Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН «»Патент мыйзамы» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-05-14.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 14-майы № 281 "Патент мыйзамы" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Патент мыйзамы" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Патент мыйзамы" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Патент мыйзамы" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 3, 69-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 5-статьяда:
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эгерде ойлоп табуу ушул тармактагы адис үчүн техниканын деңгээлинен ачык көрүнүп турбаса, ал ойлоп табуунун деңгээлине ээ болот.";
- 9 жана 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Төмөндөгүлөр ойлоп табуу катары таанылбайт:
1) ачылыштар;
2) илимий теориялар жана математикалык методдор;
3) чарбаны уюштуруунун жана башкаруунун методдору;
4) шарттуу белгилер, расписаниелер, эрежелер;
5) акыл операцияларын аткаруунун, оюн өткөрүүнүн эрежелери жана методдору;
6) эсептөөчү машиналар үчүн алгоритмдер жана программалар турган турпатында;
7) маалымат берүүдөн гана турган чечимдер;
8) курулуштарды, имараттарды, аймактарды пландаштыруунун долбоорлору жана схемалары;
9) эстетикалык таламдарды канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү сунуштар;
10) интегралдык микросхемалардын топологиялары;
11) өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукуму;
12) коомдук таламдарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү сунуштар.
Ушул статьянын тогузунчу бөлүгүнүн 6, 10, 11-пункттарында аталган объектилер өзүнчө мыйзамдар менен корголот".
2. 11-статья төмөнкүдөй мазмундагы 13-бөлүк менен толукталсын:
"Өнөр жай менчигинин объектисине патент менен тастыкталган мүлктүк укуктар күрөө предмети боло алышат.".
3. 15-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Лицензиялык келишим, патентке болгон укуктун күрөөсү жөнүндө келишим белгиленген алым төлөнгөн шартында, Кыргызпатентте каттоодон өтүүгө тийиш, ансыз жараксыз болуп эсептелет. Лицензиялык келишим, патентке болгон укуктун күрөөсү жөнүндө келишим Кыргызпатентте каттоодон өткөн датадан тартып күчүнө кирет жана каттоо жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.".
4. 17-статьянын 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү "ишенимдүү өкүл" деген сөздөрдөн кийин "же башка өкүл" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 28-статьяда:
- 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Патенттин формасы жана автордун күбөлүгү, ошондой эле анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан аныкталат.";
- 8-бөлүк "Берилген патенттен" деген сөздөрдөн кийин "жана автордун күбөлүгүнөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"Патент ээси болуп эсептелбеген өнөр жай менчигинин объектисинин авторуна Кыргызпатент тарабынан каалоосу боюнча автордун күбөлүгү берилет.";
6. VI бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"VI бөлүм. Патенттерди аракетин токтотуу жана калыбына келтирүү".
7. VI бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 32-1-статья менен толукталсын:
"32-1-статья. Патенттин аракетин калыбына келтирүү. Пайдалангандан кийинки укук
Эгерде ойлоп табууга патенттин аракети патентти күчүндө кармап туруу үчүн белгиленген мөөнөттө алымдын төлөнбөгөндүгүнүн натыйжасында токтотулса жана патенттин аракетинин мөөнөтү өтө элек болсо, анда анын ээсинин өтүнүч каты боюнча алымды төлөө боюнча бересени жана ушундай өтүнүч катты бергендиги үчүн белгиленген өлчөмдөгү алымды төлөгөн шартында, Кыргызпатент тарабынан мындай патенттин аракети калыбына келтирилиши мүмкүн. Ойлоп табууга патенттин аракетин калыбына келтирүү жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат. Кайсыл жеке же юридикалык жак болбосун, ойлоп табууга патенттин аракети токтотулган учурдан тартып аны калыбына келтирүү датасына чейин, ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында окшош чечимди пайдаланган болсо же ушуга карата зарыл болгон даярдыкты көрсө, ушундай пайдалануунун көлөмүн кеңейтпестен аны мындан ары акысыз пайдалануу укугу сакталат (пайдалангандан кийинки укук).".
