Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 21 декабря 2020 года № 622 "О приемной семье"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-12-21.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 1-октябры № 670 Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 80-беренесине ылайык, багып алуучу (фостердик) үй-бүлө институту механизмин киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөрдө балдарды багуу жана тарбиялоо жана асырап алган ата-энелерге жардам жана колдоо көрсөтүү боюнча минималдык стандарттар 2-тиркемеге ылайык;
- багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө эмгек акынын өлчөмдөрү жана баланы багууга чыгымдар 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары багып алуучу үй-бүлөлөрдө балдарды тарбиялоо менен байланышкан маселелерди кароодо жана чечүүдө ушул токтомду жетекчиликке алышсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
3-тиркемеге
Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө эмгек акынын өлчөмдөрү жана баланы багууга ЧЫГЫМДАР (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
Багып алган бир баланы багууга кетүүчү чыгымдардын беренеси
Багып алган бир баланы багууга кетүүчү чыгым
Тамактануу (бир күнгө)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна ылайык
Кир жуучу каражаттар (бир айга)
100 сом
Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө (электр энергиясына, газ, суу, таштанды чыгаруу үчүн бир айга төлөө)
Чыгым: электр энергия - 25 киловатт; газ - 3 куб.м; суу - тариф боюнча; таштанды чыгаруу - тариф боюнча
Кийим-кече жана бут кийим сатып алуу (1 сезонго)
2000 сомго чейин ырастоочу документтерге (касса чеги, сатып алуу актысы, патент) ылайык
Шейшептерди сатып алуу (баланы бирден эки айга чейин жайгаштырганда бир комплект каралат, эки айдан бир жылга чейин жайгаштырганда - эки комплект)
Шейшеп комплекти (400 сом х 2 = 800 сом) сатып алгандыгы жөнүндө ырастоочу документтерге (кассалык чек, сатып алуу актысы, патент) ылайык
Медициналык, унаалык жана башка кызматтар (бир айга)
1000 сом
Багып алган ата-эненин (бала багып алган үй-бүлөнүн) эмгек акысы
Багып алган ата-эненин (багып алган үй-бүлөнүн) эмгек акысынын бир айлык өлчөмү 6000 сомду түзөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 6
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-апрелиндеги № 131-б (012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын 2012-жылда ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө…Распоряжение · 12.04.2013 · № 131-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 421-б (2014-2019-жылдарга Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын расмий тилде бешинчи мезгилдүү…Распоряжение · 06.11.2019 · № 421-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 "Багып алуучу үй-бүлө жөнүндө" токтомуПостановление · 21.12.2020 · № 622
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 519-б (Женева шаарында (Швейцария) Экинчи улуттук докладын коргоо максаты жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 20.11.2014 · № 519-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 670 токтому менен бекитилгенПоложение · 01.10.2012 · № 670 · Күчүн жоготкон
- "Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөрдө балдарды багуу жана тарбиялоо жана асырап алган ата-энелерге жардам жана колдоо көрсөтүү боюнча минималдык СТАНДАРТТАР" Кыргыз…Стандарт · 01.10.2012 · № 670 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2008 · № 7
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 "Багып алуучу үй-бүлө жөнүндө" токтомуПостановление · 21.12.2020 · № 622
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөКодекс · 10.07.2012 · № 100
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 токтому менен бекитилген )Положение · 27.09.2012 · № 664 · Күчүн жоготкон
- Ишеним эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 токтому менен бекитилген )Положение · 27.09.2012 · № 664 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 890 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк…Постановление · 29.12.2015 · № 890 · Күчүн жоготкон