21-статья. Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууда келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликтин милдеттүү түрдө камсыздандырылышы
Күчүн жоготкон · 16.11.2013 редакциясы · II Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202.
Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланган уюм авария же кырсык болгон учурда башка адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө, жаратылыш чөйрөсүнө, материалдык байлыктарга зыян келтирилгенде жана коркунучтуу өндүрүш объектинде иштеген кызматчылардын кырсыкка дуушар болгон учурларындагы зыян үчүн жоопкерчиликти камсыздандырууга милдеттүү. Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланган уюмдун авариядан же кырсыктан улам калкка, айлана-чөйрөгө жана материалдык байлыктарга келтирилиши мүмкүн болгон залал үчүн жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздашынын тартиби жана жол-жобосу өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылып, камсыздандыруу уюму тарабынан аныкталат. Авария болгон учурлардан коркунучтуу өндүрүш объекттеринде иштеген кызматкерлерди камсыздандыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Коркунучтуу өндүрүш объекттериндеги кырсыктардын натыйжасында калкка, айлана-чөйрөгө жана материалдык байлыктарга келтирилиши мүмкүн болгон залал үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу учурундагы камсыздандыруу суммасынын өлчөмү тобокелдин даражасына жана коркунучтуу өндүрүш объекттериндеги өндүрүштүк иштин көлөмүнө жараша коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланган уюм менен бирдикте камсыздандыруу уюмдары тарабынан аныкталат. Камсыздандыруу салымдарынын төлөнүшү уюмдарды авариянын натыйжасында келтирилген залал үчүн юридикалык жана жеке жактардын алдындагы жарандык-укуктук жоопкерчилигинен бошотпойт.
Берененин тексти 16.11.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/932/st-21" title="21-статья - Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>