2-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Патент мыйзамы" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Сунушталган мыйзам долбоору интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыкты. Мыйзам долбоору патент ээлерине укук берүүдөгү кошумча жол-жоболорду караштырат. Ошентип күрөө укугу киргизилет, патентти калыбына келтирүү караштырылат, пайдалангандан кийинки укук каралат. Өзгөртүүлөр улуттук мыйзамдарды чет өлкөлүк укуктардын ченемдери жана эл аралык келишимдердин жоболору менен шайкеш келтирүү максатында киргизилүүдө. Негизинен, төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталууда: Мыйзамдын 5-статьясында 3-бөлүгү жаңы редакцияда берилиши сунушталат, ага ылайык эгерде ойлоп табуу ушул тармактагы адис үчүн техниканын деңгээлинен ачык көрүнүп турбаса, ал ойлоп табуунун деңгээлине ээ болот. Ушул тармактагы адистин пикиринин негизинде тактыгын жана толуктугун баалоо, пайдаланылган техникалык терминологиянын тууралыгы, патентке жөндөмдүүлүк талаптарынын туура келиши, ойлоп табууну чечмелеп берүүнүн деңгээлинин маселелери чечилет (ойлоп табуучулук деңгээли жана жаңылыктуулук). Мыйзамдын 5-статьясын 9 жана 10-бөлүктөрүндөгү сунушталган өзгөртүүлөр эл аралык макулдашуулардын, региондук жана улуттук патенттик мыйзамдардын жоболорунун жана эксперттөө тажрыйбаларынын негизинде киргизилүүдө. 11- жана 15-статьяларында Мыйзамга өнөр жай менчигине патент менен тастыкталган мүлктүк укуктар күрөөнүн предмети боло алат деген жобону киргизүү караштырылат. Бул сунуштар "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктунан келип чыгат, ага ылайык күрөө берүүчүгө тиешелүү болгон мүлктүк укуктар, анын ичинде интеллектуалдык менчикке болгон укуктар күрөө предмети боло алышат. Мыйзамдын 17-статьясын 4-бөлүгүндө өкүлүнө байланыштуу толуктоолор киргизилген. Патенттик ишенимдүү өкүлдөр сыяктуу эле, өкүл Кыргызпатентке патент алууга өтүнмө берүүдө жана карап чыгууда ата мекендик ойлоп табуучулардын, уюмдардын, ишканалардын кызыкчылыктарын кесипкөйлүк менен көрсөтүүгө укугу бар. Мыйзамдын 28-статьясында киргизилген оңдоолорго ылайык патент ээси болуп эсептелбеген өнөр жай менчигинин объектисинин авторуна Кыргызпатент тарабынан автордун күбөлүгү берилет. 32-статья менен патенттин күчүн калыбына келтирүүнүн ченемдерин киргизүү жана ошондой эле ага байланыштуу пайдалангандан кийинки укук караштырылган. Көрсөтүлгөн толуктоо патент ээлеринин укуктарын кеңейтүүгө байланыштуу жана улуттук патенттик мыйзамдарды чет өлкөнүн патенттик укугунун ченемдери жана эл аралык келишимдердин жоболору менен шайкеш келтирүү максатында киргизилүүдө. (1883-жылдын 20-мартындагы Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын 5 bis (2) беренеси). Сунушталган мыйзам долбоорунун ченемдери колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларга каршы келбейт. Ошондой эле Мыйзам долбоору коомдун талкуусунан өтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн www.gov.kg сайтында жайгаштырылгандыгын белгилей кетели. Коомдук талкуулоонун натыйжасында эскертүүлөр жана сунуштар түшкөн эмес. Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт жана кандайдыр социалдык. Экономикалык, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт. Сунушталган мыйзам долбоору ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салууга багытталган эмес. Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорун регулятивдүү таасирдеги талдоонун негизинде негиздөөгө талап кылынбайт.
Төрага
М.Назарбеков
"Патент мыйзамы" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
САЛЫШТЫРУУ ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонулуп жаткан редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| 5-статья. Ойлоп табуунун патентке жарамдуулугунун шарттары Эгерде ойлоп табуу катары сунуш кылынган объект жаңы, ойлоп табуучулук деңгээлде болсо жана өнөр жайында колдонууга жараса, ал укуктук жактан коргоого алынат. Эгерде ойлоп табуу техниканын деңгээлинде белгисиз болсо, ал жаңы деп эсептелет. Эгерде ойлоп табуу техниканын деңгээлинен ачык көрүнүп турбаса, ал ойлоп табуучулук деңгээлге ээ болот. Техниканын деңгээли ойлоп табуунун приоритет күнүнө чейин дүйнөдө жалпыга белгилүү болгон маалыматтардын кайсынысын болбосун камтыйт. Ойлоп табуунун жаңылыгын аныктоодо техникалык деңгээлдин маалыматтарына Кыргызпатентке мурда берилген башка авторлордун кайра чакырылып алынбаган мурда приоритетке ээ болгон өтүнмөлөрү