Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 12 апреля 2013 года № 190 "О Среднесрочном прогнозе социально-экономического развития Кыргызской Республики на 2014-2016 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-04-12.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-апрелиндеги № 190 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 23-марты № 207 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн милдеттерин ырааттуу чечүү үчүн 2013-2015-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү божомолун өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн макроэкономикалык параметрлерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун түзүүдө 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жактырылган макроэкономикалык параметрлерин негиз катары алсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары орто мөөнөттүү программаларды жана өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгууда 2013-2015-жылдарга жактырылган макроэкономикалык багыттарды негиз катары алышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткарууга баалоо жүргүзсүн;
- учурдагы социалдык-экономикалык абалга мониторингдин жана баалоонун маалыматтарынын негизинде 2012-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн күтүлүүчү параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды жана 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- 2012-жылга Кыргыз Республикасынын бекитилген республикалык бюджетине жана 2013-2015-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү болжолуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн 2012-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн күтүлүүчү параметрлерине жана 2013-2015-жылдарга макроэкономикалык болжолго оңдоолордун маалыматтарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Тиркеме орусча тилде берилген
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (7)
- 2013-жылдын 12-апрели № 190 "2014-2016-жылдарда Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.04.2013 · № 190
- Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндөЗакон · 20.03.2002 · № 40
- КР УО 2010-жылдын 26-апрелинин № 23 "Инвестицияларды коргоо жөнүндө" ДекретиДекрет · 26.04.2010 · № 23
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1451-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2011 · № 1451-V
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын…Постановление · 25.01.2012 · № 55 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 229 "Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруунун жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүнүн 2011-2015-жылдарга мамлекеттик…Постановление · 16.05.2011 · № 229 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2013 · № 395
- "План мероприятий на 100 дней по реализации Программы Правительства Кыргызской Республики "Стабильность и достойная жизнь" (Утвержден постановлением Правительства КР от 25 января…План · 25.01.2012 · № 55 · Күчүн жоготкон