Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 14 января 2013 года № 13 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-01-14.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 8-августу № 556 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1993-ж., № 3, 90-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-берененин 1-бөлүгүндөгү "эл аралык келишимдер жана макулдашуулар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 6-берененин 4-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "ички иштер органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 11-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Ар бир зонага кирүү жана чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана зона жөнүндө жободо чагылдырылат.".
4. 13-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Эркин экономикалык зоналарды түзүүнүн жана жоюунун тартиби
Эркин экономикалык зона тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикирин эске алуу менен мыйзамдын негизинде түзүлөт жана жоюлат. Ар бир эркин экономикалык зона жөнүндө жобо жана алардын өнүктүрүү программалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Юридикалык жак катары эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы эркин экономикалык зонанын субъекти болуп саналат.".
5. 15-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Эркин экономикалык зоналардагы юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо
Эркин экономикалык зонанын юридикалык жактарын, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) жана ишинин токтотулушун каттоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган бирдиктүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт. Экономикалык эркин зонанын аймагында өз ишин жүргүзүшкөн юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) эркин экономикалык зонанын тиешелүү башкы дирекциясында эсебин алуу каттоосунан (кайра каттоосунан) өтүүгө тийиш. Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) эсебин алуу каттоо (кайра каттоо) тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясына эркин экономикалык зонанын субъекттери катары ички рынокто чекене соода жасоо жана ар кыл кызматтарды көрсөтүү менен алектенген юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоого (кайра каттоого) тыюу салынат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 373-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын: "373-берене. Эркин экономикалык зонанын субъекти
Эркин экономикалык зонанын (ЭЭЗ) субъекттери болуп бирдиктүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган (кайра катталган) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЭЭЗ башкы дирекциясында эсебин алуу каттоосунан (кайра каттоосунан) өткөн юридикалык жактар, филиалда (өкүлчүлүктөр) таанылат.".
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын айрым
мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын ишинин чегинде иштелип чыккан. Ушул мыйзам долбор аркылуу "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөр киргизилүүдө. Атап айтканда, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамдын 5-беренесин Конституциянын 6-беренесине ылайык келтирүү сунушталууда, ага ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Ошондой эле ушул Мыйзамды "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүү сунушталат, ага ылайык министрликтер жана ведомстволор ченемдик укуктук актыларды чыгаруу боюнча ыйгарым укуктарын жоготуп олтурушат. Мындан тышкары Мыйзам долбоору аркылуу "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамдын 13-беренесине тиешелүү түзөтүүлөр киргизилүүдө, ага ылайык эркин экономикалык зонасын, тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикирин эске алуу менен, мыйзамдын негизинде түзүү жана жоюу сунушталат. Ошондой эле долбоор аркылуу эркин экономикалык зоналардагы юридикалык жактарды каттоонун жол-жобосун кайра карап көрүү сунушталууда. Бүгүн Кыргыз Республикасынын территориясында юридикалык жактарды каттоо функциясын юстиция органдарынан тышкары эркин экономикалык зоналардын башкы дирекциялары (мисалы, "Бишкек" ЭЭЗ 2011-жылдын 20-июнуна ЭЭЗ иштеп жаткан субъекттеринин саны 679ду, "Нарын" ЭЭЗ (2011-жылдын 26-майына) 44тү, "Каракол" ЭЭЗ - (2011-жылдын 30-майына) 97ни жана юстиция министрлиги тарабынан катталган 70154 субъектини түзгөн. Ушундан улам Кыргыз Республикасында юридикалык жактарды каттоо функциясын ишке ашырган бирдиктүү мамлекеттик орган жок экендигин белгилей кетүүбүз абзел. Ошондой эле юстиция органдары юридикалык жактарды каттоодо "Юридикалык жактарды, филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алат, ага ылайык юридикалык жак мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндөн кийин арыз ээсине тиешелүү маалыматтар (катар номурдан, каттоо органынын кодунан жана уюштуруучулук-укуктук формасынын кыскартылган белгисинен, ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун кодунан, салык төлөөчүнүн жекелик номурунан, алгач катталган күндөн, юридикалык дарегинен ж.б. турган каттоо номуру) көрсөтүлгөн мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк берилет. Мында юридикалык жакты каттоо "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзүлөт. Аталган принцип бир катар оң натыйжаларга жетишүүгө алып келди, атап айтканда:
- арыз ээсинин зарыл документтерди кабыл алган жана берген бир органды аныктады, бул арыз ээсине ыңгайлуу экендиги көрүндү;
- сунуштала турган документтердин санын кыскартты;
- коммерциялык уюмдардын катталуу мөөнөтүн кыскартты.
