Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Манас» эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-08-06.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 31-январы №67 "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасы жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 549 токтомунун редакциясына ылайык) "Манас" эпосунун гумандуу идеяларын кеңири пропагандалоо максатында, анын жаш муундарды руханий тарбиялоодо жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөдө бөксөргүс ролун эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын оозеки жана материалдык эмес маданий мурастарын коргоону, жайылтуунун жана изилдөөнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасы (мындан ары - Улуттук программа);
- "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы);
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кинематография мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жыл сайын бюджетти түзүүдө Иш-чаралар планын жүзөгө ашырууга каражат караштырышсын.
3. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чара көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги жыл сайын, 1-февралдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө жалпыланган маалымат берсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
6. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №67 токтому менен бекитилген
"Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 549 токтомунун редакциясына ылайык)
| № | Иш-чара | Жооптуу аткаруучулар | Сметалык наркы | Каржылоо булагы | Атка- руу мөө- нөтү | Күтүлгөн натыйжалар |
|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | МТМ, УИА (макулдашуу боюнча) | Керек эмес | Керек эмес | 2012- жыл | Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо, пайдалануу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү |
| 2 | "Кыргыздын байыркы жазмасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | МТМ, УИА (макулдашуу боюнча) | Керек эмес | Керек эмес | 2013- жыл | Нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү |
| 3 | "Манас" эпосунун үчилтигин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастардын дүйнөлүк тизмесине киргизүү үчүн номинация даярдоо | УИА (макулдашуу боюнча), ЮНЕСКО) иши боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) | Керек эмес | Керек эмес | 2013- жыл | Номинацияны даярдоо |
| 4 | Кыргыз делегациясынын ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар боюнча комитетинин жыйынына катышуусу | МТМ, УИА (макулдашуу боюнча), ЮНЕСКО иши боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) | 1,5 млн. сом | Республи- калык бюджет | 2013- жыл | "Манас" эпосунун үчилтигин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастардын дүйнөлүк тизмесине киргизүү |
| 5 | Нарын облусунун Ат-Башы районундагы "Кошой Коргон" тарыхый- архитектуралык музей комплексинде; Нарын облусунун Кочкор районундагы "Кырк Чоро" күмбөздөр комплексинде; Ысык-Көл облусунун "Каркыра" жайлоосунда; Нарын облусунун Жумгал районундагы "Чидер" аймагында илимий изилдөө иштерин жүргүзүү; | УИА макулдашуу боюнча) | 0,3 млн. сом | Республи- калык бюджет | Жыл сайын 2012- 2017- жыл- дарда | Материалдык эмес маданий мурастардын объекттерин эсепке алуу, документ- тештирүү жана монито- рингдөө боюнча маалыматтык база түзүү |
| 6 | Жаш манасчылардын жана дастанчылардын студия мектептерин уюштуруу | МТМ | 3 млн. сом | Республи- калык бюджет | 2012- жыл | "Манас" эпосун изилдөө жана жайылтуу үчүн шарттарды түзүү |
| 7 | Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарынын элементтеринин улуттук тизмесин түзүү жана жүргүзүү | МТМ | 0,5 млн. сом | Республи- калык бюджет | Жыл сай- ын, 2012- 2017- жыл- дарда | Материалдык эмес маданий мурастардын маалыматтык базасын түзүү |
| 8 | Кагаздагы архивдик материалдарды, аудио-видео- документтерди, кол жазмаларды, китептерди, брошюраларды, публикацияларды изилдөө, анализдөө | УИА (макулдашуу боюнча) | 0,5 млн. сом | Республи- калык бюджет | Жыл сай- ын, 2012- 2017- жыл- дарда | КР Маданият министрли- гине Материалдык эмес маданий мурастардын элемент- терин эсепке алуу, документ- тештирүү жана мониторинг- дөө боюнча электрондук маалыматтык база түзүү үчүн сунуш киргизүү |