жана Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер да кирет. Эгерде ойлоп табуу өнөр жайында, айыл чарбасында, саламаттык сактоодо жана эл чарбасынын башка тармактарында пайдаланылышы мүмкүн болсо, өнөр жайында колдонууга жарамдуу деп эсептелет. Ойлоп табууга тиешелүү маалыматтын өтүнмө берүүчү, автор же бул маалыматты автордон түздөн-түз же кыйыр түрдө алган ар кандай адам тарабынан ачык жарыяланышы, мында ойлоп табуунун маани-маңызы тууралу кабарлар өтүнмө берилген же эгерде ал суралып алынса, приоритет күнүнө чейин он эки айдан мурда эмес жалпыга белгилүү болуп калса, ойлоп табуунун патентке жарамдуулугуна таасир берүүчү жагдай катары таанылбайт. Мында бул фактыны далилдөө милдети өтүнмө берүүчүгө жүктөлөт. Түзүлүш, ыкма, зат, микроорганизмдин штаммы, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаңы клеткалары, ошондой эле мурда белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, штаммдарды жаңыча түрдө колдонуу, же техника менен технологиянын бардык тармактарындагы жаңы жетишкендиктердин кайсынысы болбосун ойлоп табуунун объекттери боло алышат. Төмөндөгүлөр: 1) илимий теориялар жана математикалык методдор; 2) чарбаны уюштуруунун жана башкаруунун методдору; 3) шарттуу белгилер, жүгүртмөлөр, эрежелер; 4) акыл иш-аракеттерин аткаруунун методдору; 5) эсептөөчү машиналар үчүн алгоритмдер жана программалар турган турпатында; 6) курулуштарды, имараттарды, аймактарды пландаштыруунун долбоорлору жана схемалары; 7) эстетикалык таламдарды канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү сунуштар; 8) интегралдык микросхемалардын топологиялары; 9) өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукуму; 10) коомдук таламдарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү сунуштар ойлоп табуу катары таанылбайт. Ушул статьянын тогузунчу бөлүгүнүн 5, 8, 9-пункттарында саналып өткөн объекттер өзүнчө мыйзам менен корголот. Ойлоп табуунун курамында эсептөөчү машиналар үчүн алгоритмдердин жана программалардын болушу, эгерде булар ойлоп табуунун бир бөлүгү болуп саналса, ойлоп табуунун патентке жарамдуулугуна таасир этүүчү жагдай болуп таанылбайт. | 5-статья. Ойлоп табуунун патентке жарамдуулугунун шарттары Эгерде ойлоп табуу катары сунуш кылынган объект жаңы, ойлоп табуучулук деңгээлде болсо жана өнөр жайында колдонууга жараса, ал укуктук жактан коргоого алынат. Эгерде ойлоп табуу техниканын деңгээлинде белгисиз болсо, ал жаңы деп эсептелет. [Эгерде ойлоп табуу ушул тармактагы адис үчүн техниканын деңгээлинен ачык көрүнүп турбаса, ал ойлоп табуунун деңгээлине ээ болот.] Эгерде ойлоп табуу техниканын деңгээлинен ачык көрүнүп турбаса, ал ойлоп табуучулук деңгээлге ээ болот. Техниканын деңгээли ойлоп табуунун приоритет күнүнө чейин дүйнөдө жалпыга белгилүү болгон маалыматтардын кайсынысын болбосун камтыйт. Ойлоп табуунун жаңылыгын аныктоодо техникалык деңгээлдин маалыматтарына Кыргызпатентке мурда берилген башка авторлордун кайра чакырылып алынбаган мурда приоритетке ээ болгон өтүнмөлөрү жана Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер да кирет. Эгерде ойлоп табуу өнөр жайында, айыл чарбасында, саламаттык сактоодо жана эл чарбасынын башка тармактарында пайдаланылышы мүмкүн болсо, өнөр жайында колдонууга жарамдуу деп эсептелет. Ойлоп табууга тиешелүү маалыматтын өтүнмө берүүчү, автор же бул маалыматты автордон түздөн-түз же кыйыр түрдө алган ар кандай адам тарабынан ачык жарыяланышы, мында ойлоп табуунун маани-маңызы тууралу кабарлар өтүнмө берилген же эгерде ал суралып алынса, приоритет күнүнө чейин он эки айдан мурда эмес жалпыга белгилүү болуп калса, ойлоп табуунун патентке жарамдуулугуна таасир берүүчү жагдай катары таанылбайт. Мында бул фактыны далилдөө милдети өтүнмө берүүчүгө жүктөлөт. Түзүлүш, ыкма, зат, микроорганизмдин штаммы, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаңы клеткалары, ошондой эле мурда белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, штаммдарды жаңыча түрдө колдонуу, же техника менен технологиянын бардык тармактарындагы жаңы жетишкендиктердин кайсынысы болбосун ойлоп табуунун объекттери боло алышат. [Төмөндөгүлөр ойлоп табуу катары таанылбайт: 1) ачылыштар; 2) илимий теориялар жана математикалык методдор; 3) чарбаны уюштуруунун жана башкаруунун методдору; 4) шарттуу белгилер, жүгүртмөлөр, эрежелер; 5) акыл операцияларын аткаруунун, оюн өткөрүүнүн эрежелери жана методдору; 6) эсептөөчү машиналар үчүн алгоритмдер жана программалар турган