Бирок каттоонун ушул тартиби ЭЭЗ субъекттерин каттоого таркатылбай тургандыгын белгилөө абзел. Баяндалгандардан улам мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын территориясында юридикалык жактарды каттоо үчүн бирдиктүү эрежелерди киргизүү жана ЭЭЗ территориясында турган субъекттерди каттоо тартибин жеңилдетүү сунушталууда. Ошондой эле Мыйзам долбоору аркылуу Салык кодексине да тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Бирдиктүү ыйгарым укуктуу органды аныктоо төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзөт:
- бардык юридикалык жактар жөнүндө маалыматтар бир мамлекеттик органда топтолуп, бул жеке адамдарга жана юридикалык жактарга бир мамлекеттик органдан зарыл маалыматтарды алууга жана маалыматтардын бирдиктүү электрондук базасын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт;
- ушул мезгилде ар кыл мамлекеттик органдарда болгон маалыматты андан ары бир мамлекеттик органга бириктирүү, жалпылоо жана топтоо аркылуу натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүлөт;
- юридикалык жактарды каттоо процессине тартылган кызматчылардын санын кыскартууга өбөлгө түзүлөт;
- юридикалык жактарды каттоо тармагында бирдиктүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүлөт.
Ошону менен бирге, Мыйзам долбоорун коомдук талкуудан өткөргөн учурда сунуштар жана пикирлер келип түшпөгөндүгүн белгилеп кетебиз. Ошондой эле, аталган мыйзамдын кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды алып келбейт. Андан башка, өткөрүлгөн улуттук жана эл аралык мыйзамдардын иштеп жаткан ченемдерин талдоонун жыйынтыгында, сунушталган мыйзам долбоорунун ченемдери иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт. Кошумча иретинде, сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
Министр
А.Шыкмаматов
"Кыргыз Республикасынын айрым
мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Мурдагы редакциясы | Сунушталган редакциясы |
|---|---|
| "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | |
| 5-берене. Эркин экономикалык зоналар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Эркин экономикалык зоналарды түзүүгө жана анын ишине байланыштуу келип чыгуучу мамилелер ушул Мыйзам, салык мыйзамдары эркин экономикалык зоналар жөнүндө жоболор, [эл аралык келишимдер жана макулдашуулар] тарабынан жөнгө салынат. Эркин экономикалык зоналардын аймагында Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген мыйзамдары жана Эркин экономикалык зоналар жөнүндө жобо колдонулат. | 5-берене. Эркин экономикалык зоналар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Эркин экономикалык зоналарды түзүүгө жана анын ишине байланыштуу келип чыгуучу мамилелер ушул Мыйзам, салык мыйзамдары эркин экономикалык зоналар жөнүндө жоболор, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН ЖАНА МЫЙЗАМДА АНЫКТАЛГАН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР тарабынан жөнгө салынат. Эркин экономикалык зоналардын аймагында Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген мыйзамдары жана Эркин экономикалык зоналар жөнүндө жобо колдонулат. |
| 6-берене. Өзгөчө бажы режими Эркин экономикалык зоналарда өзгөчө бажы режими колдонулат, ага эркин экономикалык зоналарга алып келинген товарларга, же реэкспорт үчүн арналган товарларга бажы алымдарын жокко чыгаруу, ошондой эле чек ара аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүп турушу, экспортко жана импортко тарифтик эмес чектөөлөрдү жокко чыгаруу кирет. Эркин экономикалык зоналардын аймагынан Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып чыгуучу товарларга карата: 1) салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары ылайык жүргүзүлөт; 2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамына ылайык колдонулат. Эркин экономикалык зоналардын аймактарында чыгарылбаган жана Кыргыз