Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 3 апреля 2014 года № 201 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-04-03.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 201 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 24-сентябры № 627 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене.
"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2001-жыл, № 6, 187-б.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 19-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет."
2-берене.
Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 "Энергетика жөнүндө" Мыйзамына төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 9-берененин 2, 13 жана 14-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзамдын 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү 2-беренесин кошпогондо, бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
"Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2011-жылдын 8-августунда № 144 менен кабыл алынган, 2011-жылдын 11-ноябрында күчүнө кирет. Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополияларга карата мамлекеттик саясаттын укуктук негиздерин аныктайт жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылык балансына жетүүгө жана керектөөчүлөр үчүн алар саткан товарлардын (жумуштар, кызматтар) жеткилүүлүгүн камсыздаган табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин, ошондой эле табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин натыйжалуу иштөөсүнө багытталган. Мыйзам табигый жана уруксат берилген монополия субъекттери, керектөөчүлөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан Кыргыз Республикасынын рынокторундагы пайда болгон мамилелерге таркатылат. Аталган Мыйзамдын 3-беренеси менен ыйгарым укуктуу орган аныкталган бул табигый жана уруксат берилген монополияларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, атаандаштыкты өнүктүрүүгө, монополисттик иштерди жана кара ниет атаандаштыкты чектөө, болтурбоо боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүп мамлекеттик монополияга каршы орган. Мыйзамдын 22-беренеси менен 2012-жылдын 1-сентябрына чейин энергетика тармагындагы монополияга каршы орган болуп энергетика жаатында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы эсептелээри каралган. Байланыш жана энергетика жаатында бааларды (тарифтерди) коюу боюнча функциялар байланыш жана энергетика жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (тармактык жөнгө салуучу) бекитилгендигин эске алып ага ылайык Мыйзамдын төмөнкү тармактарында:
- "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан. Мындан тышкары, долбоор 2012-жылдын 18-майындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жүнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын эске алуу менен иштелип чыккан. Анда "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына электр жана почта байланышындагы кызматтарга тарифтер субъект-монополисттерге мамлекеттик монополияга каршы органдын макулдугу менен байланышы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилери белгиленген. Ошентип, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдар менен "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууга байланыштуу пайда болгон карама-каршылыктарды жоюуга, ошондой эле башка мамлекеттик органдар монополияга каршы функцияларды аткарууда, тактап айтканда энергетика жана байланыш жаатында табигый жана уруксат берилген монополия субъекттери үчүн бааларды коюуда кайталоону болтурбоого багытталган. Ошону менен катар, экономиканын бардык тармактары үчүн монополияга каршы жөнгө салуунун бирдиктүү ченемдерин жана эрежесин кабыл алуу керек, буга бир мамлекеттик монополияга каршы орган бар болгондо гана жетүүгө мүмкүн. Мыйзам долбоору табигый жана уруксат берилген монополия субъекттери бааларды (тарифтерди) коюуда терс укуктук, экономикалык жана социалдык залаканы болтурбоого көмөк көрсөтөт. Мыйзам долбоору жарандардын гендердик бирдейлигин чектеген же экологиялык мүнөздөгү ченемдерди жана эрежелерди камтыбайт. Аталган мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик монополияга каршы органдын www.a№timo№opolia.kg расмий сайтына 2011-жылы кызыктар жарандар жана ишкерлер кеңири талкуулоосу үчүн (эскертүү жана сунуштар түшкөн жок) жайгаштырылган. Ошону менен катар белгилей кетүүчү жагдай мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын (Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте ратифицирленген эл аралык мыйзамдардын ченемдерине каршы келбейт. Аталган мыйзам долборунун ченемдерин ишке ашыруу кошумча финансылык укукту талап кылбайт. Жогоруда баяндалгандардын негизинде "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгууга киргизебиз.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т.Сариев
"Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулуп жаткан редакциясы | Өзгөртүүлөр жана толуктоолор | Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги тарабынан сунушталган редакция |
|---|---|---|
| Кыргыз Республикасынын "Почта байланышы жөнүндөгү" Мыйзамы | ||
| [19-берене. Почта байланышы кызматтарынын тарифтери Почта байланышы кызматтарына тарифтер почта байланышы тармагындагы мамлекеттик жөнгө салуу органы менен макулдашуу аркылуу аныкталат.] Коммерциялык, салттуу эмес жана жаны кызматтарга тарифтер почта байланышы ишканалары тарабынан эсептешүү-келишимдик негизде белгиленет. Керектөөчүлөрдүн айрым категорияларына почта байланышы кызматтарына акы төлөө боюнча жеңилдик берилгенде аны жүзөгө ашырган почта байланышы ишканаларына кирешенин толук алынбай калган суммасы жеңилдик берген орган тарабынан төлөнөт. | 19-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Почта байланышы кызматтарына тарифтер мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан белгиленет.". | 19-берене. Почта байланышы кызматтарынын тарифтери [Почта байланышы кызматтарына тарифтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик монополияга каршы саясат боюнча органдын макулдугу менен байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.] Коммерциялык, салттуу эмес жана жаңы кызматтарга тарифтер почта байланышы ишканалары тарабынан эсептешүү-келишимдик негизде белгиленет. Керектөөчүлөрдүн айрым категорияларына почта байланышы кызматтарына акы төлөө боюнча жеңилдик берилгенде аны жүзөгө ашырган почта байланышы ишканаларына кирешенин толук алынбай калган суммасы жеңилдик берген орган тарабынан төлөнөт. |
