11-статья. Өнөр жай коопсуздугунун талаптары
Күчүн жоготкон · 16.11.2013 редакциясы · II Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202.
Өнөр жай коопсуздугунун талаптары калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы ченемдердин, калктын санитардык-эпидемиялык бейпилдигин, жаратылыш айлана-чөйрөсүн коргоонун, экологиялык коопсуздуктун, өрт коопсуздугунун, эмгекти коргоонун, курулуштун, ошондой эле мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Өнөр жай коопсуздугунун талаптары - ушул Мыйзамда, башка мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын дагы башка укуктук ченемдик актыларында, ошондой эле техникалык ченемдик документтерде көрсөтүлгөн жана өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган шарттар, эрежелер, тыюу салуулар, чектөөлөр жана милдеттүү түрдө аткарылуучу дагы башка талаптар.
Берененин тексти 16.11.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/932/st-11" title="11-статья - Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>