Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 10-ноябры № 732
Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 90 (3746) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
1-тиркеме
Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы, Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти, Байкоочу кеңештин катчысы; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы; "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлиги" кесиптик бирликтердин бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргызстандын Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана үй-бүлөлүк медайымдардын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын Ооруканалар ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 732…Положение · 10.11.2025 · № 732
- "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобо" (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 токтому менен бекитилген)Положение · 15.02.2012 · № 91 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 15.02.2012 · № 91 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу…Постановление · 30.09.2019 · № 506 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык…Постановление · 31.01.2022 · № 44 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 15.02.2012 · № 91 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу…Постановление · 30.09.2019 · № 506 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык…Постановление · 31.01.2022 · № 44 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112