Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 14-декабры № 585
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
сый курал фонду жөнүндө жобону бекитүү
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдары-
нын жана аскерлештирилген мамлекеттик ведомстволорунун кызматкерлерин
эрдиги жана Мекен алдындагы өзгөчө өтөгөн эмгеги, көп жылдык кынтыксыз
кызматы, өзгөчө маанилүү тапшырмаларды аткарганы жана кызматтык милдет-
терин үлгүлүү аткарганы үчүн жана башка адамдарды жарандардын өмүрүн
жана ден соолугун, менчигин коргоо боюнча жарандык милдетин аткарганды-
гы үчүн, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын укук
коргоо системасын өнүктүрүүгө салым кошкону жана коопсуздугун жана кор-
гонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоого көмөк көрсөткөнү үчүн сый курал менен
сыйлоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду
түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду
жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-
юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы № 585 токтому менен бекитилген)Положение · 14.12.2005 · № 585
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы №441 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы № 585 «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө…Постановление · 26.06.2012 · № 441