турпатында; 7) маалымат берүүдөн гана турган чечимдер; 8) курулуштарды, имараттарды, аймактарды пландаштыруунун долбоорлору жана схемалары; 9) эстетикалык таламдарды канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү сунуштар; 10) интегралдык микросхемалардын топологиялары; 11) өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукуму; 12) коомдук таламдарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү сунуштар.] Ушул статьянын тогузунчу бөлүгүнүн 6, 10, 11-пункттарында саналып өткөн объекттер өзүнчө мыйзам менен корголот. Ойлоп табуунун курамында эсептөөчү машиналар үчүн алгоритмдердин жана программалардын болушу, эгерде булар ойлоп табуунун бир бөлүгү болуп саналса, ойлоп табуунун патентке жарамдуулугуна таасир этүүчү жагдай болуп таанылбайт. |
| 11-статья. Патент ээсинин укугу Патент ээсине өнөр жай менчигинин объекттерине бирден-бир укуктуулук, анын ичинде, эгерде мындай пайдалануу ушул Мыйзамга ылайык патент ээсинин бирден-бир укугун бузуу болуп саналбаган учурлардан бөлөктө, көрсөтүлгөн объекттерди башка адамдардын пайдалануусуна тыюу салуу укугу таандык. Өнөр жай менчигинин кайтарылуучу объектине болгон өзгөчө укук Кыргызпатент тарабынан чыгарылуучу расмий бюллетенде патент берүү тууралу маалыматтар жарыяланган күндөн тартып пайда болот. Коргоо документи бир нече адамга таандык болгон өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу боюнча өз ара мамилелер алардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат. Мындай макулдашуу жок болгон учурда алардын ар бири корголуучу объектти өзү каалагандай пайдалана алат, бирок ага өзгөчө лицензия берүүгө же калган патент ээлеринин макулдугусуз коргоо документин башка адамга өткөрүп берүүгө акысы жок. Бирден бир лицензия берүү же коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө патент ээлеринин ортосунда макулдашууга жетишилбеген учурда, өнөр жай менчигинин объектисине укукту бөлүштүрүү сот тартибинде чечилиши мүмкүн. Алдын ала патент, патент менен корголуучу ойлоп табууну, өнөр жай үлгүсүн, күбөлүк менен корголуучу пайдалуу моделди камтыган продуктуну даярдоо, колдонуу, алып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу чарбалык жүгүртүүгө башкача киргизүү же ошол максатта сактоо, ошондой эле ойлоп табуунун алдын ала патенти, патенти менен корголуучу ыкманы колдонуу өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу деп таанылат. Өнөр жай менчигинин объектин пайдалануу деп патент менен корголгон өнөр жай менчигинин объекттери камтыган продуктуну даярдоо, колдонуу, ташып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу, чарбалык жүгүртүүгө дагы башкача киргизүү же ушул максатта сактоо, ошондой эле ойлоп табуунун патенти менен корголгон ыкманы колдонуу таанылат. Эгерде продукт формуланын өз алдынча пунктунда келтирилген ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин ар бир белгисин камтыса, же пайдалануу күнүнүн башталышына карата техниканын ушул тармагында ошондой сапатта белгилүү болгон ага барабар белгини камтыса бул продукт патент менен корголгон ойлоп табууну, пайдалуу моделди камтыган деп таанылат. Эгерде формуланын өз алдынча пунктунда келтирилген ойлоп табуунун ар бир белгиси колдонулса, же пайдалануу күнүнүн башталышына карата техниканын ушул тармагында ошондой сапатта белгилүү болгон ага барабар белги колдонулса ойлоп табуунун патенти менен корголгон ыкма пайдаланылды деп таанылат. Иштеткенде же эксплуатациялаганда өзүнүн милдетине ылайык ошол ыкманы автоматтык түрдө жүзөгө ашырган түзүлүштү чарбалык жүгүртүүгө киргизүү же ошол максатта сактоо да, алдын ала патент, патент менен корголгон ыкманы пайдалануу деп таанылат. Түздөн-түз ушул ыкма менен алынган продуктуну чарбалык жүгүртүүгө киргизүү же ушул максатта сактоо да продукт алуунун алдын ала патент, патент менен корголуучу ыкмасын пайдалануу деп таанылат. Мында жаңы продукт, тескерисинче далилдөө жок болсо патенттелген ыкма менен алынган деп эсептелинет. Продуктунун тажрыйба үлгүсүн жасоо, эксперимент иретинде текшерүү жана сыноо өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу деп таанылбайт. Патент ээси алган коргоо документин ар кандай жеке адамга жана юридикалык жакка өткөрүп бериши мүмкүн. Коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим Кыргызпатентте каттоодон өтүүгө тийиш жана Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат. Каттоодон өтпөгөн келишим жараксыз деп эсептелет. Патенттер жана аларды алуу