Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-10.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-декабры № 854 Кыргыз Республикасында 2018-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 489, 2014-жылдын 16-июлундагы № 394, 2017-жылдын 10-январы № 11 токтомдорунун редакциясына ылайык) "Айыл чарба каттоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында кезектеги айыл чарба каттоосу 2018-жылдын 1-ноябрынан 30-ноябрына чейин, бир мезгилде малды жана үй канаттууларын эсепке алуу, ошондой эле тегиз камтуу менен өсүмдүк өстүрүү тармагын эсепке алуу менен өткөрүлсүн.
Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн республиканын алыскы зоналарында айыл чарба каттоосу 2018-жылдын 1-октябрынан 30-октябрына чейинки мезгилде өткөрүлө тургандыгы белгиленсин. (КР Өкмөтүнүн токтомунун 2017-жылдын 10-январы № 11 редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен бирдикте 2018-жылы боло турган айыл чарба каттоосунун эсепке алуу формулярларын иштеп чыгуу жана бекитүү максатында улуттук муктаждыктарды эске алуу менен көрсөткүчтөрдүн тизмесин аныктоо;
(КР Өкмөтүнүн токтомунун 2017-жылдын 10-январы № 11 редакциясына ылайык)
- айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү, анын натыйжаларын иштеп чыгуу жана таркатуу менен байланышкан чыгымдарды жабуу максатында тышкы жана ички финансы каражаттарын тартуу боюнча ишти кызыкдар министрликтердин, ведомстволордун жана эл аралык донорлордун көмөгү менен жүргүзүү;
- айыл чарба каттоосун даярдоону, өткөрүүнү, методологиялык камсыз кылууну, натыйжаларын иштеп чыгууну, аналитикалык жалпылоону жана жарыялоону жүргүзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 394 токтомуна ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана
2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун даярдоодо тартылган донордук каражаттарды эсепке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети берген финансылык эсептөөлөргө ылайык, кошумча кызматкерлерди кармоого каражаттарды бөлүүнү кошкондо, айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү, жыйынтыктарын иштеп чыгуу, жалпылоо жана жарыялоо үчүн финансы каражаттарын бөлүүнү карасын. (КР Өкмөтүнүн токтомунун 2017-жылдын 10-январы № 11 редакциясына ылайык) 3-1. (КР Өкмөтүнүн токтомунун 2017-жылдын 10-январы № 11 редакциясына ылайык күчүн жоготту)
32. Кыргыз Республикасында 2018-жылдагы айыл чарба каттоосунун персоналынын ишинин узактыгы жана берилγγчγ тɵлɵмдɵрдγн ɵлчɵмγ ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 489, 2014-жылдын 16-июлундагы № 394 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн облустардагы ыйгарым укуктуу ɵкγлдɵрγ, жергиликтγγ мамлекеттик администрациялар жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда:
- айыл чарба каттоосуна өз убагында даярдануучу жана өткөрүүнү, квалификациялуу кадрларды тандоону, калк ичинде каттоонун максаттары жана милдеттери жөнүндө массалык түшүндүрүү иштерин уюштурууну камсыздашсын;
- мамлекеттик статистиканын аймактык органдары менен макулдашып, айыл чарба коттосун даярдоого жана ɵткɵрγγгɵ тартылган каттоо персоналынын курамын бекитишсин;
- 2017-жылдын 31-декабрына чейин калктуу конуштардын 1:5000 масштабындагы такталган схемалык пландарын жана райондордун карталарын жергиликтγγ бюджеттердин каражжаттарынын эсебинен тγзγшсγн жана мамлекеттик статистика органдарын алар менен 2 нускада камсыздашсын;
- айыл чарба каттоосун даярдоо, ɵткɵрγγ жана каттоонун материалдарын тапшыруу мезгилинде каттоо бɵлγмдɵрγнɵ жана нускоочулук участокторго мамлекеттик статистиканын аймактык органдары менен макулдашып, эмерек, шаймандар жана телефондук байланыш менен жабдылган кайтарылуучу жайларды жана автотранспорт бөлүп беришсин.
(КР Өкмөтүнүн токтомунун 2017-жылдын 10-январы № 11 редакциясына ылайык)
41. Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнɵ караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жергиликтγγ мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарына калктуу конуштардын 1:5000 масштабдагы такталган схемалык пландарын жана райондордун карталарын даярдоо жана нускалоо γчγн келишим тγзγγдɵ жардам кɵрсɵтсγн.
42. Кыргыз Республикасынын ички иштер министирлиги:
- жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарына айыл чарба коттоосун уюшкандыкта ɵткɵрγγгɵ жардам кɵрсɵтγγнγ камсыздашсын;
- айыл чарба каттоосун ɵткɵрγγгɵ тартылган адамдардын коопсуздугун жана каттоо материалдарынын сакталышын камсыздашсын;
- айыл чарба каттоосунун материалдарын ташуу учурунда автотранспортту коштоого жардамдашсын;
43. Жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик статистиканын аймактык органдары берген сарптоо сметаларына жана эсептɵɵлɵргɵ ылайык 2017-2019-жылдарга карата жергиликтγγ бюджетке айыл чарбалык каттоого кɵрγлγүчγ даярдыкты жана аны ɵткɵрγγнγ камсыздоочу иш-чараларды каржылоого максаттуу каражат бөлүүнү караштыруу сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн токтомунун 2017-жылдын 10-январы № 11 редакциясына ылайык)
44. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берγү корпорациясы, Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтγγ – ЭЛТР» телерадиокомпаниясы, «Эркин – Тоо» гезитинин редакциясы жана «Слово Кыргызстана», «Кыргыз – Туусу» басма γйлɵрγ айыл чарба каттоосуна болгон даярдыктын жана аны ɵткɵрγнγн жүрүшүн кеңири чагылдырышсын, атайын рубрикаларды чыгарышсын жана республиканын статистика органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн облустардагы ыйгарым укуктуу ɵкγлдɵрγ жана жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарынын ɵкγлдɵрγ катышкан берγγлɵрдγ туруктуу негизде даярдоону камсыздашсын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 394 токтомуна ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
1-тиркеме
2018-жылдын 1-октябрынан 30-октябрына чейин айыл чарба каттоосу өткөрүлө турган алыскы зоналардын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 394, 2017-жылдын 10-январы № 11 токтомдоруна ылайык)
| Облустар, райондор | Айылдык аймактар | Калктуу конуштар |
|---|---|---|
| Баткен облусу | ||
| Кадамжай ├─────────────────────────┼─────────────────────────┤ | Майдан Көтөрмө | Кароол Кара-Шоро |
| Жалал-Абад облусу | ||
| Ала-Бука Аксы Сузак Тогуз-Торо Токтогул Чаткал | Көк-Серек Көк-Таш Ак-Жол Кызыл-Туу Бардык айылдык аймактар Сары-Камыш Аралбаев Бардык айылдык аймактар | Бирлешкен, Сары-Кол, Төлөкө Көк-Таш, Чоң-Сай Кызыл-Бейит Кара-Көл Бардык калктуу конуштар Бардык калктуу конуштар Бардык калктуу конуштар Бардык калктуу конуштар |
| Ысык-Көл облусу | ||
| Ак-Суу Жети-Өгүз Тоң Түп | Эңилчек Жыргалаң Ак-Шыйрак Барскоон Күн-Чыгыш Улакол Сан-Таш Карасаев | Бардык калктуу конуштар Бардык калктуу конуштар Бардык калктуу конуштар Каракол Арчалы Туура-Суу Бардык калктуу конуштар Бардык калктуу конуштар |
| Нарын облусу | ||
| Ат-Башы Жумгал Нарын | Бардык айылдык аймактар Миң-Куш Кабак Орток | Бардык калктуу конуштар Миң-Куш, Кызыл-Сөөк Кең-Суу, Котур-Суу, Табылгы Өрүк-Там, Эки-Нарын |
| Ош облусу | ||
| Алай Араван Кара-Кулжа Ноокат Чоң-Алай | Сары-Таш Талды-Суу Алля Анаров Керме-Тоо Алайкуу Кызыл-Жар Ой-Тал Чалма Исанов Бардык айылдык аймактар | Бардык калктуу конуштар Бардык калктуу конуштар Кара-Булак Кичик-Алай, Күндөлүк, Майдан-Тал, Миң-Теке, Сары-Булак, Чөгөм Бардык калктуу конуштар Бардык калктуу конуштар Бардык калктуу конуштар Бардык калктуу конуштар Кичи-Алай Бардык калктуу конуштар |
| Чүй облусу | ||
| Жайыл | Суусамыр | Бардык калктуу конуштар |
2-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн токтомунун 2017-жылдын 10-январы № 11 ылайык күчүн жоготту) 3-тиркеме Кыргыз Республикасында 2018-жылдагы айыл чарба каттосунун персоналынын ишинин узактыгы жана берγлγγчγ төлөмдөрдүн ɵлчɵмγ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 394, 2017-жылдын 10-январы № 11 токтомуна ылайык)
№
Персоналдын аталышы
1 (бир) кызматкердин ишинин узактыгы (кγндɵр)
Бир кγндγк акысынын ɵлчɵмγ, киреше салыгы жана Соцфондго чегерγγсγ менен кошо (сом)
1
Каттоочу
39
250
2
Нускоочу-текшерγγчγ
53
250
Каттоо бɵлγмγнγн координатору
86
300
Каттоочу
22
250
Каттоо документтерин кабыл алуучу адис
60
250
Каттоо маалыматтарын иштеп чыгуучу адис
110
250
Эскертγγ: Тɵлɵмдɵрдγн ɵлчɵмγ Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана жетγγгɵ кыйын болгон алыскы чɵлкɵмдɵрγндɵ жашаган жана иштеген адамдардын эмгек акыларына кошумча акылардын жана γстɵктɵрдγн райондук коэффициенттери эсепке алынбастан белгиленди.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (12)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 242-б (Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия курамын түзүү боюнча)…Распоряжение · 10.06.2013 · № 242-р
- Кеңеш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы №7 "Калктуу пунктардын такталган 1:5000 масштабтагы схемалык картасын даярдоо жөнүндө"токтомуПостановление · 24.02.2016 · № 7
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий статистика иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп…Постановление · 22.04.2020 · № 212
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябры № 489 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо…Постановление · 06.09.2013 · № 489
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 354 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2015 · № 354 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 394 токтомуПостановление · 16.07.2014 · № 394
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-январындагы № 11 токтомуПостановление · 10.01.2017 · № 11
- КР θкмɵтγнγн 2014-жылдын 16-июлундагы № 394 "Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 «Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо…Постановление · 16.07.2014 · № 394 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-августундагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 354 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн…Постановление · 21.08.2015 · № 597 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 “Кыргыз Республикасында 2016-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо…Постановление · 10.01.2017 · № 11 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 22.12.2016 · № 215
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябры № 489 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо…Постановление · 06.09.2013 · № 489
- О сельскохозяйственной переписиЗакон · 29.09.2000 · № 80 · Күчүн жоготкон
- КР θкмɵтγнγн 2014-жылдын 16-июлундагы № 394 "Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 «Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо…Постановление · 16.07.2014 · № 394 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 “Кыргыз Республикасында 2016-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо…Постановление · 10.01.2017 · № 11 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.