Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн инженердик камсыздоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 13-ноябры № 768 2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн инженердик камсыздоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу 2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн инженердик камсыздоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун 13-беренесинде каралган ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн инженердик камсыздоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Жогоруда аталган Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 769 ""Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 13.11.2012 · № 769 · Күчүн жоготкон