укугу мурас боюнча өтөт. | 11-статья. Патент ээсинин укугу Патент ээсине өнөр жай менчигинин объекттерине бирден-бир укуктуулук, анын ичинде, эгерде мындай пайдалануу ушул Мыйзамга ылайык патент ээсинин бирден-бир укугун бузуу болуп саналбаган учурлардан бөлөктө, көрсөтүлгөн объекттерди башка адамдардын пайдалануусуна тыюу салуу укугу таандык. Өнөр жай менчигинин кайтарылуучу объектине болгон өзгөчө укук Кыргызпатент тарабынан чыгарылуучу расмий бюллетенде патент берүү тууралу маалыматтар жарыяланган күндөн тартып пайда болот. Коргоо документи бир нече адамга таандык болгон өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу боюнча өз ара мамилелер алардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат. Мындай макулдашуу жок болгон учурда алардын ар бири корголуучу объектти өзү каалагандай пайдалана алат, бирок ага өзгөчө лицензия берүүгө же калган патент ээлеринин макулдугусуз коргоо документин башка адамга өткөрүп берүүгө акысы жок. Бирден бир лицензия берүү же коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө патент ээлеринин ортосунда макулдашууга жетишилбеген учурда, өнөр жай менчигинин объектисине укукту бөлүштүрүү сот тартибинде чечилиши мүмкүн. Алдын ала патент, патент менен корголуучу ойлоп табууну, өнөр жай үлгүсүн, күбөлүк менен корголуучу пайдалуу моделди камтыган продуктуну даярдоо, колдонуу, алып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу чарбалык жүгүртүүгө башкача киргизүү же ошол максатта сактоо, ошондой эле ойлоп табуунун алдын ала патенти, патенти менен корголуучу ыкманы колдонуу өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу деп таанылат. Өнөр жай менчигинин объектин пайдалануу деп патент менен корголгон өнөр жай менчигинин объекттери камтыган продуктуну даярдоо, колдонуу, ташып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу, чарбалык жүгүртүүгө дагы башкача киргизүү же ушул максатта сактоо, ошондой эле ойлоп табуунун патенти менен корголгон ыкманы колдонуу таанылат. Эгерде продукт формуланын өз алдынча пунктунда келтирилген ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин ар бир белгисин камтыса, же пайдалануу күнүнүн башталышына карата техниканын ушул тармагында ошондой сапатта белгилүү болгон ага барабар белгини камтыса бул продукт патент менен корголгон ойлоп табууну, пайдалуу моделди камтыган деп таанылат. Эгерде формуланын өз алдынча пунктунда келтирилген ойлоп табуунун ар бир белгиси колдонулса, же пайдалануу күнүнүн башталышына карата техниканын ушул тармагында ошондой сапатта белгилүү болгон ага барабар белги колдонулса ойлоп табуунун патенти менен корголгон ыкма пайдаланылды деп таанылат. Иштеткенде же эксплуатациялаганда өзүнүн милдетине ылайык ошол ыкманы автоматтык түрдө жүзөгө ашырган түзүлүштү чарбалык жүгүртүүгө киргизүү же ошол максатта сактоо да, алдын ала патент, патент менен корголгон ыкманы пайдалануу деп таанылат. Түздөн-түз ушул ыкма менен алынган продуктуну чарбалык жүгүртүүгө киргизүү же ушул максатта сактоо да продукт алуунун алдын ала патент, патент менен корголуучу ыкмасын пайдалануу деп таанылат. Мында жаңы продукт, тескерисинче далилдөө жок болсо патенттелген ыкма менен алынган деп эсептелинет. Продуктунун тажрыйба үлгүсүн жасоо, эксперимент иретинде текшерүү жана сыноо өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу деп таанылбайт. Патент ээси алган коргоо документин ар кандай жеке адамга жана юридикалык жакка өткөрүп бериши мүмкүн. Коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим Кыргызпатентте каттоодон өтүүгө тийиш жана Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат. Каттоодон өтпөгөн келишим жараксыз деп эсептелет. Патенттер жана аларды алуу укугу мурас боюнча өтөт. [Өнөр жай менчигинин объектисине патент менен тастыкталган мүлктүк укуктар күрөө предмети боло алышат.] |
