Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кеңеш айылдык кеңешинин «Калктуу пунктардын такталган 1:5000 масштабтагы схемалык картасын даярдоо жөнүндө»токтому
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы
2016-жылдын 24-февралы №7 Калктуу пунктардын такталган 1:5000 масштабтагы схемалык картасын даярдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854, толуктоолору менен 16-июль 2014-жылдын №394 токтомуна негиз 2016-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү токтомунун 4 жана 4-2,3 пунктарын жана Калктуу пунктардын такталган 1:5000 масштабтагы схемалык картасын даярдоо боюнча Кеңеш айыл өкмөтүнүн 22.02.2016-жылдагы чыгыш №01-6/115 катына негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854, толктоолору менен 16-июль 2014-жылдын № 394 токтомуна негиз 2016-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү токтомунун 4 жана 4-2,3 пунктарын жана Калктуу пунктардын такталган 1:5000 масштабтагы схемалык картасын даярдоо үчүн суралган 28000 (жыйырма сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Каралган акча каражатын таап берүү жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровага жана Бюджет жана экономика туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү”Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы::
К. Аттокуров.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.12.2012 · № 854 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР θкмɵтγнγн 2014-жылдын 16-июлундагы № 394 "Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 «Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо…Постановление · 16.07.2014 · № 394 · Күчүн жоготкон