Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 „Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-05-02.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 2-майы № 269 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтомго 2-тиркеме ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда берилсин;
- 4-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 7-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Тиркеме
"2-тиркеме
Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭстин туруктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын башкы санитардык врач;
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскерлеринин колбашчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
- Улуттук бизнес ассоциациялар альянсынын Катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- Менеджерлер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстан базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
- "Легпром" жеңил өнөр жай ишканалары ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча).".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 555 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 08.08.2012 · № 555 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги №150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке…Постановление · 11.04.2011 · № 150 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка…Постановление · 12.01.2012 · № 12 · Күчүн жоготкон
- 2011-жылдын 23-декабры №1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2011 · № 1452-V · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги №150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке…Постановление · 11.04.2011 · № 150 · Күчүн жоготкон