| 15-статья. Өнөр жай менчигинин объектисин пайдаланууга укук берүү Патент ээси болуп саналбаган адамдардын кимиси болбосун, коргоо документи менен корголгон өнөр жай менчигинин объектисин лицензиялык келишимдин негизинде патент ээсинин уруксаты менен гана пайдаланууга акылуу. Лицензиялык келишим боюнча патент ээси (лицензия берүүчү) корголуучу объектини келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө пайдалануу укугун башка жакка (лицензия алуучуга) берүүгө милдеттенет, ал эми лицензия алуучу лицензия берүүчүгө келишимде шартталган төлөмдөрдү берип турууга жана келишимде каралган башка аракеттерди ишке ашырууга милдеттенме алат. Бирден бир лицензия учурунда лицензия алуучуга келишимде белгиленген чектерде өнөр жай объектисин пайдаланууга бирден бир укук берилет, мында лицензия берүүчүнүн лицензия алуучуга берилбеген көлөмдө өнөр жай объектисин пайдалануу укугу сакталат. Бирден бир эмес лицензия учурунда лицензия берүүчү лицензия алуучуга өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу укугун берүү менен бирге патенттен келип чыккан бардык укуктарды, анын ичинде лицензияны үчүнчү жакка берүү укугун өзүнө сактап калат. Лицензия, лицензия берүүчү менен лицензия алуучунун ортосунда өз ара макулдашуу боюнча ушул статьяда көрсөтүлгөндөн айырмаланган жоболорду камтышы мүмкүн. Лицензиялык келишим Кыргызпатентте каттоодон өтүүгө тийиш, ансыз жараксыз деп эсептелинет. Лицензиялык келишим аны Кыргызпатентте каттаган күндөн тартып күчүнө кирет жана Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат. Патент ээси Кыргызпатентке ар кандай адамга өнөр жай менчигинин объектисин келишимде көрсөтүлгөн шарттарда пайдалануу укугун берүү жөнүндө (ачык лицензия) арыз бере алат. Мындай учурда ошондой арыз жөнүндө Кыргызпатент маалыматтарды жарыялагандан кийинки жылдан баштап патентти күчүндө сактап туруу үчүн төлөм акы элүү процентке төмөндөйт. Ачык лицензияга укук берүү жөнүндө патент ээсинин арызы кайра чакырылып алынууга тийиш эмес. Келишим түзүүдөн баш тартуу жөнүндөгү, ошондой эле келишим түзүүнүн шарттары боюнча талаштар сотто каралат. | 15-статья. Өнөр жай менчигинин объектисин пайдаланууга укук берүү Патент ээси болуп саналбаган адамдардын кимиси болбосун, коргоо документи менен корголгон өнөр жай менчигинин объектисин лицензиялык келишимдин негизинде патент ээсинин уруксаты менен гана пайдаланууга акылуу. Лицензиялык келишим боюнча патент ээси (лицензия берүүчү) корголуучу объектини келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө пайдалануу укугун башка жакка (лицензия алуучуга) берүүгө милдеттенет, ал эми лицензия алуучу лицензия берүүчүгө келишимде шартталган төлөмдөрдү берип турууга жана келишимде каралган башка аракеттерди ишке ашырууга милдеттенме алат. Бирден бир лицензия учурунда лицензия алуучуга келишимде белгиленген чектерде өнөр жай объектисин пайдаланууга бирден бир укук берилет, мында лицензия берүүчүнүн лицензия алуучуга берилбеген көлөмдө өнөр жай объектисин пайдалануу укугу сакталат. Бирден бир эмес лицензия учурунда лицензия берүүчү лицензия алуучуга өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу укугун берүү менен бирге патенттен келип чыккан бардык укуктарды, анын ичинде лицензияны үчүнчү жакка берүү укугун өзүнө сактап калат. Лицензия, лицензия берүүчү менен лицензия алуучунун ортосунда өз ара макулдашуу боюнча ушул статьяда көрсөтүлгөндөн айырмаланган жоболорду камтышы мүмкүн. [Лицензиялык келишим, патентке болгон укуктун күрөөсү жөнүндө келишим белгиленген алым төлөнгөн шартында, Кыргызпатентте каттоодон өтүүгө тийиш, ансыз жараксыз болуп эсептелет. Лицензиялык келишим, патентке болгон укуктун күрөөсү жөнүндө келишим Кыргызпатентте алар каттоодон өткөн датадан тартып күчүнө кирет жана каттоо жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.] Ачык лицензияга укук берүү жөнүндө патент ээсинин арызы кайра чакырылып алынууга тийиш эмес. Келишим түзүүдөн баш тартуу жөнүндөгү, ошондой эле келишим түзүүнүн шарттары боюнча талаштар сотто каралат. |
| 17-статья. Патенттерин берүүгө өтүнмө берүү Ушул Мыйзамдын 9-статьясына ылайык коргоо документин алууга укугу бар адам (мындан ары - өтүнмө ээси) тарабынан коргоо патентин берүүгө Кыргызпатентке өтүнмө берилет. Патентин берүү жөнүндөгү арыз мамлекеттик же расмий тилдеринде берилет. Ойлоп табуунун же пайдалуу моделдин формуласы, өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси, өнөр жай менчигинин объектисинин аталышы, өтүнмө ээсинин жана патент ээсинин аталышы (аты) мамлекеттик же расмий тилдеринде берилүүгө тийиш. Эгерде өтүнмөнүн башка документтери, ошондой эле өтүнмөнү экспертизадан өткөрүүдө көрсөтүлгөн документтер башка тилде берилсе, өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилдериндеги котормосу тиркелет, мамлекеттик же расмий тилиндеги котормо, өтүнмө Кыргызпатентке келип түшкөн күндөн тартып үч айдан кечиктирилбей өтүнмө ээси тарабынан берилиши керек. Көрсөтүлгөн материалдарды берүүнүн мөөнөтү бузулган учурда, жүйөлүү себептердин болгондугу жана тийиштүү алым төлөнгөнү