Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 535 токтому менен бекитилген
Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планынын 78-пунктуна ылайык иштелип чыкты жана "Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык социалдык кызматтарды көрсөтүү жана уюштуруу үчүн калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү (мындан ары - баа берүү) тартибин аныктайт.
2. Эсепке алууну жүргүзүү боюнча даярдоо иштери
2. Баа берүү саламаттык сактоо, билим берүү, ички иштер, жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөктөшүүсүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан тиешелүү жылдын 1-февралынан тартып 1-мартына чейин үч жылда кеминде бир жолу уюштурулат.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан калктын жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүүнүн республикалык планы кабыл алынат жана калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү боюнча анкетанын формасы бекитилет.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары калктын жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүүнүн республикалык планына ылайык уюштуруу комиссияларынын курамдарын жана үймө-үй анкеталоо жүргүзүүнүн календардык планын бекитет.
5. Календардык планда маселелер так көрсөтүлөт жана конкреттүү калктуу конуш (шаар, айыл) боюнча анкеталоонун башталышынын жана аякташынын мөөнөтү аныкталат.
6. Анкеталоо бекитилген формадагы анкеталарды толтуруу аркылуу жүргүзүлөт, ал ушул аймакта жашаган жана даректүү социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү үймө-үй кыдыруунун, ошондой эле аймактык социалдык өнүктүрүү органдарына кайрылган жарандардын арыздарынын негизинде толтурулат.
7. Социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаж жарандардын бардык категориясын аныктоо жана камтуу максатында аймактык социалдык өнүктүрүү органдары тарабынан тиешелүү органдарга жана мекемелерге суроо-талаптар жөнөтүлүшү мүмкүн, бул жазасын өтөп жаткан балдардын саны, билим берүү мекемелериндеги адамдардын категориялары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн керек.
8. Социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаж катары төмөнкүлөр таанылат:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар (чоң кишилер жана балдар);
- жетим калган же ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жана кризистик же оор турмуштук кырдаалга кабылган башка балдар;
- кароосуз жана багуусуз калган балдар жана өспүрүмдөр;
- жүрүм-туруму девианттуу болгон балдар жана өспүрүмдөр;
- үй-бүлөдө ырайымсыз мамилеге жана зомбулукка кабылуучу (кабылган) балдар;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөр;
- үй-бүлөдө жагымсыз моралдык-психологиялык чөйрөдөн жабыр тартуучу үй-бүлөлөр, анын ичинде көп балалуу үй-бүлөлөр;
- толук эмес үй-бүлөлөр;
- эрезеге жете элек ата-энелердин үй-бүлөлөрү;
- жалгыз бой улгайган жарандар;
- атайын окуу-тарбиялоо мекемелериндеги адамдар;
- жашаган жери белгисиз адамдар.
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары Календардык планда белгиленген мөөнөттө:
а) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына үймө-үй анкеталоону уюштурууга жооптуу адамдарды аныктоону сунуштайт;
б) аймактык социалдык өнүктүрүү органдары менен бирдикте анкеталоону жүргүзүүгө жооптуу адамдарга инструктаж берүүнү уюштурат жана өткөрөт;
в) анкеталоону жүргүзүүчү адамдарды анкеталардын формалары менен камсыз кылат.
3. Жарандардын категорияларын эсепке алуу жана баа берүү тартиби
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - райондук мамлекеттик администрацияга толтурулган анкеталарды жана жарандардын категорияларынын түзүлгөн тизмесин Календардык планда көрсөтүлгөн мөөнөттө берет.
11. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары анкеталоонун жыйынтыктары боюнча талдоо жүргүзүү таблицасын толтуруп, аларды анкеталардын тиркемелери менен аймактык социалдык өнүктүрүү органдарына тиешелүү жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө жөнөтүп, жыйынтык чыгарат.
12. Аймактык социалдык өнүктүрүү органдары анкеталоого талдоо жүргүзүү таблицасын системалаштырат, жыйынды талдоо жүргүзөт, тиешелүү аймактагы калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыгын аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине тиешелүү аймактарда социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштарды киргизет.
13. Анкеталар жана таблицалар аймактык социалдык өнүктүрүү органдарында сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111
- КР Ɵкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 535 "Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 02.08.2012 · № 535
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын…Постановление · 25.01.2012 · № 55 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-апрелиндеги № 131-б (012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын 2012-жылда ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө…Распоряжение · 12.04.2013 · № 131-р
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга…Постановление · 17.05.2013 · № 273
- "План мероприятий на 2012 год по реализации Программы Правительства Кыргызской Республики "Стабильность и достойная жизнь" (Утвержден постановлением Правительства КР от 25 января…План · 25.01.2012 · № 55 · Күчүн жоготкон