Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө ТАРТИБИ (КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 27 сентября 2019 года № 500 "Об утверждении Порядка выплаты материального вознаграждения членам Совета по отбору судей Кыргызской Республики, не занимающим должности судей"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-09-27.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 500 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 529 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө ТАРТИБИ
1. Бул Тартип "Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) мүчөлөрүнө "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча Кеңештин иштөө мезгилинде материалдык сый акы төлөө тартибин жөнгө салуучу нормаларды белгилөө максатында иштелип чыккан.
2. Кеңештин төрагасына жана мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти тарабынан ай сайын төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
1) Кеңештин төрагасына - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык маянасынын өлчөмүндө;
2) Кеңештин мүчөлөрүнө - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызматтык маянасынын өлчөмүндө.
3. Материалдык сый акы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше салыгын жана мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн суммасын кармоо менен төлөнөт.
4. Материалдык сый акынын суммасын эсептөөдө соттордун кызмат ордун ээлөөгө талапкерлигин койгон адамдардын арыздарын жана документтерин кароо боюнча жумушчу топтун, Кеңештин жыйындарына келбей калган ар бир күнү үчүн ушул Тартиптин 2-пунктунда белгиленген материалдык сый акынын суммасынан 1 процентке барабар болгон азайтуучу коэффициент колдонулат.
5. Ушул Тартиптин 4-пунктунда белгиленген коэффициентти колдонуу үчүн негиз болуп ар бир айдын аягында Кыргыз Республикасынын Сот департаментине берилүүчү Кеңештин, жумушчу топтун жыйындарынын ишине Кеңештин мүчөлөрүнүн катышпаган күндөрүнүн саны жөнүндө Кеңештин төрагасынын, ал эми ал жок учурда - Кеңештин төрагасынын орун басарынын маалыматы эсептелет.
6. Материалдык сый акынын суммасы ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын жеке арыздарынын негизинде банктагы алыш-бериш эсебине которулушу мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 529 "Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.08.2012 · № 529 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 40 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 500 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин, судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы…Постановление · 27.09.2019 · № 500 · Күчүн жоготкон