КР Ɵкмɵтүнүн «Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 ноября 2025 года № 732 "О Наблюдательном совете по здравоохранению и обязательному медицинскому страхованию"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-11-10.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 732 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 15-февралы № 91 Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ортосундагы ведомстволор аралык эриш-аркак иштөөсүнүн натыйжалуулугун көтөрүү, ошондой эле "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-апрелиндеги №298 "Саламаттык сактоону реформалоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Тиркеме
Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин курамы (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти, Байкоочу кеңештин катчысы; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы; "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзу" профсоюздар бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын Иш берүүчүлөр улуттук конфедерациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); "Кыргызстандын Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана үй-бүлөлүк медайымдардын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын Ооруканалар ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 732 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 10.11.2025 · № 732
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобо" (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 токтому менен бекитилген)Положение · 15.02.2012 · № 91 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 647 "Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.10.2017 · № 647 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 27 апреля 2004 года №298 " О Наблюдательном совете по реформе здравоохранения и обязательному медицинскому страхованию"Постановление · 27.04.2004 · № 298 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомуПостановление · 31.01.2022 · № 44
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу…Постановление · 30.09.2019 · № 506 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык…Постановление · 31.01.2022 · № 44 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 732 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 10.11.2025 · № 732
- Постановление Правительства КР от 27 апреля 2004 года №298 " О Наблюдательном совете по реформе здравоохранения и обязательному медицинскому страхованию"Постановление · 27.04.2004 · № 298 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112
- Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндөЗакон · 30.07.2003 · № 159