Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 „Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 12 июня 2024 года № 304 "Об утверждении Единого реестра государственных услуг, оказываемых государственными органами и их подведомственными учреждениями"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-06-12.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 25-сентябры № 643 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери:";
- 3-пунктундагы "жана алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн" деген сөздөр ", алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 2-1 жана 2-2-пункттар менен толукталсын:
"2-1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөөрү жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашкандан кийин бекитилээри белгиленсин. 2-2. Бланктык продукциялардын, документтерди тираждоонун, сатылуучу маалымат материалдарынын наркы иш жүзүндөгү сарптоолорго жараша белгиленет.".
- төмөнкү мазмундагы 6-1, 6-2, 6-3-пункттар менен толукталсын:
"6-1. Бул токтомду колдонуу төмөнкүлөргө таркатылбайт:
- мамлекеттик ишканаларга;
- өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын мекемелерине (ишканаларына);
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, алардын белгиленген функцияларды түздөн-түз аткаруу боюнча түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн, ведомстволук мекемелеринин ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнө.
6-2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө киргизүү критерийлерине шайкеш келбегендиктен Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кызмат көрсөтүүлөрү кирбей калган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери 2012-жылдын 31-декабрына чейин мурда түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттерин бүтүрүшсүн. 6-3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө чарбалык эсептин негизинде иштешкен жана акы алып кызматтарды көрсөтүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелерин республикалык бюджетте каржылоого которуунун максаттуулугу жана мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуш киргизсин.".
- жогору аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмесинде):
1-главада:
75, 76, 77, 78-пункттардын "Мамлекеттик тейлөөнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган" жана "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графаларындагы "КМ" аббревиатурасы "БИМ" аббревиатурасына алмаштырылсын"; 116-пункттун "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасындагы "белгиленген квотадан тышкары" деген сөздөр "квотадан тышкары" деген сөздөргө алмаштырылсын"; 117-пункттун "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасындагы "(окутуунун күндүзгү формасында)" деген сөздөр "(сырттан окуу формасында)" деген сөздөргө алмаштырылсын; глава төмөнкү мазмундагы 122-пункт менен толукталсын: "
| 122 | Мамлекеттик эмес (штаттан тышкаркы) авариялык-куткаруучу түзүлүштөрдүн куткаруучуларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу | ӨКМ | ӨКМ | Акы төлөмө |
";
2-главада:. 1-пункттун "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасы "БИМ" аббревиатурасынан кийин ", ИИМ" аббревиатурасы менен толукталсын;
3-главада:
глава төмөнкү мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
| 4-1 | Мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында жумуш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орношууга көмөк көрсөтүү | ЖЭИМ | ЖЭИМ | Акы төлөмө |
5-пункттун "Мамлекеттик тейлөөнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган" жана "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графаларындагы "ИИМ" деген аббревиатура "ЖЭИМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын; 25-пункттун "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасындагы "жатак-үйлөрдө" деген сөздөр "социалдык стационардык мекемелерде" деген сөздөргө алмаштырылсын; 26-пункттун "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасындагы "тобокел группасына тиешелүү болгон" деген сөздөр алып салынсын;
4-главада:. 3 жана 5-пункттардын "Мамлекеттик тейлөөнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган" жана "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графаларындагы "ТИМ" аббревиатурасы "ЖЭИМ" аббревиатурасына алмаштырылсын"; 4-6-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
5-главада:
18-пункттун "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасындагы "жана күбөлүктөрүн берүү" деген сөздөр алып салынсын, 18-пункттун "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасы "АЧжММ" аббревиатурасынан кийин "МКК менен бирдикте" деген сөздөр менен толукталсын; 19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
| 19 | Карантиндик объекттерди аныктоого айыл чарба жерлерин, көчөттөрдү, иши өсүмдүктөрдөн алынуучу продукциялар, үлгүлөрдү алуу жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан ишканаларды жана ага жанаша жайгашкан аймактарды пландуу изилдөө (энтомологиялык экспертиза, гербологиялык экспертиза, фитопатологиялык экспертиза | АЧжММ | АЧжММ | Акысыз |
"; төмөнкү мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын:
| 19- 1 | Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантиндик объекттерди аныктоого айыл чарба жерлерин, көчөттөрдү, иши өсүмдүктөрдөн алынуучу продукциялар, үлгүлөрдү алуу жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан ишканаларды жана ага жанаша жайгашкан аймактарды пландуу изилдөө (энтомологиялык экспертиза, гербологиялык экспертиза, фитопатологиялык экспертиза | АЧжММ | АЧжММ | Акы төлөмө |
"; 25-пункттун "Мамлекеттик (акы төлөнүүчү же акысыз) тейлөө көрсөтүүнүн шарттары" графасындагы "Акысыз" деген сөз "Акы төлөмө" деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөнкү мазмундагы 38-40-пункттар менен толукталсын:
| 38 | Жеке жана юридикалык жактардын билдирүүсү боюнча ветеринардык дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү | АЧжММ | АЧжММ | Акы төлөмө |
|---|---|---|---|---|
| 39 | Корутунду (сыноо протоколу) берүү менен сатып алынуучу, тапшырылуучу жана ташылып келинген эгиндин жана андан кайра иштетилген продуктулардын сапатын лабораториялык аныктоо | АЧжММ | АЧжММ | Акы төлөмө |
| 40 | Топография-геодезиялык, сүрөткө тартуу жана картографиялык иштер боюнча материалдарды берүү | ГМРМА | ГМРМА | Акы төлөмө |
";
6-главада:. 2 жана 6-пункттар күчүн жоготту деп табылсын. 2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон