Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы № 585 «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 26-июну № 441 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы № 585 «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы № 585 «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жободо: 3-пунктундагы «(автоматтык тапанчалардан башка)» деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын укук коргоо системасын өнүктүрүүгө жана коомдук тартипти, коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүүдөгү салымы мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарга жана башка мамлекеттик органдарга эки миллион сомдон кем эмес болгон эквиваленттеги суммада материалдык-техникалык жардам көрсөтүү болуп эсептелет.»; 6-пунктундагы «Премьер-министринин» деген сөздөр «Өкмөтүнүн» деген сөздөргө алмаштырылсын; 7 жана 8-пункттарындагы «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, коопсуздук, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмүнө» деген сөздөргө алмаштырылсын; 9-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-ноябрындагы № 721 «Кыргыз Республикасында кызматтык жана граждандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кызматтык жана граждандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелерине» деген сөздөр «курал менен сыйлоо тартибин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 14-декабрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 14.12.2005 · № 585
- Постановление Правительства КР от 21 ноября 2001 года N 721 "Об утверждении Правил оборота служебного и гражданского оружия и боеприпасов к нему в Кыргызской Республике"Постановление · 21.11.2001 · № 721
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.