20-статья. Коркунучтуу өндүрүш объекттери үчүн өнөр жай коопсуздугунун декларациясы
Күчүн жоготкон · 16.11.2013 редакциясы · II Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202.
Коркунучтуу өндүрүш объекти үчүн өнөр жай коопсуздугунун декларациясын иштеп чыгуу милдеттүү болуп саналат. Коркунучтуу өндүрүш объекттери үчүн өнөр жай коопсуздугунун декларациясын иштеп чыгуу авария тобокелин жана ага байланышкан коркунучтарды ар тараптан баалоого, авариялардын алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралардын жетиштүүлүгүн талдоого, уюмдардын коркунучтуу өндүрүш объекттерин өнөр жай коопсуздугунун талаптарына ылайык пайдаланууга, ошондой эле аварияларды жана алардын кесепеттерин коркунучтуу өндүрүш объекттеринде жайылтпоого жана жоюуга даярдыгын камсыз кылууга, коркунучтуу өндүрүш объектинде авария болгон учурда, кыйроонун кесепеттерин жана келтирилген зыяндын көлөмүн азайтууга багытталган иш-чараларын иштеп чыгууну билдирет. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун декларациясында камтылуучу маалыматтын тизмеси жана аны даярдоо тартиби өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы тарабынан аныкталат. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун декларациясы коркунучтуу өндүрүш объектин курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга карата долбоордук документтердин курамында иштелип чыгат. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун декларациясы анда камтылган маалыматтар же өнөр жай коопсуздугунун талаптары өзгөргөн учурда такталат же кайрадан иштелип чыгат. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун декларациясы коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланган уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет. Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланган уюмдун жетекчиси өнөр жай коопсуздугунун декларациясындагы маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата иштеп жаткан коркунучтуу өндүрүш объекттери үчүн өнөр жай коопсуздугунун декларациясы өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы тарабынан белгиленген мөөнөттө иштелип чыгат. Өнөр жай коопсуздугунун декларациясы мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук уюмдарга жана жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берилет.
Берененин тексти 16.11.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Положение о разработке и оформлении декларации промышленной безопасности опасных производственных объектов и перечне сведений, содержащихся в ней (Утверждено приказом…Положение · 14.02.2003 · Күчүн жоготкон
- Приказ Министерства экологии и чрезвыйчайных ситуаций Кыргызской Республики от 14 февраля 2003 года №с46 "Об утверждении "Положения о разработке и оформлении декларации…Приказ · 14.02.2003 · № c46 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/932/st-20" title="20-статья - Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>