Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Багып алуучу үй-бүлө жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 21-декабры № 622 Багып алуучу үй-бүлө жөнүндө "Багып алуучу үй-бүлөнү түзүү тартибин жөнгө салуучу укуктук нормаларды өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Багып алуучу үй-бүлө жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- багып алган баланы багууга төлөмдөрдүн жана багып алуучу ата-энелердин эмгек акысынын өлчөмдөрү, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 670 "Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
2-тиркеме
Багып алган баланы багууга төлөмдөрдүн жана багып алуучу ата-энелердин эмгек акысынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
1. Багып алган бир баланы багууга төлөмдөрдүн эсеби
Багып алган баланын жаш курагы
Эсептин формуласы (Баланын жашын эске алуу менен жашоо минимуму* х 2)
Бир айдагы суммасы (сом)
0дөн 7 жашка чейин
3751,85 сом х 2
7503,7
7ден 14 жашка чейин
4376,00 сом х 2
8752,00
14дөн 17 жашка чейин
4756,10 сом х 2
9512,2
2. Багып алуучу ата-эненин (багып алуучу үй-бүлөнүн) эмгек акысын эсептөө
Багып алуучу ата-энеге төлөөнүн өлчөмү, төмөнкүдөй бакканда:
Эсептин формуласы (эмгекке жарамдуу курактагы адамдар үчүн жашоо минимуму** х 1.5 + үстөк акы
Бир айдагы суммасы (сом)
Багып алган бир баланы (төлөмдүн базалык өлчөмү)
5553,52 сом х 1.5
8330,28
Багып алган эки баланы
үстөк акы + 10% төлөмдүн базалык өлчөмүнө
9163,28
Багып алган үч баланы
үстөк акы + 20% төлөмдүн базалык өлчөмүнө
9996, 33
Багып алган үч бала, анын ичинде бирөө майыптыгы менен
үстөк акы + 30% төлөмдүн базалык өлчөмүнө
10829,36
Багып алган үч бала, анын ичинде экөө майыптыгы
үстөк акы + 40% төлөмдүн базалык өлчөмүнө
11662,39
Багып алган үч бала майыптыгы менен
үстөк акы + 50% төлөмдүн базалык өлчөмүнө
12495,42
(*) Өткөн финансылык жылдын IV кварталына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгилеген тиешелүү жаш курактагы балдар үчүн эки жашоо минимуму; (**) Өткөн финансылык жылдын IV кварталына ылайык ишке жарамдуу курактагы калк үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгилеген жашоо минимуму. Эмгек актыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөнүн райондук коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жашаган адамдарга, баланы багууга жана багып алган ата-энеге (ата-энесине) төлөмдөрдүн өлчөмү бул коэффициенттерди эсепке албастан эсептелет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (5)
- Багып алуучу үй-бүлө жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомуна)Положение · 21.12.2020 · № 622
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.08.2014 · № 439
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябры № 670 "Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө" токтомуПостановление · 01.10.2012 · № 670 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 670 токтому менен бекитилгенПоложение · 01.10.2012 · № 670 · Күчүн жоготкон
- "Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөрдө балдарды багуу жана тарбиялоо жана асырап алган ата-энелерге жардам жана колдоо көрсөтүү боюнча минималдык СТАНДАРТТАР" Кыргыз…Стандарт · 01.10.2012 · № 670 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.08.2014 · № 439
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябры № 670 "Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө" токтомуПостановление · 01.10.2012 · № 670 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөКодекс · 10.07.2012 · № 100
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августунун № 507 "Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу…Постановление · 18.08.2017 · № 507
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 537 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын…Постановление · 27.09.2022 · № 537 · Күчүн жоготкон