Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КРнын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасына импорттолуучу, баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерин бошотуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 11 августа 2014 года № 461 "Об освобождении субъектов предпринимательства от процедуры апробирования и клеймения ювелирных изделий из драгоценных металлов, импортируемых в Кыргызскую Республику"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-08-11.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 461 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-марты № 219 Кыргыз Республикасына импорттолуучу, баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерин бошотуу жөнүндө "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды импорттоодо бажылык төлөмдөрдүн түшүүсүн көбөйтүү жана Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Убактылуу, 2012-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасына импорттолуучу, баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдар аларда даярдоочу өлкөнүн эн тамгасы, сапат сертификаты, бажылык декларациясы болгондо жана тандап сыноочу экспертиза жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаментине ар бир партиядан буюмдардын 5 процентин бергенде апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттери бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 461 "Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан…Постановление · 11.08.2014 · № 461
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөЗакон · 14.05.1998 · № 61 · Күчүн жоготкон