Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында „Манас“ терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 26 декабря 2025 № 837 «О Порядке использования имен главных героев трилогии эпоса «Манас»» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-12-26.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 837 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2012-жылдын 25-сентябры № 634 Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык) "Манас эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдаланууну тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркемеге ылайык, Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине өз компетенцияларынын чегинде товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, географиялык көрсөтмөлөрдө, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкалыштарын пайдалануу жөнүндө маселелерди чечүүгө укук берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 351 "Манас жана "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу"…Постановление · 22.06.2020 · № 351
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 837 “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2025 · № 837
- Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун ТАРТИБИ…Порядок · 25.09.2012 · № 634 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 26.12.2025-ж., № 837 токтомуПостановление · 26.12.2025 · № 837
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 837 “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2025 · № 837
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндөЗакон · 24.03.2023 · № 70
- МанасЗакон · 28.06.2011 · № 59
- Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндөЗакон · 14.01.1998 · № 7 · Күчүн жоготкон