Республикасынын бажы аймактарына эркин экономикалык зоналардын субъекттери тарабынан алып келинген товарларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы алымдары, кошумча нарк салыгы жана акциздик салык салынат. Бул режимди камсыз кылуу үчүн эркин экономикалык зоналардын Башкы дирекциялары эркин экономикалык зоналардын Башкы дирекциялары ыйгарым укуктуу бажы органы тарабынан жана Кыргыз Республикасынын [Ички иштер министрлиги] менен биргелешип, бул зоналардагы бажы кызматтарынын жана укук коргоо органдарынын бөлүмдөрүн түзөт. Эркин экономикалык зоналардын аймагы аркылуу экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды транзиттөө кандайдыр бир бажылык жеңилдиктерсиз жүзөгө ашырылат. | 6-берене. Өзгөчө бажы режими Эркин экономикалык зоналарда өзгөчө бажы режими колдонулат, ага эркин экономикалык зоналарга алып келинген товарларга, же реэкспорт үчүн арналган товарларга бажы алымдарын жокко чыгаруу, ошондой эле чек ара аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүп турушу, экспортко жана импортко тарифтик эмес чектөөлөрдү жокко чыгаруу кирет. Эркин экономикалык зоналардын аймагынан Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып чыгуучу товарларга карата: 1) салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары ылайык жүргүзүлөт; 2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамына ылайык колдонулат. Эркин экономикалык зоналардын аймактарында чыгарылбаган жана Кыргыз Республикасынын бажы аймактарына эркин экономикалык зоналардын субъекттери тарабынан алып келинген товарларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы алымдары, кошумча нарк салыгы жана акциздик салык салынат. Бул режимди камсыз кылуу үчүн эркин экономикалык зоналардын Башкы дирекциялары эркин экономикалык зоналардын Башкы дирекциялары ыйгарым укуктуу бажы органы тарабынан жана Кыргыз Республикасынын ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫ менен биргелешип, бул зоналардагы бажы кызматтарынын жана укук коргоо органдарынын бөлүмдөрүн түзөт. Эркин экономикалык зоналардын аймагы аркылуу экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды транзиттөө кандайдыр бир бажылык жеңилдиктерсиз жүзөгө ашырылат. |
| 11-берене. Эркин экономикалык зонадан чыгып кетүүнүн жана ага келүүнүн тартиби Эркин экономикалык зоналарда чет өлкөлүк граждандардын чыгып кетишинин жана ага келишинин жөнөкөйлөтүлгөн режими колдонулат. [Ар бир зона үчүн чыгып кетүүнүн жана ага келүүнүн айкын эрежелери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министерствосу тарабынан белгиленет жана зона жөнүндө Жободо жазылат, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан финансылануучу атайын агентство түзөт.] | 11-берене. Эркин экономикалык зонадан чыгып кетүүнүн жана ага келүүнүн тартиби Эркин экономикалык зоналарда чет өлкөлүк граждандардын чыгып кетишинин жана ага келишинин жөнөкөйлөтүлгөн режими колдонулат. АР БИР ЗОНАГА КИРҮҮ ЖАНА ЧЫГУУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ ЖАНА ЗОНА ЖӨНҮНДӨ ЖОБОДО ЧАГЫЛДЫРЫЛАТ. |
| [13-берене. Эркин экономикалык зоналарды түзүүнүн жана жоюунун тартиби Эркин экономикалык зона жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикирин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча түзүлөт жана жоюлат. Эркин экономикалык зонанын чек арасы, анын иш жүргүзүүсүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат. Ар бир эркин экономикалык зона жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. ЭЭЗдин Башкы дирекциясы юридикалык жак катары эркин экономикалык зонанын субъектиси болуп эсептелет.] | 13-БЕРЕНЕ. ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК ЗОНАЛАРДЫ ТҮЗҮҮНҮН ЖАНА ЖОЮУНУН ТАРТИБИ ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК ЗОНА ТИЕШЕЛҮҮ ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯЛАРДЫН ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ПИКИРИН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ТҮЗҮЛӨТ ЖАНА ЖОЮЛАТ. АР БИР ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК ЗОНА ЖӨНҮНДӨ ЖОБО ЖАНА АЛАРДЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛЕТ. ЮРИДИКАЛЫК ЖАК КАТАРЫ ЭЭЗ БАШКЫ ДИРЕКЦИЯСЫ ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК ЗОНАНЫН СУБЪЕКТИ БОЛУП САНАЛАТ. |