| Кыргыз Республикасынын "Энергетика жөнүндөгү" Мыйзамы | ||
| 9-берене. Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзам тарабынан төмөндөгүдөй ыйгарым укуктарга ээ болот: 1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык энергетикалык ресурстарды өндүрүү, берүү, сактоо, бөлүштүрүү же сатуу укугуна лицензияларды берет; [2) баалардын жана тарифтердин экономикалык жактан негизделген жана социалдык жактан алгылыктуу механизмдерин белгилейт;] 3) өндүрүүчүлөрдү монополиядан арылтуу саясатын жүргүзөт, бардык атаандаштарга электр берүүлөрдүн линияларына жана газ менен камсыз кылуу системаларына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды камсыз кылуу менен атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт; 4) атаандаштыкты камсыз кылуу боюнча чаралардын натыйжалуулугу үчүн көзөмөлдү жүзөгө ашырат жана монополияга каршы мыйзамдардын бузулуш фактылары жөнүндө компетенттүү органдарга билдирет; 5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык энергетикалык ресурстарды керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын жана нормативдүү документтерин турмушка ашырат; 6) электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, көмүрдү, мунайзатты, мунайзат продуктыларын натыйжалуу пайдаланууга көмөк көрсөтөт жана энергияны үнөмдөөнү колдойт; 7) энергиянын жаңылануучу булактарын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт; 8) энергетика жаатында стандарттарды макулдашат; 9) кардарлардын даттанууларын кароонун жана керектөөчүлөр менен энергетикалык кызмат көрсөткөн жана электр энергиясына ишканалардын, ошондой эле ишканалардын өздөрүнүн ортосундагы талаштарды чечүүнүн механизмдерин белгилейт; 10) өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон токтомдорду, эрежелерди, усулдук көрсөтмөлөрдү, нускамаларды жана башка нормативдүү мүнөздөгү актыларды кабыл алат, чыгарат жана алардын талапка ылайык аткарылышын контролдойт; 11) башка мамлекеттик органдар менен биргелешип, отун энергетикалык комплексине техникалык жардам көрсөтүү жана инвестицияларды тартуу программаларын координациялайт; 12) отун-энергетикалык комплексинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берүүчү илимий-техникалык программалардын заказчысы болот жана аларды турмушка ашырат; [13) жылуулук энергиясына жана табигый газга тарифтерди бекитет; 14) электр энергиясына тарифтерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен бекитет.] | 9-берененин экинчи, он үчүнчү жана он төртүнчү пункттары күчүн жоготту деп табылсын | 9-статья. Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзам тарабынан төмөндөгүдөй ыйгарым укуктарга ээ болот: 1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык энергетикалык ресурстарды өндүрүү, берүү, сактоо, бөлүштүрүү же сатуу укугуна лицензияларды берет; [2) алынып салынсын] 3) өндүрүүчүлөрдү монополиядан арылтуу саясатын жүргүзөт, бардык атаандаштарга электр берүүлөрдүн линияларына жана газ менен камсыз кылуу системаларына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү шарттарды камсыз кылуу менен атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт; 4) атаандаштыкты камсыз кылуу боюнча чаралардын натыйжалуулугу үчүн көзөмөлдү жүзөгө ашырат жана монополияга каршы мыйзамдардын бузулуш фактылары жөнүндө компетенттүү органдарга билдирет; 5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык энергетикалык ресурстарды керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын жана нормативдүү документтерин турмушка ашырат; 6) электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, көмүрдү, мунайзатты, мунайзат продуктыларын натыйжалуу пайдаланууга көмөк көрсөтөт жана энергияны үнөмдөөнү колдойт; 7) энергиянын жаңылануучу булактарын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт; 8) энергетика жаатында стандарттарды макулдашат; 9) кардарлардын даттанууларын кароонун жана керектөөчүлөр менен энергетикалык кызмат көрсөткөн жана электр энергиясына ишканалардын, ошондой эле ишканалардын өздөрүнүн ортосундагы талаштарды чечүүнүн механизмдерин белгилейт; 10) өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон токтомдорду, эрежелерди, усулдук көрсөтмөлөрдү, нускамаларды жана башка нормативдүү мүнөздөгү актыларды кабыл алат, чыгарат жана алардын талапка ылайык аткарылышын контролдойт; 11) башка мамлекеттик органдар менен биргелешип, отун энергетикалык комплексине техникалык жардам көрсөтүү жана инвестицияларды тартуу программаларын координациялайт; 12) отун-энергетикалык комплексинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берүүчү илимий-техникалык программалардын заказчысы болот жана аларды турмушка ашырат; [13) алынып салынсын] [14) алынып салынсын] |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (7)
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Почта байланышы жөнүндөЗакон · 20.06.2001 · № 52
- Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндөЗакон · 08.08.2011 · № 149
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 18.05.2012 · № 58 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап…Постановление · 03.04.2014 · № 201 · Күчүн жоготкон