ырасталса, өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча ал мөөнөт узартылышы же калыбына келтирилиши мүмкүн. Өтүнмө Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке адамдар, же чет өлкөлүк юридикалык тараптар, же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү патенттерин алуу, ошондой эле өнөр жай менчигин коргоого байланышкан иштерди, өтүнмө берилген күндү белгилөөгө, алым төлөөгө, конвенциялык артыкчылык суралган учурда мурдагы өтүнмөнүн көчүрмөсүн берүүгө, мурда берилген өтүнмөнүн көчүрмөсүн тапшырууга, жогоруда аталган жол-жоболорго карата Кыргызпатенттин тилкаттарын жана билдирүүлөрүн алууга, патентти күчүндө сактагандыгы үчүн алым төлөөгө байланышкан жол-жоболордон бөлөктөрүн Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жүргүзүшөт. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктары патентти суратып жаткан адам берген ишеним кат менен ырасталат. Кыргызпатент патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартибин аныктайт жана аны ишке ашырат. | 17-статья. Патенттерин берүүгө өтүнмө берүү Ушул Мыйзамдын 9-статьясына ылайык коргоо документин алууга укугу бар адам (мындан ары - өтүнмө ээси) тарабынан коргоо патентин берүүгө Кыргызпатентке өтүнмө берилет. Патентин берүү жөнүндөгү арыз мамлекеттик же расмий тилдеринде берилет. Ойлоп табуунун же пайдалуу моделдин формуласы, өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси, өнөр жай менчигинин объектисинин аталышы, өтүнмө ээсинин жана патент ээсинин аталышы (аты) мамлекеттик же расмий тилдеринде берилүүгө тийиш. Эгерде өтүнмөнүн башка документтери, ошондой эле өтүнмөнү экспертизадан өткөрүүдө көрсөтүлгөн документтер башка тилде берилсе, өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилдериндеги котормосу тиркелет, мамлекеттик же расмий тилиндеги котормо, өтүнмө Кыргызпатентке келип түшкөн күндөн тартып үч айдан кечиктирилбей өтүнмө ээси тарабынан берилиши керек. Көрсөтүлгөн материалдарды берүүнүн мөөнөтү бузулган учурда, жүйөлүү себептердин болгондугу жана тийиштүү алым төлөнгөнү ырасталса, өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча ал мөөнөт узартылышы же калыбына келтирилиши мүмкүн. Өтүнмө ишенимдүү өкүл [же башка өкүлдүн] патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке адамдар, же чет өлкөлүк юридикалык тараптар, же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү патенттерин алуу, ошондой эле өнөр жай менчигин коргоого байланышкан иштерди, өтүнмө берилген күндү белгилөөгө, алым төлөөгө, конвенциялык артыкчылык суралган учурда мурдагы өтүнмөнүн көчүрмөсүн берүүгө, мурда берилген өтүнмөнүн көчүрмөсүн тапшырууга, жогоруда аталган жол-жоболорго карата Кыргызпатенттин тилкаттарын жана билдирүүлөрүн алууга, патентти күчүндө сактагандыгы үчүн алым төлөөгө байланышкан жол-жоболордон бөлөктөрүн Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жүргүзүшөт. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктары патентти суратып жаткан адам берген ишеним кат менен ырасталат. Кыргызпатент патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартибин аныктайт жана аны ишке ашырат. |
| 28-статья. Менчик өнөр жай объекттерин каттоо, патент берүү жөнүндөгү маалыматтарды жарыялоо жана патент берүү Кыргызпатент патент берүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин патентти каттагандыгы жана бергендиги үчүн алым төлөнгөн болсо Кыргыз Республикасынын Ойлоп табуулар боюнча мамлекеттик реестрине, Кыргыз Республикасынын Пайдалуу моделдер боюнча мамлекеттик реестрине же Кыргыз Республикасынын Өнөр жай үлгүлөрү боюнча мамлекеттик реестрине тиешелүү түрдө ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн киргизет, патент берилгендиги жөнүндө расмий бюллетенде маалыматтарды жарыялайт жана патент кимдин атына суранса, ошол адамга патент берет. Патент бир нече адамдын аттарына суранса, аларга бир патент берилет. Патенттин катталгандыгы жана берилгендиги үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастаган документти өтүнмө ээси патент берүү жөнүндө чечимди алган күндөн тартып эки айдын ичинде же аталган эки айлык мөөнөт бүткөн күндөн тартып кошумча акы төлөө менен үч айдын ичинде берет. Патенттин катталгандыгы жана берилгендиги үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ белгиленген тартипте берилбегенде менчик өнөр жай объекти катталбайт, патент жөнүндө жарыяланбайт жана ал берилбейт, тиешелүү өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелинет. Расмий