Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « 2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 января 2018 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-01-22.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 25-сентябры № 640 2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясы жөнүндө "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- 2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясы 1-тиркемеге ылайык;
- 2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жалпылаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жыйынтыкталган маалыматты берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-июлундагы № 287-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Премьер-министри
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 640 токтому менен бекитилген
2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
| № | Иш-чара | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучу- лар | Каржылоо булактары | Күтүлүүчү натыйжалар |
|---|---|---|---|---|---|
| 1. Жаштар саясатынын укуктук ченемдик базасын өркүндөтүү | |||||
| 1 | Мамлекеттик жаштар саясатын өркүндөтүү максатында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2013- 2015- жылдары | ЖЭИКМ | ЖЭИКМнын бюджетинин чегинде | Мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруу механизмин түзүү |
| 2 | Жаштардын консультативдик кеңешин түзүү | 2013- жылдын 2-3-квар- талдары | ЖЭИКМ, ЖМА, ЖӨБО (макулда- шуу боюнча) | ЖЭИКМнын, ЖМАнын, ЖӨБОнун бюджеттеринин чегинде | Мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруу маселелеринде ЖЭИКМнын, ЖМАнын, ЖӨБОнун координациясын жана өз ара аракеттерин жогорулатуу |
| 2. Жаштардын потенциалын жогорулатуу | |||||
| 3 | Республикалык жаштар конгрессин өткөрүү | 2014- жылдын 4-квар- талы | ЖЭИКМ, БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулда- шуу боюнча) | ЖЭИКМнын бюджетинин чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | Республикалык жаштар конгрессинин жыйынтыктоочу документинде баяндалган жаштар саясатын алдыга жылдыруу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу |
| 4 | Кесиптик көндүмдөргө окутуу боюнча айыл жаштарына кыска мөөнөттүү курстарды өткөрүү | Дайыма | ЖЭИКМ, БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулда- шуу боюнча) | ЖЭИКМнын, БИМнын бюджеттеринин чегинде | Кесиптик көндүмдөргө үйрөнгөн жаштардын санын көбөйтүү |
| 5 | Чакан жана орто ишкердикти уюштуруу боюнча айыл жаштары үчүн семинарларды, тренингдерди өткөрүү | Дайыма | ЖЭИКМ, БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулда- шуу боюнча) | ЖЭИКМнын, БИМнын бюджеттеринин чегинде | Ишкердикти уюштуруу маселелери боюнча айыл жаштарынын потенциалын жогорулатуу |
| 6 | Инновациялардын көргөзмөлөрүн, жарманкелерин уюштуруу жана өткөрүү | Дайыма | ЖЭИКМ, БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулда- шуу боюнча) | ЖЭИКМнын, БИМнын бюджеттеринин чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | Жаштардын инновациялык долбоорлорду иштеп чыгууга кызыгуусун жогорулатуу жана дем берүү максатында инновациялык долбоорлорду илгерилетүү |
| 3. Жаштарга жарандык тарбия берүү, жаш муундарда рухий адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандыруу | |||||
| 7 | Мамлекеттик желек күнүнө, мамлекеттик гимнге арналган иш-чараларды өткөрүү | Жыл сайын | ЖЭИКМ, министр- ликтер жана ведомство- лор, ЖМА, ЖӨБО (макулда- шуу боюнча) | Министрлик- тердин жана ведомстволор- дун, ЖМАнын, ЖӨБОнун бюджеттеринин чегинде | Жаштардын жарандык жоопкерчилигин жана мамлекеттик символикаларга болгон сыйлоо сезимин жогорулатуу |
| 8 | "Жылдын мыктысы" республикалык сынагын өткөрүү | Жыл сайын | ЖЭИКМ, ЖМА, ЖӨБО (макулда- шуу боюнча) | ЖЭИКМнын, ЖМАнын, ЖӨБОнун бюджеттеринин чегинде (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдардын каражаттары | Кесиптик көндүмдөрдү жогорулатуу жана өнүктүрүү үчүн жаштарды колдоо жана аларга дем берүү |
| 9 | Жаштарды жарандыкка жана мекенчилдикке тарбиялоо, рухий адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандыруу боюнча социалдык роликтерди түзүүгө жаштар арасында сынак өткөрүү | 2013- жылдын ичинде | ЖЭИКМ | ЖЭИКМын бюджетинин чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | Жаштардын рухий адеп-ахлактык аң-сезиминин деңгээлин жогорулатуу |
| 10 | "Бирдиктүү Кыргызстан" республикалык жаштар форумун өткөрүү | Жыл сайын | ЖЭИКМ, ЖМА, ЖӨБО (макулда- шуу боюнча) | ЖЭИКМнын бюджетинин чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | Түрдүү улуттагы жаштарынын ортосундагы достук мамилени чыңдоо, аймактык жана этникалык негиздеги конфликттерди алдын алуу |
| 11 | "Ата-Энем ырысым, ата-энем бакытым" республикалык сынагын өткөрүү | 2014- жылдын 2-кварта- лы | ЖЭИКМ, ЖМА, ЖӨБО (макулда- шуу боюнча) | ЖЭИКМнын бюджетинин чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | Жаштардын рухий адеп-ахлактык аң-сезиминин деңгээлин жогорулатуу |
| 12 | "Жаш үй-бүлөө" сынагын өткөрүү | 2015- жылдын 1 жана 2-квар- талдары | ЖЭИКМ, ЖМА, ЖӨБО (макулда- шуу боюнча) | ЖЭИКМнин бюджетинин чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | Үй-бүлөөлүк жашоонун аброюн жогорулатуу, жубайлардын өз ара мамиле маданиятын жайылтуу. Жаш үй-бүлөө- лөрдү жана үй-бүлөөлүк жашоонун аброюн бекемдөө, жубайлардын өз ара мамиле маданиятынын жайылтуу |
| 4. Сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу | |||||
| 13 | Чылым чегүүгө, баңгиликке каршы иш-чараларды, ошондой эле жаштар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү | 2013- 2015- жылдардын ичинде | ЖЭИКМ, ССМ, ИИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулда- шуу боюнча) | Тиешелүү министрлик- тердин жана ведомстволор- дун бюджеттеринин чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | Чылым чегүүнүн жана баңгиликтин зыяндуулугу жөнүндө жаштардын кабардар болуусун жогорулатуу |
| 14 | Улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрүү | Жыл сайын | ДСМА, ЖЭИКМ, ЖМА, ЖӨБО (макулда- шуу боюнча) | ДСМАнын, ЖЭИКМнын, ЖМАнын, ЖӨБОнун бюджеттеринин чегинде | Жаштар арасында улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү жана жайылтуу |
| 15 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жаштар - адамдар арасында спорттук сынактарды уюштуруу жана өткөрүү | Жыл сайын | ЖЭИКМ, ДСМА, БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулда- шуу боюнча) | Тиешелүү министрлик- тердин жана ведомстволор- дун бюджеттеринин чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды жана жаштарды - адамдарды массалык спортко тартуу |
| 5. Жаштар саясатын маалыматтык жактан камсыздоо | |||||
| 16 | Жаштар басылмаларын даярдоо жана чыгаруу | Жыл сайын | ЖЭИКМ | ЖЭИКМнын бюджетинин чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | Жаштардын жаштар саясаты чөйрөсүндө өткөрүлгөн иштер тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу |
| 17 | Жаштар сайтын түзүү | 2013- жылдын 2-кварта- лы | ЖЭИКМ | ЖЭИКМнын бюджетинин чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | Жаштардын жүргүзүлгөн жаштар саясаты тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу |
| 5. Эл аралык жаштар кызматташтыгы | |||||
| 18 | Эл аралык кызматташтык жана жаштар саясатын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү эл аралык программаларга жана долбоорлорго катышуу | Дайыма | ЖЭИКМ, ТИМ | ЖЭИКМнын бюджетинин чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | Тажрыйба алмашуу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, эл аралык жаштар программаларын жана долбоорлорун интеграциялоо |
Кыскартылгандардын тизмеси:
ЖЭИКМ - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги БИМ - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ТИМ - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ДСМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги ЖМА - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ЖӨБО - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Баткен шаардык кеңешинин 2017-жылдын 22-майындагы № 01-10/30 "Баткен шаарын 2017-2020-жылдар аралыгында социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн программасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 22.05.2017 · № 01-10/30
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2018 · № 49
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон
- "2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик СТРАТЕГИЯСЫ" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 640 токтому менен бекитилген )Стратегия · 25.09.2012 · № 640 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтомуПостановление · 08.04.2014 · № 202 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-июлундагы № 287-б (Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ түзүү) буйругуРаспоряжение · 19.07.2011 · № 287-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2018 · № 49
- Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөЗакон · 31.07.2009 · № 256 · Күчүн жоготкон