Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Патент мыйзамы» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 27-сентября № 2301-V "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республнкасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтү тарабынан демилге кɵтɵрүлгɵн (2012-жылдын 14-майындагы № 281 токтом) "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда кɵрсɵтүлгɵн Мыйзамдын долбооруна карата ɵз сунуштарын жана түзɵтүүлɵрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндɵ 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин. Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (К.Осмоналиев) жогоруда кɵрсɵтүлгɵн Мыйзамдын долбоорун келип түшкɵн жазуу жүзүндɵгү сунуштарды жана түзɵтүүлɵрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары
Т. Зулпукаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Патент мыйзамыЗакон · 14.01.1998 · № 8 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 14-майындагы № 281 ""Патент мыйзамы" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"…Постановление · 14.05.2012 · № 281 · Күчүн жоготкон