| 9 | ЖОЖдор, атайын орто окуу жайлар, балдардын атайын мектептери үчүн "Манас изилдөө" окуу программасын киргизүү | Билиммин | 2 млн. сом | Республи- калык бюджет | 2013- 2014- окуу жыл | Мектеп окуучуларын жана студент- терди "Манас" эпосун билүүгө тартуу |
| 10 | Мектеп окуучулары жана студенттер үчүн олимпиадаларды өткөрүү | Билиммин | 0,2 млн. сом | Республи- калык бюджет | 2 жылда 1 жолу | Мектеп окуучулары- нын жана студент- тердин арасында мыкты эмгектерди аныктоо |
| 11 | "Манас" эпосу жана кенде эпостор боюнча кыргыз, орус жана англис тилдеринде балдар энциклопедия- ларын чыгаруу | Билиммин | 0,5 млн. сом | Республи- калык бюджет | Жыл сай- ын, 2012- 2017- жыл- дарда | Мектеп жашындагы балдарды "Манас" эпосун билүүгө тартуу |
| 12 | "Манас" эпосунун варианттары жана кенже эпостор боюнча CD жана DVD-дисктерди чыгаруу | Кыргызпатент | 0,5 млн. сом | Өздүк- каражат тардын эсебинен | Жыл сай- ын, 2012- 2017- жыл- дарда | "Манас" эпосун үйрөнүү үчүн билимдик базаны кеңейтүү |
| 13 | "Манас" эпосунун С.Каралаевдин жана С.Орозбаковдун варианттарындагы академиялык чыгарылышын даярдоо жана басып чыгаруу | УИА (макулдашуу боюнча) | 1 млн. сомдон | Республи- калык бюджет | Жыл сай- ын, 2012- 2017- жыл- дарда | Илимий чөйрө жана коомчулук үчүн билимдик базаны кеңейтүү |
| 14 | "Манас" эпосунун символикасы менен басма продукцияны чыгаруу | Билиммин | 0,2 млн. сом | Республи- калык бюджет | Жыл сайын 2012- 2017- жыл- дарда | Кыргыз элинин улуу жана кенже эпосторун жайылтуу |
| 15 | Кыргыз элинин каада-салттары жөнүндө китептерди чыгаруу | УИА (макулдашуу боюнча) | 0,4 млн. сом | Республи- калык бюджет | 2013- жыл | Элдик чыгармачы- лыкты популярдаш- тыруу |
| 16 | Улуттук оюндар, зооктор жөнүндө китептерди чыгаруу | УИА (макулдашуу боюнча) | 0,4 млн. сом | Республи- калык бюджет | 2014- жыл | Элдик чыгармачы- лыкты популярдаш- тыруу |
| 17 | "Манас" эпосу жана кенже эпостор жөнүндө документалдуу, анимациялык фильмдердин циклин жаратуу | МТМ | 2 млн. сом | Республи- калык бюджет | Жыл сай- ын, 2012- 2017- жыл- дарда | "Манас" эпосун үйрөнүү үчүн билимдик базаны кеңейтүү |
| 18 | Материалдык эмес маданий мурастар, "Манас" эпосу жана кенже эпостор жөнүндө берүүлөрдүн циклин жаратуу | КТРК (макулдашуу боюнча) | 0,5 млн. сом | Республи- калык бюджет | Жыл сай- ын, 2012- 2017- жыл- дарда | "Манас" эпосун үйрөнүү үчүн билимдик базаны кеңейтүү |
| 19 | Айтуучулук өнөр жагында С.Каралаев атындагы президенттик сыйлыкты уюштуруу | МТМ | 0,1 млн. сом | Республи- калык бюджет | 2013- жыл | "Манас" эпосун айтуучулар- ды өнүктүрүү- гө өбөлгө түзүү |
| 20 | "Биз Манастын урпактарыбыз" - "Манасиада" деп аталган эл аралык мелдештерди өткөрүү | ГАФКС | 2 млн. сом | Республи- калык бюджет | 2 жылда 1 жолу | Сергек жашоо образын жайылтуу жана үгүттөө |
| 21 | "Эл ичи - өнөр кенчи" деп аталган республикалык фестиваль | МТМ | 1 млн. сом | Республи- калык бюджет | 2 жылда 1 жолу | Элдик чыгармачы- лыкты популярдаш- тыруу |
| 22 | Дүйнө элдеринин эпосторунун дүйнөлүк фестивалы | МТМ | 2,5 млн. сом | Республи- калык бюджет | 2 жылда 1 жолу | "Манас" эпосун эл аралык деңгээлде популярдаш- тыруу |
| 23 | Элдик чыгармачылыктын "Оймо" деп аталган эл аралык фестивалы | МТМ | 0,1 млн сом | Республи- калык бюджет | Жыл сайын | Элдик чыгармачы- лыкты популярдаш- тыруу |
| 24 | Элдик чыгарма- чылык боюнча чыгармачыл лабораторияларды уюштуруу, мастер- класстарды, тренингдерди өткөрүү | МТМ | 0,5 млн. сом | Республи- калык бюджет | Жыл сайын | Жаш муундарды элдик чыгармачы- лык менен тааныштыруу |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасы (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын…Программа · 31.01.2012 · № 67
- 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча ПрограммаПрограмма · 30.04.2013 · № 218
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-ноябрындагы № 3614-V "Манас эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтомуПостановление · 21.11.2013 · № 3614-V
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 549 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 67 "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз…Постановление · 06.08.2012 · № 549 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон