Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-февралы №81 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомостору, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкү толуктоолор киргизилсин: 167-беренеси төмөнкү мазмундагы 38 жана 39-пункттар менен толукталсын: "38) Эл аралык сынактарга катышуудан жеңип алган байгелер жана утуштар түрүндө алынган суммалар.
39) Эл аралык уюмдар (фонддор) ыйгарган сыйлыктар түрүндө алынган суммалар.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМАТ
Бул мыйзамдын долбоору Эл аралык сынактардан акчалай жана башка байгелерди жана утуштарды, ошондой эле эл аралык уюмдар (фонддор) ыйгарган сыйлыктарды алган жакты киреше салыгынан бошотуу максатында даярдалды. Бийчи Атай Омурзаков Словакиядан Гран-прини утуп, 100 миң евро, ал эми ырчы Гүлжигит Калыков "Евразиянын жылдыздары" сынагынан утуп 30 миң АКШ долларын байгеге алды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары тигил же бул тармак боюнча эл аралык сыйлыктар менен сыйланган учурлар болушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу Министрлик, элдик таланттарды колдоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын эл аралык сынактарда өлкөнүн намысын жана кадыр-баркын коргоодо алган жана ошондой эле эл аралык уюмдар ыйгарган сыйлыктарды алган жактарды киреше салыгынан бошотууну сунуш кылууда. Ошондой эле, бул сунушту киргизүүнүн зарылдыгы азыркы учурда мамлекеттин таланттуу жарандардын ар кандай эл аралык сынактарга даярдануусуна жана баруусуна тийиштүү ченемде колдоо көрсөтө албай жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Сынактарга баруу үчүн өздөрү каражат тапкан таланттуу жарандар аз эмес. Мындай жагдайда жеңүүчүлөрдүн жана байге алгандардын кирешелеринен киреше салыгын алуу адилетсиз болууда. Эл аралык уюмдар тарабынан ыйгарылган акчалай сыйлыктарды жана башка байгелерди киреше салыгынан бошотуу өлкөнүн кадыр-баркын көтөргөн таланттуу адамдарды мамлекеттик колдоо чараларынын бири болуп саналат. Башка жагынан алып караганда, көрсөтүлгөн жагдайларда киреше салыгы боюнча жеңилдиктерди берүү эл аралык сынактарга катышуу боюнча жарандардын демилгесине дем берүү же колдоо болуп саналат.
2012-ж."__"__________ Министр ____________ Т.Сариев
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин колдонуудагы редакциясы | Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине сунуш кылынган редакциянын долбоору | |
|---|---|---|
| 1 | 167-статья. Киреше салыгы алынбаган кирешелер Киреше салыгы алынбаган кирешелер болуп төмөнкүлөр саналат: Киреше салыгы алынбаган кирешелер болуп төмөнкүлөр саналат: 37) мамлекеттен, коммерциялык эмес уюмдардан социалдык реабилитацияга же адаптацияга, медициналык жардамга муктаж, кирешеси тиричилик деңгээлинен төмөн адамдарга акысыз өткөрүп берилүүчү активдер: а) качкындарга; б) катуу оорулууларга. | |
| 2 | 38-пункт жок | 167-статьясы төмөнкү мазмундагы 38-пункт менен толукталсын: "38) Эл аралык сынактарга катышуудан жеңип алган байгелердин жана утуштардын суммасы. |
| 3 | 39-пункт жок | 167-статьясы төмөнкү мазмундагы 39-пункт менен толукталсын: 39) Эл аралык уюмдар (фонддор) ыйгарган сыйлыктардын суммасы". |
2012-ж."__"__________ Министр ____________ Т.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 1830-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган…Постановление · 12.04.2012 · № 1830-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 7-июнундагы № 1994-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган…Постановление · 07.06.2012 · № 1994-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-июнундагы №2105-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу"…Постановление · 21.06.2012 · № 2105-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-июнундагы №438 "2012-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2012 · № 438 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 96 !"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз…Постановление · 26.02.2013 · № 96 · Күчүн жоготкон