Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ түзүү) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 19-июлу № 287-б 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын жаштар саясатын ишке ашыруунун мамлекеттик стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу, мамлекеттик жаштар саясаты жаатындагы мамлекеттин максаттуу программасын камсыздоого багытталган артыкчылыктарды жана чараларды аныктоо максатында:
1. Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Жунусов И.К.
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Алымкулов А.Т.
- Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Калмаматов Б.О.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаштар саясаты, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Абдыгулов Т.С.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Абытов А.А.
- Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри;
Бекбоев А.А.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн башчысы;
Гапаров А.
- «Жаштар интеграциясы кызматы» коомдук фонду программасынын координатору (макулдашуу боюнча);
Жолдубаева И.Ы.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Жумабеков С.А.
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Догдурова А.Э.
- ЮСАИД жаштар программасынын улуттук координатору (макулдашуу боюнча);
Калыков М.Б.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаштар саясаты, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү боюнча комитетинин бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);
Каниметов К.А.
- көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Кашкарев А.А.
- ПРООНдун Кыргызстандагы программалык менеджери (макулдашуу боюнча);
Ким Э.С.
- көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Кудайбердиев А.А.
- Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Кыдыралиев У.Т.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
Мамаев Б.И.
- «Кыргызстан-Сорос» фондунун Жаштар программасынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Мамбетжанов М.Т.
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Муратов А.А.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы;
Мусабаева А.Ж.
- билим берүү жана жаштар маселелери боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Разаев М.М.
- Ага-Хан фондунун Жарандык коом программасынын координатору (макулдашуу боюнча);
Рысалиев З.К.
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Рыскулова А.М.
- Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министри;
Садыков К.Ж.
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Сыдыкова З.Б.
- жаштар саясаты жаатындагы көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Саралаев Т.О.
- көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Сырдыбаев С.М.
- көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Табалды уулу Э.
- Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Третьяков А.В.
- «Гуманитардык долбоорлоо институту» коомдук бирикмесинин талдоочусу (макулдашуу боюнча);
Усаров М.И.
- эксперт (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ:
- эки айлык мөөнөттө 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын жаштар саясатын ишке ашыруунун мамлекеттик стратегиясынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- жогоруда аталган Стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу үчүн зарыл материалдарды сурап алууга жана мамлекеттик органдардын тийиштүү адистерин ишке тартууга белгиленген тартипте уруксат берилсин.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 640 " 2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясы жөнүндө" токтомуПостановление · 25.09.2012 · № 640 · Күчүн жоготкон