. Тузду йоддоштуруу - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын массалык алдын алуу үчүн тузду йод менен байытуу. Тузду таркатуучулар - менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө карабастан тузду ташып келүүнү же сатып өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар. | 1-берене. Негизги түшүнүктөр Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулар - организмде йоддун болушунун төмөндөшү менен шартталган, тамак бездеринин аткарган кызматынын бузулушуна байланышкан организмдин патологиялык абалы. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын чөйрөсүнө кара күч жана акыл-эс жактан өнүгүүнүн бузулушу, кретинизм, богок оорусу, аялдардын репродукциялык функциясынын бузулушу, балдардын жашоонун биринчи жашында өлүшүнүн жогорулашы кирет. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууга багытталган иш-чаралардын тутуму. Тузду йоддоштуруу - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын массалык алдын алуу үчүн тузду йод менен байытуу. Тузду таркатуучулар - менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө карабастан тузду ташып келүүнү же сатып өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө көзөмөлдөө-контролдоо функцияларын аткарууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы. |
| 3-1-берене. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлиги органдарынын тутуму Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. | |
| 4-статья. Йоддун жетишсиздиктен болуучу оорулардын алдын алууга мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтү йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууга мамлекеттик контроль жагында: - максаттуу программаларды иштеп чыгат жана аларды каржылайт, йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууну камсыз кылуу жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтөт; - йоддоштурулган туздун сапатына, йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууга мамлекеттик жана жарандык контролду жүзөгө ашыруу үчүн материалдык-техникалык камсыз кылууну уюштурат; - йоддоштурулган тузду өндүрүүнү өнүктүрүүгө инвестицияларды тартууну камсыз кылат; - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын эпидемиясын жоюу үчүн материалдык резервдер түзөт; - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууга катышкан мамлекеттик органдардын ишине контролдукту жүзөгө ашырат. Калктын йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулар менен ооругандыгынын абалына мамлекеттик контроль, ошондой эле йоддоштурулган тузду колдонууда калктын ооруп калуу тобокелинин даражасына баа берүү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Тамак-аш тузун Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө мамлекеттик контролду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүзөгө ашырышат. | 4-берене. Йод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктоо; - өз компетенциясынын чегинде йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышын контролдоо; - йоддолгон туздардын сапатына мамлекеттик жана жарандык контроль жүргүзүү үчүн материалдык-техникалык жактан камсыздалышын, йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууну уюштуруу; - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын эндемиясын жоюу үчүн материалдык резервдерди түзүү. |
| 5-статья. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жаатындагы компетенциясы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жаатындагы компетенциясына: - мамлекеттик бийликтин аткаруучу органдарын, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жаатындагы ишин координациялоо; - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын калктын арасында жайылышына, тиешелүү алдын алуу жана дарылоо иш-чараларын өткөрүүнүн натыйжалуулугуна көз салуу, ага баа берүү жана анын деңгээлин божомолдоо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуунун маселелери боюнча сунуштарды киргизүү; - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу; - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардан жабыр тарткан адамдарга өз убагында жана сапаттуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу кирет; - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу боюнча Улуттук программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу кирет. | 5-берене. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет: - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө максаттуу программаларды иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү; - йоддун жетишсиздигинен болуучу ооруларды болтурбоого багытталган илимий иштерди уюштуруу; - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууга карата жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу аркылуу калкка кабар берүүнү жогорулатуу; - йоддолгон туздардын өндүрүлүшүн өнүктүрүүгө инвестицияларды тартууга катышуу; - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын ишин координациялоо; - калк арасында йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын таралуу деңгээлине, тиешелүү алдын алуу жана дарылоо иш-чараларын өткөрүүнүн натыйжалуулугуна байкоо жүргүзүү, баа берүү жана болжолдоо; - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардан жабыр тарткан адамдарга өз мезгилинде жана сапаттуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет: - Кыргыз Республикасында тамак-аш тузун өндүрүүгө, сактоого, ташууга жана сатууга контролдук жүргүзүү; - йоддолгон туздун сапатынын коопсуздугуна мамлекеттик контролду жүргүзүү; - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келишине экспертизадан өткөрүү үчүн тамак-аш жана тоют туздарынын үлгүлөрүн тандап алуу. |
| 6-статья. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу боюнча чаралар жана аларды жүргүзүүнүн принциптери Кыргыз Республикасында йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларда белгиленген тартипте өткөрүлөт. Мамлекеттик бийликтин аткаруучу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар: - Кыргыз Республикасынын аймагында йоддоштурулган тузду өндүрүүгө, ташып келүүгө, сатып өткөрүүгө жана пайдаланууга карата талаптардын сакталышын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик бийликтин аткаруучу органдарынын, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын жоопкерчилигинин; - йоддун жеташсиздигинен болуучу оорулардан жабыр тарткан адамдардын саламаттык сактоонун мамлекеттик, коммуналдык же менчик тутумунун мекемелеринде квалификациялуу медициналык жардам алуусунун жеткиликтүүлүгүнүн жана алышынын; - туздун зыяндуу таасиринен ден соолугун жоготкон учурда жарандардын укуктарын коргоо жана тузду өндүрүүчүлөр менен таркатуучулар тарабынан ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруунун принциптеринде жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзам тарабынан белгиленген бардык укуктардан жана милдеттерден Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей пайдаланат. | 6-берене. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу боюнча чаралар жана аларды жүргүзүүнүн принциптери Кыргыз Республикасында йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларда белгиленген тартипте өткөрүлөт. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар: - Кыргыз Республикасынын аймагында йоддоштурулган тузду өндүрүүгө, ташып келүүгө, сатып өткөрүүгө жана пайдаланууга карата талаптардын сакталышын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдарынын, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын жоопкерчилигинин; - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардан жабыр тарткан адамдардын саламаттык сактоонун мамлекеттик, коммуналдык же менчик тутумунун мекемелеринде квалификациялуу медициналык жардам алуусунун жеткиликтүүлүгүнүн жана алышынын; - туздун зыяндуу таасиринен ден соолугун жоготкон учурда жарандардын укуктарын коргоо жана тузду өндүрүүчүлөр менен таркатуучулар тарабынан ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруунун принциптеринде жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзам тарабынан белгиленген бардык укуктардан жана милдеттерден Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей пайдаланат. |
| 10-статья. Тузду пачкалоого, маркировкалоого, ташууга, сактоого коюлуучу талаптар Тузду пачкалоого, маркировкалоого, ташууга, сактоого коюлуучу талаптар стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик орган тарабынан аныкталат улуттук стандарттар, технологиялык нускамалар, ыйгарым укук берилген. | 10-берене. Тузду таңгактоого, маркалоого, ташууга, сактоого талаптар Тузду таңгактоого, маркалоого, ташууга, сактоого талаптар тиешелүү техникалык регламенттер менен аныкталат. |
| 12-статья. Йоддоштурулган туздун сапатынын жана коопсуздугунун кепилдиктери Менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө карабастан йоддоштурулган тузду өндүрүүнү жөнөтүүгө, сатып өткөрүүнү жана жарнамалоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар керектөөчүлөргө йоддоштурулган туздун сапатына жана коопсуздугуна, анын Кыргыз Республикасынын милдеттүү мамлекеттик стандарттарына ылайык келишине кепил болууга милдеттүү. Йоддоштурулган туздун сертификацияланышы жөнүндө маалыматты керектөөчүгө берүүнүн түрү жана тартиби керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жарандагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген йоддоштурулган тузду сактоонун мөөнөтү аяктагандан кийин, жер-жерлерде (базарлардын, соода уюмдарынын, түйүндөрүнүн, дүкөнчөлөрүнүн менчик ээлери тарабынан) менчигинин түрүнө карабастан тамак-аш тузун алып келүүнү, казып алууну, өндүрүүнү, сактоону жана сатып өткөрүүнү жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактардын өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен туз өнөр жайлык кайра иштетилүүгө жана йоддоштурулууга тийиш. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш тузун сатууга жол берилбейт. Йоддоштурулбаган тамак-аш тузун саткан жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат. | 12-берене. Йоддоштурулган туздун сапатынын жана коопсуздугунун кепилдиктери Менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө карабастан йоддоштурулган тузду өндүрүүнү жөнөтүүгө, сатып өткөрүүнү жана жарнамалоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар керектөөчүлөргө йоддоштурулган туздун сапатына жана коопсуздугуна, анын Кыргыз Республикасынын милдеттүү мамлекеттик стандарттарына ылайык келишине кепил болууга милдеттүү. Йоддоштурулган туздун сертификацияланышы жөнүндө маалыматты керектөөчүгө берүүнүн түрү жана тартиби керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө саясат иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген йоддоштурулган тузду сактоонун мөөнөтү аяктагандан кийин, жер-жерлерде (базарлардын, соода уюмдарынын, түйүндөрүнүн, дүкөнчөлөрүнүн менчик ээлери тарабынан) менчигинин түрүнө карабастан тамак-аш тузун алып келүүнү, казып алууну, өндүрүүнү, сактоону жана сатып өткөрүүнү жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактардын өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен туз өнөр жайлык кайра иштетилүүгө жана йоддоштурулууга тийиш. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш тузун сатууга жол берилбейт. Йоддоштурулбаган тамак-аш тузун саткан жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат. |
