КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 218 „Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 1 сентября 2021 года № 157 "Об установлении нормы расходов за услуги по доставке и выплате пенсий и пособий организациями почтовой службы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-09-01.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 157 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-декабры № 758 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын республикалык бюджеттен пенсияларды төлөө чыгымдарын оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Пенсиялык фонддун камсыздандыруу төлөөлөрүн почталык тейлөөгө чыгымдардын нормасын белгилесин:
2011-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин - төлөөлөрдүн көлөмүнүн 1,5 проценти деңгээлинде; 2012-жылдын 1-январынан - төлөөлөрдүн көлөмүнүн 1,3 проценти деңгээлинде;
- пенсиялык каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу жана максаттуу эмес пайдалануу фактыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын пенсияларды төлөөгө карата келишимдик милдеттерин аткаруу боюнча тартип бузууларды түп тамырынан жоюу боюнча чараларды көрсүн".
2. Бул токтом 2011-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы №218 " Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө"токтомуПостановление · 14.05.2008 · № 218 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 157 "Почта кызматынын уюмдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө кызматтары үчүн чыгымдардын…Постановление · 01.09.2021 · № 157 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы №218 " Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө"токтомуПостановление · 14.05.2008 · № 218 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 157 "Почта кызматынын уюмдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө кызматтары үчүн чыгымдардын…Постановление · 01.09.2021 · № 157 · Күчүн жоготкон