| [15-берене. Эркин экономикалык зоналардагы чет өлкөлүк инвестициясы бар ишканаларды каттоо Эркин экономикалык зонадагы мурда иштеп жаткан же жаңыдан түзүлүп жаткан чет өлкөлүк инвестициясы бар ишканалар, ошондой эле эркин экономикалык зонанын аймагынан тышкары жайгашкан ишканалардын эркин экономикалык зонада мурда иштеп жаткан же жаңыдан түзүлүп жаткан филиалдары, бөлүмдөрү жана өкүлчүлүктөрү эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы (дирекциясы) тарабынан катталууга тийиш. Чет өлкөлүк инвестициясы бар чарба жүргүзүүчү субъектилерди каттоонун тартиби эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы (дирекциясы) тарабынан белгиленет. ЭЭЗдин башкы дирекциясы ЭЭЗге субъект катары катталгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын салык органына, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине билдирүүгө милдеттүү. Эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясына чекене соода жүргүзгөн жана ички рынокто ар кандай кызматтарды көрсөткөн чарба жүргүзүүчү субъектилерди эркин экономикалык зонанын субъектилери катары каттоого тыюу салынат.] | 15-БЕРЕНЕ. ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК ЗОНАЛАРДАГЫ ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ, ФИЛИАЛДАРЫН (ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮН) КАТТОО ЭЭЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ, ФИЛИАЛДАРЫН (ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮН) МАМЛЕКЕТТИК КАТТООНУ (КАЙРА КАТТООНУ) ЖАНА ИШИНИН ТОКТОТУЛУШУН КАТТООНУ ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛГАН БИРДИКТҮҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ЖҮРГҮЗӨТ. ЭКОНОМИКАЛЫК ЭРКИН ЗОНАНЫН АЙМАГЫНДА ӨЗ ИШИН ЖҮРГҮЗҮШКӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР, ФИЛИАЛДАР (ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨР) ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК ЗОНАНЫН ТИЕШЕЛҮҮ БАШКЫ ДИРЕКЦИЯСЫНДА ЭСЕБИН АЛУУ КАТТООСУНАН ӨТҮҮГӨ ТИЙИШ. ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН, ФИЛИАЛДАРЫНЫН (ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН) ЭСЕБИН АЛУУ КАТТОО (КАЙРА КАТТОО) ТАРТИБИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК ЗОНАНЫН БАШКЫ ДИРЕКЦИЯСЫНА ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК ЗОНАНЫН СУБЪЕКТТЕРИ КАТАРЫ ИЧКИ РЫНОКТО ЧЕКЕНЕ СООДА ЖАСОО ЖАНА АР КЫЛ КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ, ФИЛИАЛДАРДЫ (ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮ) КАТТООГО (КАЙРА КАТТООГО) ТЫЮУ САЛЫНАТ. |
| Кыргыз Республикасынын Салык кодекси | |
| [373-берене. ЭЭЗ субъекти ЭЭЗ субъекти болуп ЭЭЗдин башкы дирекциясында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган уюмдар эсептелет.] | 373-БЕРЕНЕ. ЭЭЗ СУБЪЕКТТЕРИ ЭЭЗ СУБЪЕКТТЕРИ БОЛУП БИРДИКТҮҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ТАРАБЫНАН КАТТАЛГАН (КАЙРА КАТТАЛГАН) ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫК ЭЭЗ БАШКЫ ДИРЕКЦИЯСЫНДА ЭСЕБИН АЛУУ КАТТООСУНАН (КАЙРА КАТТООСУНАН) ӨТКӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР, ФИЛИАЛДАРЫ (ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮ) ТААНЫЛАТ.". |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 11.01.2014 · № 6
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра…Постановление · 14.01.2013 · № 13 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 16.12.1992 · № 1076-XII