бюллетенде жарыялануучу маалыматтардын тизмесин жана толуктугун Кыргызпатент аныктайт. Патент берилгендиги жөнүндө маалыматтар жарыялангандан кийин өтүнмөнүн материалдары менен ар кандай адам тааныша алат. Патенттин түрүн, ошондой эле анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамын Кыргызпатент белгилейт. Берилген патенттен чындыкка жатпаган жана техникалык каталар табылган учурда патент ээси менен автордун талабы боюнча Кыргызпатент тарабынан алым төлөнбөстөн тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет. | 28-статья. Менчик өнөр жай объекттерин каттоо, патент берүү жөнүндөгү маалыматтарды жарыялоо жана патент берүү Кыргызпатент патент берүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин патентти каттагандыгы жана бергендиги үчүн алым төлөнгөн болсо Кыргыз Республикасынын Ойлоп табуулар боюнча мамлекеттик реестрине, Кыргыз Республикасынын Пайдалуу моделдер боюнча мамлекеттик реестрине же Кыргыз Республикасынын Өнөр жай үлгүлөрү боюнча мамлекеттик реестрине тиешелүү түрдө ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн киргизет, патент берилгендиги жөнүндө расмий бюллетенде маалыматтарды жарыялайт жана патент кимдин атына суранса, ошол адамга патент берет. Патент бир нече адамдын аттарына суранса, аларга бир патент берилет. Патенттин катталгандыгы жана берилгендиги үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастаган документти өтүнмө ээси патент берүү жөнүндө чечимди алган күндөн тартып эки айдын ичинде же аталган эки айлык мөөнөт бүткөн күндөн тартып кошумча акы төлөө менен үч айдын ичинде берет. Патенттин катталгандыгы жана берилгендиги үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ белгиленген тартипте берилбегенде менчик өнөр жай объекти катталбайт, патент жөнүндө жарыяланбайт жана ал берилбейт, тиешелүү өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелинет. Расмий бюллетенде жарыялануучу маалыматтардын тизмесин жана толуктугун Кыргызпатент аныктайт. Патент берилгендиги жөнүндө маалыматтар жарыялангандан кийин өтүнмөнүн материалдары менен ар кандай адам тааныша алат. [Патенттин формасы жана автордун күбөлүгү, ошондой эле анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан аныкталат.] Берилген патенттен [жана автордун күбөлүгүнөн] чындыкка жатпаган жана техникалык каталар табылган учурда патент ээси менен автордун талабы боюнча Кыргызпатент тарабынан алым төлөнбөстөн тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет. [Патент ээси болуп эсептелбеген өнөр жай менчигинин объектисинин авторуна Кыргызпатент тарабынан автордун күбөлүгү берилет".] |
| VI бөлүм Патенттердин аракетин токтотуу | VI бөлүм Патенттердин аракетин токтотуу жана күчүнө калыбына келтирүү |
| [Төмөнкүдөй мазмундагы 32-1-статья менен толукталсын: "32-1-статья. Патенттин күчүн калыбына келтирүү. Пайдалангандан кийинки укук. "Эгерде ойлоп табууга патентти күчүндө кармап туруу үчүн белгиленген мөөнөттө жылдык алымдын төлөнбөгөндүгүнүн натыйжасында токтотулса жана патенттин күчүнүн мөөнөтү өтө элек болсо, анда анын ээсинин өтүнүч каты боюнча алымды төлөө боюнча бересени жана ушундай өтүнүч катты бергендиги үчүн белгиленген өлчөмдөгү алымды төлөгөн шартында, Кыргызпатент тарабынан мындай патенттин күчү калыбына келтирилсе болот. Ойлоп табууга патенттин күчүн калыбына келтирүү жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат. Кайсы жеке же юридикалык жак болбосун ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патенттин күчү токтотулган учурдан тартып, аны калыбына келтирүү датасына чейин ушул берененин биринчи бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында окшош чечимди пайдаланган болсо же ушуга карата зарыл болгон даярдыкты көрсө, ушундай пайдалануунун көлөмүн кеңейтпестен аны мындан ары акысыз пайдаланууга укугу сакталат (пайдалангандан кийинки укук)".] |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы №2301-V "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү жɵнүндɵ" Кыргыз…Постановление · 27.09.2012 · № 2301-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2613-V "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 13.12.2012 · № 2613-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2612-V "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 13.12.2012 · № 2612-V
Шилтеме берет (4)
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Патент мыйзамыЗакон · 14.01.1998 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон