Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-03-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 28-марты № 216 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык
кодексине толуктоо жана өзгөртүү
киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- 153-берене төмөнкү мазмундагы "32" пункт менен толукталсын:
"32. Кошумча төлөм - Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы каржылаган көлөмдөн тышкары көрсөтүлүүчү медициналык кызмат үчүн акы төлөөгө жарандын катышуусу";
- 377-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Демөөрчүлүк жана гуманитардык жардам, тартылган гранттар, ошондой эле Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары алган кошумча төлөмдүн каражаттары салык алуу максатында атайын каражаттарга кирбейт".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын Салык
кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ушул долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун, Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттен тышкаркы эсептерин Казыналык системасына интеграциялоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун, Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттен тышкаркы эсептерин Казыналык системасына этап менен которуу боюнча ит-чаралардын планынын 5-пунктун аткаруу максатында даярдалды. Мыйзамдын ушул долбоорунун негизги максаты кошумча төлөмдүн каражаттарын атайын каражаттарга салыктан бошотуу. "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык калк Мамлекеттик кепилдиктер программасы тарабынан каржылоодон тышкары саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык тейлөөлөр үчүн акы төлөөгө катышат. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамынын 58-беренесине жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" мыйзамынын 3-беренесине ылайык кошумча төлөмдүн каражаттарына салык салынбайт. Азыркы учурда саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 350 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча көрсөтүлүүчү медициналык тейлөө үчүн кошумча төлөм жөнүндө Жобого ылайык кошумча төлөм бейтап тарабынан саламаттыкты сактоо уюмунун кассасына төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2011-жылдын 28-июлундагы № 378 жана жана 2011-жылдын 27-июлундагы № 127 буйруктары менен бекитилген Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттыкты сактоо уюмдарында келип түшкөн кошумча төлөм каражаттарын эсепке алуу жана колдонуу тартибине ылайык саламаттыкты сактоо уюмунун кассасына келип түшкөн кошумча төлөмдүн каражаты андан ары кошумча төлөм каражаттарын эсепке алуу боюнча банктын эсебине багытталчу. Бюджеттик эмес фонддордун бюджеттерин түзүүнүн жапа аткаруунун ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик финансыны башкарууну өркүндөтүү, ошондой эле андан ары бюджетти консолидациялоо максатында кошумча төлөмдүн каражаттарын топтоштуруу жана колдонуу Казыналык системасында ишке ашырылат. Кошумча төлөмдүн каражаттарын Казыналык системасына которулушуна байланыштуу бул каражаттар Казыналык системасында атайын каражаттар боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын эсебине келип түшөт. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 58-главасына ылайык аталган каражаттар атайын каражаттарга салык салынышы керек. 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча республика боюнча кошумча төлөм каражаттарын чогултуу 295302,3 сомду түздү. Кошумча төлөм каражаттары саламаттыкты сактоо уюмдарынын каржылоонун негизги булактарынын бири болуп эсептелет, саламаттык сактоо системасынын топтоштурулган бюджетинин курамына кирет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан бекитилген максаттарга багытталат. Кошумча төлөм каражаттары максаттуу мүнөзгө ээ экендигин жана саламаттык сактоо уюмдары тарабынан түздөн-түз дарылоо-дартты аныктоо процессин жана бейтаптарды тамактандырууну кошумча каржылоого байланышкан иш-чараларга жумшаларын эске алуу менен, жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу керек, мунун өзү салык салынбаган кошумча каражаттардын эсебинен калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 377-беренесине өзгөртүү киргизүүнү карайт, ага ылайык Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан алынган кошумча төлөмдүн каражаттары салык салуу максатында атайын каражаттарга киргизилбейт. Мыйзамдын долбоорунун кабыл алынышы укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык коррупциялык кесепеттерге, ошондой кошумча каржылоого алып келбейт. Мыйзамдын долбоору бекитилген тартипте иштелип чыкты жана макулдашылды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө" мыйзамынын 22-беренесин аткарууда Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтына коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылды. Долбоор боюнча пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.
Директор
Г.Шакирова
"Кыргыз Республикасынын Салык
кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРУУ ТАБЛИЦАСЫ
| № | Азыр күчүндө турган редакция | Өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор менен редакция |
|---|---|---|
| 1 | 153-берене. Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө колдонулуучу терминдер жана аныктамалар Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: | 153-берене төмөнкү мазмундагы "32-пункт" менен толукталсын: "32. КОШУМЧА ТӨЛӨМ - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК-САНИТАРДЫК ЖАРДАМ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КЕПИЛДИКТЕР ПРОГРАММАСЫ КАРЖЫЛАГАН КӨЛӨМДӨН ТЫШКАРЫ КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТ ҮЧҮН АКЫ ТӨЛӨӨГӨ ЖАРАНДЫН КАТЫШУУСУ.". |
| 2 | 377-берене. Жалпы жоболор 1. Атайын каражаттар деп Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык берилген уруксаттар болгон учурда товарларды сатуудан, жумуштарды аткаруудан, кызмат көрсөтүүдөн жана/же ишмердиктин башка түрлөрүн жүргүзүүдөн алынуучу, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын кирешелери эсептелет. [2. Салык салуу максатында атайын каражаттарга демөөрчүлүк жана гуманитардык жардам, ошондой эле тартылган гранттар киргизилбейт.] | 377-берене. Жалпы жоболор 1. Атайын каражаттар деп Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык берилген уруксаттар болгон учурда товарларды сатуудан, жумуштарды аткаруудан, кызмат көрсөтүүдөн жана/же ишмердиктин башка түрлөрүн жүргүзүүдөн алынуучу, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын кирешелери эсептелет. 2. ДЕМӨӨРЧҮЛҮК ЖАНА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ, ТАРТЫЛГАН ГРАНТТАР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БИРДИКТҮҮ ТӨЛӨӨЧҮ ТУТУМУНДА ИШТЕГЕН САЛАМАТТЫК САКТОО УЮМДАРЫ АЛГАН КОШУМЧА ТӨЛӨМДҮН КАРАЖАТТАРЫ САЛЫК АЛУУ МАКСАТЫНДА АТАЙЫН КАРАЖАТТАРГА КИРБЕЙТ. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-июнундагы №2056-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун…Постановление · 21.06.2012 · № 2056-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июну № 2206-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун…Постановление · 29.06.2012 · № 2206-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июну № 2207-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу…Постановление · 29.06.2012 · № 2207-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндөЗакон · 30.07.2003 · № 159
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы №350 "Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы…Постановление · 01.07.2011 · № 350 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун…Постановление · 17.10.2011 · № 640 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон