Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Манас жана «Манас» эпосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 22-июну № 351 "Манас жана "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К.Ибраев демилгелеген "Манас жана "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 351 токтому менен жактырылган
"Манас жана "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К.Ибраев демилгелеген "Манас жана "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
1. Мыйзам долбоорунун укуктук жөнгө салуу предмети так аныкталбагандыгын белгилеп кетүү керек, ушуга байланыштуу аны конкреттештирүүнү жана аталган Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Талдоо көрсөткөндөй Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө, 6-беренесинде баяндалган ченемдер айрым жоболорду эске албаганда, "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 6-беренесинин ченемдерин кайталайт. Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорун ишке ашыруунун механизмдери болуп саналган негизги ченемдер негизинен жогоруда аталган Мыйзамды кайталагандыктан, жаңы редакциядагы Мыйзамды кабыл алуунун максатка ылайыктуулугу тууралуу маселе жаралат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында материалдык эмес маданий мурастардын элементтерин коргоо жана колдонуу жаатындагы укуктук ченемдер "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери менен жөнгө салынганын эске алуу керек. Жогоруда айтылгандан улам, жаңы редакциядагы Мыйзам долбоорун кабыл албай, колдонуудагы ''Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына аны ишке ашыруунун механизмдерин өркүндөтүү бөлүгүндө тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Мында материалдык эмес маданий мурастар жаатындагы жооптуу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, илимий мекемелердин өкүлдөрүн жана көз карандысыз окумуштуу, изилдөөчүлөрдүн, Манас таануучулардын катышуусу менен "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш учурда жүрүп жатканын маалымат иретинде билдиребиз.
2. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгү менен "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Манас идеясын активдүү алга жылдырган коомчулукту тартуу менен Программаны жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын ар жылдык пландарын бекитет, анын каржылоосун камсыз кылат" деп белгилөө сунушталат.
Бирок белгилей кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Өкмөттүн программасын ишке ашырууда өнүгүү концепцияларын жана программаларын бекитет. Ушундан улам, Өкмөт тарабынан бекитилүүчү тармактык программаларды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Өкмөттүн ишинин негизги программасынан келип чыгуусу тийиш. Ошондой эле белгилеп кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине ылайык Өкмөт экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитет деп аныкталганына көңүлүңүздөрдү бурабыз. Андан сырткары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылуучу ченемдик укуктук актылар, алардын каржылоо булагы аныкталмайынча кабыл алынбайт.
3. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 3-бөлүгүндө "Манастын ысымын географиялык, административдик жана муниципалдык объекттерге колдонууга уруксат берилет. Соода, коомдук тамактануу, бизнес, коммерциялык жана коомдук уюмдарды, кыймылдарды, саясий партияларды, кумар оюн-зоок клубдарды, ошондой эле алкоголдук жана тамеки продукцияларына Манастын ысымы, ''Манас" эпосунун жана анын бардык бөлүктөрүнүн башка каармандарынын ысымдары менен атоого тыюу салынат" деп аныктоо сунушталат.
Ошол эле убакта белгилеп кетүүчү жагдай, "Манас" эпосу жөнүндө" колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана менчиктин башка түрлөрүндөгү объектилердин жана алар тарабынан чыгарылган продукциялардын аталыштарына "Манас" терминин колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте уруксат берилет. Мында маалымат иретинде билдирип кетели, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 634 токтому менен товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартиби бекитилген. Алсак, жогоруда аталган токтом менен бекитилген тартиптин 2-пунктуна ылайык, "Манас" термини жана анын негизинде келип чыккан сөздөр жана сөз айкалыштары корголбогон элемент катары товардык белгиде пайдаланылышы мүмкүн, эгерде өтүнмө ээси:
а) мамлекеттик бийлик органы болуп эсептелсе;
б) Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда үстөмдүк кылуучу абалды ээлесе;
в) Кыргыз Республикасына гана таандык болгон товарлардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн сейрек кездешүүчү түрлөрүн чыгарса жана/же көрсөтсө;
г) тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууда дүйнөлүк рынокто Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын узак убакыттар бою (5 жылдан кем эмес) көрсөтүп келсе;
д) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык инфраструктурасы жакшыртууга багытталган товарларды чыгарса жана/же кызматтарды көрсөтсө.
Ушундан улам, бүгүнкү күндө "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкалыштарын айрым субъекттер жана/же объекттер белгиленген тартипте колдонушу мүмкүн. Жогоруда айтылганды эске алуу менен Мыйзам долбоорунун аталган жоболорун кошумча талдоону жана кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинде каралып жаткан Мыйзам долбоорунун ченемдерин бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тарта турганын белгилөө сунушталат.
Бул жерде жоопкерчиликтин ушул түрү кайсы ченемдик укуктук актыларда каралганын тактоо керек.
5. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо, ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында ишкердик иш-аракетти жөнгө салуу учурларын кошпогондо, Өкмөт бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт. Жөнгө салуучу таасирди талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу жак тарабынан жүргүзүлөт жана камсыз кылынат.
Ошондой эле Мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалым кат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына ылайык келбейт, анткени Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган датасы жана анын натыйжалары жөнүндө маалымат камтылган эмес. Жалпысынан сунушталган Мыйзам долбоорунун жоболору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 2, 5, 77 жана 78-пункттарына ылайык келбегенин белгилеп кетебиз, Мыйзам долбоорунун айрым жоболору декларациялуу мүнөздө, Мыйзам долбоорун ишке ашыруунун конкреттүү механизмдери жок. Жогоруда айтылгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К.Ибраев демилгелеген ''Манас жана "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (7)
- МанасЗакон · 28.06.2011 · № 59
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2015 · № 5389-V
- Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 634 "Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын…Постановление · 25.09.2012 · № 634 · Күчүн жоготкон