Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 „Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 11-декабры № 827 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестринде:
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" бөлүмүнүн "Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти" бөлүмчөсүнүн 1-пунктунун он биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба, жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги" бөлүмүндө:
"Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба, жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы бөлүмчө менен толукталсын: "
| Ветеринардык дары-дармек каражаттарын сертификаттоо борбору | ||
|---|---|---|
| 1 | Ветеринардык дары-дармектер каражаттары мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк | "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамы |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү…Постановление · 25.02.2004 · № 103
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 61 · Күчүн жоготкон