12-статья. Коркунучтуу өндүрүш объектин долбоорлоого, курууга жана пайдаланууга кабыл алууга коюлган өнөр жай коопсуздугунун талаптары
Күчүн жоготкон · 16.11.2013 редакциясы · II Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202.
Коркунучтуу өндүрүш объектин курууну, кеңейтүүнү, реконструкциялоону, техникалык жактан кайра жабдууну, консервациялоону жана жоюуну баштоо жөнүндө чечим кабыл алуунун милдеттүү шарттарынын бири болуп өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы тарабынан бекитилген долбоордук документтердин өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизасынын чыгарган оң жыйынтыгы эсептелет. Коркунучтуу өндүрүш объектин куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык жактан кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу учурунда долбоордук документтерден четтөөгө жол берилбейт. Коркунучтуу өндүрүш объектин куруунун, кеңейтүүнүн, реконструкциялоонун, техникалык жактан кайра жабдуунун, консервациялоонун жана жоюунун долбооруна киргизилүүчү өзгөртүүлөр өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан өтүүгө тийиш жана өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы менен макулдашылат. Коркунучтуу өндүрүш объектин куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык жактан кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу учурунда долбоорду иштеп чыккан уюмдар белгиленген тартипте автордук көзөмөлдү ишке ашырат. Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууга кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууга кабыл алууда, коркунучтуу өндүрүш объекттеринин долбоордук документтерине дал келиши жана уюмдардын коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланууга жана кыйроолорду жайылтпоого, анын кесепеттерин жоюуга болгон даярдыгы милдеттүү түрдө текшерилет.
Берененин тексти 16.11.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/932/st-12" title="12-статья - Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>