Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмөтүнүн «Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 2-августу № 535 Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарын аныктоо жана калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Үймө-үй анкеталоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча типтүү календардык план 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
О.Бабанов
2-тиркеме
Үймө-үй анкеталоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча
ТИПТҮҮ КАЛЕНДАРДЫК ПЛАН
| № | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар |
|---|---|---|---|
| I. Уюштуруу иши | |||
| 1 | Үймө-үй анкеталоонун зарылдыгын негиздөө, райондун башчысы, шаардын мэри менен жолугушуу, маселелерди коюу. | ||
| 2 | Үймө-үй анкеталоону уюштуруу жөнүндө чечимдерди даярдоо. | ||
| 3 | Үймө-үй анкеталоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча шаарлардын, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, райондук билим берүү башкармалыктарынын, жашы жетпегендердин иштери боюнча инспекциялардын, райондук (шаардык) социалдык өнүгүү башкармалыктарынын жетекчилери менен инструкциялык кеңешме. | ||
| 4 | Жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, шаардын мэриясына төмөнкүлөр берилет: - интервьюерлердин тизмеси (100 үй-бүлөгө 1 адам); - анкеталарынын зарыл саны тууралуу табыштамалар; - айыл өкмөттөрү, тиешелүү аймактык бирдиктер боюнча үймө-үй анкеталоо жүргүзүү боюнча жооптуу. | ||
| II. Окуу | |||
| 1 | Үймө-үй анкеталоону уюштурууга жана маалыматтарды иштеп чыгууга жооптуу адамдар менен семинар. | ||
| 2 | Үймө-үй анкеталоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жеке консультациялар. | ||
| III. Практикалык иш-чаралар | |||
| 1 | Табыштамаларга ылайык анкеталарды берүү. | ||
| 2 | Үй-бүлөлөрдү үймө-үй анкеталоо, анкеталарды толтуруу. | ||
| 3 | Үймө-үй анкеталоо жүргүзүү мезгилинде укуктук тартипти камсыз кылуу. | ||
| 4 | Айыл өкмөттөрү, тиешелүү аймактык бирдиктер, район боюнча анкеталарды иштеп чыгуу, интервьюерлер тарабынан анкеталоого талдоо жүргүзүү таблицаларын түзүү. | ||
| 5 | Анкеталоого талдоо жүргүзүү таблицаларын жана алгачкы анкеталарды райондук (шаардык) социалдык өнүгүү башкармалыктарына берүү. | ||
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-апрелиндеги № 131-б (012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын 2012-жылда ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө…Распоряжение · 12.04.2013 · № 131-р
- Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттар…Стандарт · 17.05.2013 · № 273
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 479 "2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасы жөнүндө" токтомуПостановление · 14.08.2017 · № 479
- Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 535 токтому менен…Положение · 02.08.2012 · № 535
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.