Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-06-14.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 14-июну № 414 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
1. 283-берене төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер иштетип берүүчү негизде акциздик товарларды чыгаруу бөлүгүндө акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурда акциз салыгынын салык төлөөчүсү болуп иштетип берүүчү сырьёнун ээси эсептелет.». 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 4-октябрындагы № 2348-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи…Постановление · 04.10.2012 · № 2348-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2574-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу"…Постановление · 13.12.2012 · № 2574-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 2511-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи…Постановление · 22.11.2012 · № 2511-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 837 "2012-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 837 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 555 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 08.08.2012 · № 555 · Күчүн жоготкон