| 13-статья. Йоддоштурулган туздун сапатын жана коопсуздугун контролдоо Мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдары йоддоштурулган туздун сапатын жана коопсуздугун өз компетенциясынын чегинде контролдойт. Кыргыз Республикасынын жарандары жана коомдук бирикмелери йоддоштурулган туздун сапатын жана коопсуздугун коомдук контролдоону жүзөгө ашырууга укуктуу. | 13-берене. Йоддолгон туздун сапатынын коопсуздугун коомдук контролдоо Кыргыз Республикасынын жарандары жана коомдук уюмдар йоддолгон туздун сапатына жана коопсуздугуна коомдук контролдоо жүргүзүүгө укуктуу. |
| 14-статья. Мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдарынын жана йоддоштурулган туздун сапаты менен коопсуздугуна коомдук контролду жүзөгө ашыруучу адамдардын ыйгарым укуктары Белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдары тамак - аш жана тоют тузунун үлгүлөрүн йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүсүн экспертизадан өткөрүү үчүн тандап алууну жүзөгө ашырууга укуктуу. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жана йоддоштурулган туздун сапаты менен коопсуздугун коомдук контролдоону жүзөгө ашыруучу адамдардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. | 14-берене күчүн жоготту деп табылсын. |
| 18-статья. Эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жаатындагы эл аралык кызматташтыгы эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими тарабынан ушул Мыйзам менен каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат. | 18-берене. Эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жаатындагы эл аралык кызматташтыгы эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. |
"Йод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Бийликтин аткаруу бутагынын органдарын административдик реформалоону өткөрүү үчүн Өкмөт тарабынан негиз болуучу эки (2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 жана 2012-жылдын 12-январындагы № 12) документ кабыл алынып, аларда мамлекеттик органдардын функцияларын чектөө каралган, ошондой эле Өкмөткө баш ийген административдик ведомстволордун жаңы түзүмү аныкталган. Ушул реформа Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 23-декабрындагы токтому менен бекитилген Өкмөттүн Программасында баяндалган Премьер-министр тарабынан аныкталган мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына байланыштуу өткөрүлүүдө. Атап айтканда, административдик реформа өткөрүү максатында жасалган маанилүү кадамдардын бири болуп мамлекеттик органдардын текшерүү-көзөмөлдөө функцияларын эки мамлекеттик органдын бирине алардын компетенциясына ылайык өткөрүп берүү эсептелет. Өкмөттүн Программасын талаптагыдай жүзөгө ашыруу максатында Премьер-министрдин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 буюрмасы менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жана аларга аткаруу бийлигинин тутумун реформалоодон келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жумушчу тобу түзүлгөн. Ушул жумушчу топтун ишин Юстиция министрлиги координацияламакчы. Аталган топтун ишинин алкагында Юстиция министрлиги тарабынан айрым мамлекеттик органдар менен бирге тиешелүү багыттар боюнча бир мамлекеттик орган саясатты аныктоо жана анын аткарылышы үчүн көзөмөлдөө функцияларын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды кошо аткаруусуна жол бербөө максатында бир катар ченемдик укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе иштелип чыккан. Юстиция министрлиги тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте мыйзамдардын тизмеси, анын ичинде, "Йод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аныкталган да, анын жоболорун жогорудагы топтун ишинин алкагында кайрадан карап чыгуу зарылчылыгы келип чыгууда. Тактап айтканда, ушул мыйзам долбоору аркылуу йод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын-алуу тармагында саясатты иштеп чыгууда жана ушул саясаттын жүзөгө ашырылышын көзөмөлдөөдө мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын чектөө каралууда. Мындан тышкары мыйзам долбоору аркылуу "йод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын-алуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" жана "йод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын-алуу тармагында көзөмөлдөө жана текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" тутумун, ыйгарым укуктарын жана түшүндүрмөлөрүн аныктоо сунушталып жаткандыгын белгилейбиз. Жогорудагы жалпыланган атоолор жогоруда аталган органдардын аталышы үчүн колдонулуу менен, мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоодо мамлекеттик органдардын аталыштары кайрадан өзгөрүшү мүмкүн экендигинен улам мыйзамдарга түзөтүүлөрдү улам-улам киргизүү түйшүгүнөн кутулууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле сунуш кылынган мыйзам долбоорунун иштөө тармагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин компетенциясына киргендиктен, ушул долбоор Жогорку Кеңеш тарабынан каралган учурда аталган органдын министрин Өкмөттүн расмий өкүлү катары аныктоону сунуштайбыз.
Министр
А.Шыкмаматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (5)
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 (Жумушчу топтор түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 10.01.2012 · № 5
- О профилактике йододефицитных заболеванийЗакон · 18.02.2000 · № 40 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2011 · № 762 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 365 "Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 24.06.2013 · № 365 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон