Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Үй-бүлөнү жана энени колдоо жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 июня 2017 года № 386 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-06-19.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-октябры № 666 Үй-бүлөнү жана энени колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 93 "Кыргыз Республикасында Энелер күнүн белгилөө жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2012-2015-жылдарга үй-бүлөнү жана энени колдоо боюнча комплекстүү программа (мындан ары - Комплекстүү программа) 1-тиркемеге ылайык;
- 2012-2015-жылдарга үй-бүлөнү жана энени колдоо боюнча комплекстүү программаны ишке ашырууга карата иш-чаралар планы (мындан ары Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- Комплекстүү программанын жана Иш-чаралар планынын иш-чараларын тийиштүү жылга бекитилген бюджеттердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын алкагында ишке ашырышсын;
- жарандык коомчулуктун, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Комплекстүү программаны жана Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилдин кийинки айдын 5инен кечиктирбестен 3-тиркемеге ылайык форма боюнча Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги:
- квартал сайын, отчеттук мезгилдин кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун;
- Комплекстүү программаны жана Иш-чаралар планын ишке ашыруунун мониторингинин ар жылдык жыйынтыгы боюнча зарыл учурда Комплекстүү жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун;
- Комплекстүү программаны жана Иш-чаралар планын ишке ашыруунун мониторингинин ар жылдык жыйынтыгы боюнча зарыл учурда Комплекстүү программага жана Иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш киргизип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
2-тиркеме
2012-2015-жылдарга үй-бүлөнү жана энени колдоо боюнча комплекстүү программаны ишке ашырууга карата ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
| № | Иш-чаралар | Каржылоо булактары жана көлөмү | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
|---|---|---|---|---|
| 1. Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | ||||
| 1 | Баланы багуу боюнча ал бир жарым жашка чыкканга чейин акы төлөмө отпуска берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | Эл аралык уюмдардын каражаттарын тартуунун эсебинен | ЖЭИКМ | 2013-2014- жылдар |
| 2 | Kөп балалуу ата-энелердин бирине ар бир бешинчи жана ар бир кийинки бала үчүн ар жылдык акы төлөмө отпускасына кошумча күн берүүнү белгилөө жөнүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | Эл аралык уюмдардын каражаттарын тартуунун эсебинен | ЖЭИКМ | 2013-2014- жылдар |
| 3 | Көп балалуу ата-эне болуп саналган кызматкерлерге өзгөчө эмгек шарттарын түзүү, анын ичинде беш жана андан ашык баласы бар аялдар үчүн үй эмгегин колдонуу боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана кабыл алуу | Эл аралык уюмдардын каражаттарын тартуунун эсебинен | ЖЭИКМ, ЮМ, МСК | 2013-2014- жылдар |
| Үй-бүлөнү жана энени мамлекеттик колдоо чаралары | ||||
| 4 | Социалдык долбоорлордун конкурсу аркылуу көп балалуу үй-бүлөлөргө жана оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү | Бюджеттен тышкаркы каражаттар | СӨМ | 2012-2013- жылдар |
| 5 | Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө институтун киргизүү | Тийиштүү жылга министрликтер- ге, ведомстволорго каралган каражаттардын эсебинен | СӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2012-2014- жылдар |
| 6 | Социалдык коргоого муктаж болгон жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү эсепке алууну камсыздоо үчүн бирдиктүү комплекстүү маалыматтык системаны (маалыматтар базасын) түзүү | Эл аралык уюмдардын каражаттарын тартуунун эсебинен | СӨМ, Соцфонд, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл |
| 7 | Жеке менчик турак жай курууга шаардын айланасынан жана айыл жеринен шарттарын жакшыртууга муктаж болгон көп балалуу үй-бүлөлөргө биринчи кезекте жер участкаларын берүү | КРӨМА, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2013-2015- жылдар | |
| 8 | Көп балалуу үй-бүлөлөргө турак жай алууга мамлекеттик жардам берүү | Республикалык бюджет | КРӨМА, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2013-2015- жылдар |
| 9 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көп балалуу үй-бүлөлөргө турак жай курууга же турак жай сатып алууга жеңилдик кредит же процентсиз займ берүү | Республикалык бюджет | КРӨМА, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2013-2015- жылдар |
| 10 | Көп балалуу энелер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөр үчүн укуктук жардам боюнча юридикалык консультацияларды жана "түз байланыш" уюштуруу | Бюджеттен тышкаркы жана ӨЭУнун каражаттарынын эсебинен | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2013-2015- жылдар |
| 11 | 5 жана андан көп балдары бар аялдарды кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу жана аларды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү | Тийиштүү жылга министрликтер- ге, ведомстволорго каралган каражаттардын эсебинен | ЖЭИКМ | Дайыма |
| 12 | Эмгектин ийкемдүү формаларын колдонуу шарттарында (толук эмес иш күн, толук эмес иш жума, үйдөн иштөөчү иш) көп балалуу ата-энелерди ишке орноштуруу | Тийиштүү жылга министрликтер- ге, ведомстволорго каралган каражаттардын эсебинен | ЖЭИКМ | Дайыма |
| 13 | Фермер (дыйкан) чарбасын түзүүнү каалаган көп балалуу үй-бүлөлөргө көмөктөшүү | АЧММ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2012-2015- жылдар | |
| 14 | Фермер (дыйкан) чарба жүргүзүү үчүн көп балалуу үй-бүлөлөргө жер участкаларын ижаралоо акысынын жеңилдетилген ставкасы боюнча 49 жылга ижарага берүү же мөөнөтүн узартуу менен жеңилдетилген баа боюнча сатуу | ЖМА, ЖЭИКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2012-2015- жылдар | |
| 15 | Фермер чарбасын түзгөн көп балалуу үй-бүлөлөргө узак мөөнөттүү кредит же процентсиз займды аларды өнүктүрүү, техникаларды, жабдууларды сатып алууга жана айыл чарба өндүрүшүн киргизүү менен байланышкан башка максаттарга биринчи кезекте бөлүү | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2013-2015- жылдар | |
| 16 | Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүн башталгыч жана атайын орто кесиптик билим берүү мекемелеринде фермер чарбаларын жана агрардык ишти жүргүзүүнүн негиздерине окутуу жана кайра окутуу | Бюджеттен тышкаркы каражаттар | АЧММ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2012-2013- жылдар |
| 17 | Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектепке чейинки, орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу | Тийиштүү жылга министрликтер- ге, ведомстволорго каралган каражаттардын эсебинен | ББМ, ЖЭИКМ | 2012-2014- жылдар |
| 18 | Беш баласы жана андан жогору жашы жетелек балдары бар үй-бүлөлөрдүн ата-энелерине балдарын мектепке чейинки мекемелерде кармоо үчүн акы төлөөнү 50%ке төмөндөтүү | Тийиштүү жылга министрликтер- ге, ведомстволорго каралган каражаттардын эсебинен | ББМ | 2012-2015- жылдар |
| 19 | Мектепке чейинки мекемелерге көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарын биринчи кезекте кабыл алууга укукту белгилөө | Райондук мамлекеттик администра- циялар, ЖӨБО | 2012-2015- жылдар | |
| 20 | Жалпы жана кошумча билим алууга көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына социалдык жардам көрсөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу | ББМ, СӨМ | 2012-2015- жылдар | |
| 21 | Коомдо адептик, анын ичинде үй-бүлөлүк баалуулуктарды, социалдык артыкчылыктарды жана көп балалуу үй-бүлө менен эненин кадыр-баркы жөнүндө түшүнүктөрдү калыптандыруу жана чыңдоо боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Бюджеттен тышкаркы каражаттар | КТМ | 2012-2013- жылдар |
| 22 | Үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана энени пропагандалаган маданий-массалык иш-чараларды жүргүзүү | Бюджеттен тышкаркы каражаттар | КТМ | 2012-2015- жылдар |
| 23 | Ден соолукту чыңдоочу жана адистештирилген балдарды дарылоочу жана ден соолукту чыңдоочу мекемелерде, санаториялык типтеги мекемелерде көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарын биринчи кезекте кабыл алуу укугун белгилөө | СӨМ, ССМ | 2012-2014- жылдар | |
| 24 | Көп балалуу энелерди жана үй-бүлөлөрдү медициналык тейлөөнүн жана дары-дармек менен камсыз кылуунун айрым түрлөрү боюнча жеңилдиктер. 6 жашка чейинки балдар үчүн врачтын рецепти боюнча сатып алынган дары-дармектерди акысыз берүү | ССМ жана ММКФнын каражаттарынын эсебинен | ССМ, ММКФ | 2013-2014- жылдар |
| 25 | Аялдардын репродуктивдүү ден соолугун коргоо, үй-бүлөнү пландаштыруу ыкмалары, контрацепциянын ыкмалары жөнүндө маалымдоону жогорулатуу | ССМ, MKT, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2012-2013- жылдар | |
| 26 | Көп балалуу энелерге кош бойлуулук убагында жана төрөттөн кийинки мезгилде медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүү | Тийиштүү жылга министрликтер- ге, ведомстволорго каралган каражаттардын эсебинен | ССМ, ММКФ | Жыл сайын туруктуу негизде |
| 27 | Жарандарды медициналык-санитариялык жардамдар менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын жана Камсыздандырылган жарандарды амбулатордук деңгээлде жеңилдетилген дары-дармектик камсыздоо боюнча кошумча программанын алкагында энелик жана балалык проблемалары боюнча иштешкен ӨЭУ, жарандык секторлор үчүн тегерек столдорду, семинарларды уюштуруу | Бюджеттен тышкары каражаттардын жана ӨЭУнун каражаттарынын эсебинен | ССМ, ММКФ | Жыл сайын май айында |
| 28 | Көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү, анын ичинде психологиялык колдоо көрсөтүү үчүн үй-бүлөлүк социалдык-психологиялык консультациялар социалдык кызматын түзүү | Бюджеттен тышкары каражаттардын жана ӨЭУнун каражаттарынын эсебинен | СӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2012-2013- жылдар |
| 29 | Үй-бүлөлүк баалуулуктарды, сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоого багытталган үй-бүлөнүн кадыр-баркын жогорулатууга түрткү берген маалыматтык билдирүүлөрдү, программаларды, мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук колдоо чаралары жөнүндө, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн укугу жөнүндө жана иштеп жаткан колдоо программаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтуу | Бюджеттен тышкары каражаттардын жана ӨЭУнун каражаттарынын эсебинен | ТКМ, Мамкаттоо, КТРК (макулдашуу боюнча), ЭлТР (макулдашуу боюнча), министрлик- тер жана ведомстволор | 2012-2015- жылдар |
| 30 | Балдарды тарбиялоо проблемаларына арналган тематикалык теле- жана радиопрограммаларды, ЖМК басма сөз каражаттарында бөлүмдөрдү түзүү, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугуз калган балдарды үй-бүлөгө жайгаштыруунун оң тажрыйбаларын ЖМКда чагылдыруу | Бюджеттен тышкары каражаттардын жана ӨЭУнун каражаттарынын эсебинен | ТКМ, Мамкаттоо, КТРК (макулдашуу боюнча), ЭлТР (макулдашуу боюнча), министрлик- тер жана ведомстволор | 2012-2015- жылдар |
Кыскартуулардын тизмеси:
КРӨМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик; ДСМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги; ӨЖТ - өз ара жардам тобу; АҮАЖ - аз камсыз үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөкпул; АСЖ - ар айлык социалдык жөлөкпул; ДАУ - дарылоо-алдын алуу уюмдары; ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; ЖМА - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист- рлиги; МТМ - Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм ми- нистрлиги; ЖЭИКМ - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш ме- нен камсыз кылуу министрлиги; БМ - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим ми- нистрлиги; СӨМ - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү минист- рлиги; ТКМ - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника- циялар министрлиги; ЮМ - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; УИА - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академия- сы; Улуттукстатком - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комите- ти; ЖӨБО - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; КТРК - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы.
3-тиркеме
Маалымат берүү формасы
| № | Иш-чаралар | Мониторинг индикатор- лору | Каржылоо булактары жана көлөмдөрү | Жооптуу аткаруучу- лар | Аткаруу мөөнөт- төрү | Аткаруу жөнүндө маалымат |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Бөлүм | ||||||
| 1 | ||||||
| 2 | ||||||
| 3 | ||||||
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- "2012-2015-жылдарга үй-бүлөнү жана энени колдоо боюнча КОМПЛЕКСТҮҮ ПРОГРАММА" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 666 токтому менен бекитилгенПрограмма · 01.10.2012 · № 666
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2017 · № 386
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги ПЖ №93 "Кыргыз Республикасында Энелер Күнүн белгилөө жөнүндө" жарлыгыУказ · 23.04.2012 · № 93
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2017 · № 386
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- 2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 479 токтому…Программа · 14.08.2017 · № 479
- КР Өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2017-жылдын 23-январындагы № 1/нпа "Тизмектерди маалымдамаларды, типтүү формаларды жана нускамаларды бекитүү…Приказ · 23.01.2017 · № 1/нпа