Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 1 сентября 2021 года № 157 "Об установлении нормы расходов за услуги по доставке и выплате пенсий и пособий организациями почтовой службы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-09-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 157 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 14-майы № 218
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 453, 2011-жылдын 14-декабрындагы №758 токтомдорунун редакциясыяларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын ар жылдык Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Рес- публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна сунуш кылынсын:
- учурдагы жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюдже-
тинин көлөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноону камсыздоо;
- камсыздандыруу базасын кењейтүү боюнча чараларды көрүү, Кыргыз
Республикасынын Социалдык фондунун органдарында каттоодон качкан, анын ичинде жеке эмгек ишмердиги менен алектенген адамдардын камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү аныктоо жана каттоо боюнча Кыргыз Республикасы- нын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин органдары ме- нен биргелешкен ишти активдүү жүргүзүү;
- камсыздандыруу төгүмдөрү жана пениялар боюнча узартылган карыз-
дарды өндүрүү боюнча максаттуу иштерди камсыздоо, административдик айыптарды салуу жана аларды мажбурлап төлөтүү боюнча Кыргыз Республика- сынын мыйзамдарында берилген укуктарды активдүү колдонуу;
- жоюлуучу ишканалар жана уюмдарга карата N 2 тизме боюнча пенсия-
ларды төлөп берүүгө жана эмгектик мертинүү алган адамдарга зыяндын ор- дун толтуруу үчүн каралган капиталдаштырылуучу суммалардын Кыргыз Рес- публикасынын Социалдык фондунун бюджетине түшүүсү боюнча иштерди күчө- түү;
- белгиленген мөөнөттө бербеген, толук эмес жана (же) ишенимсиз
маалыматтарды берген учурларда камсыздандырылган адамдардын жеке кам- сыздандыруу эсептерине алардын иштеген иши жана эмгек акысы жөнүндө маалыматтарды өз учурунда киргизүүнү камсыздоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык санкцияларды колдонуу;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарынын
ишинде аныкталган тартип бузууну четтетүүгө, кошумча эсептелген пения- ларды жана айыптарды өндүрүүгө, пенсия менен пособиелерди дайындоонун жана төлөөнүн тууралыгына контролду күчөтүү;
- пенсиялык төлөмдөрдү өз учурунда жана толук өлчөмдө каржылоону
камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минис- трлигинин алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдары- нын, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын пенсияларды төлөө боюнча милдеттенмелерин аткарууга жана келишимдин шарттарын тийиштүү эмес аткаргандыктары үчүн аларга финансылык санкцияларды колдонууга дайыма контроль жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдында-
гы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун чогултулган камсызданды- руу төгүмдөрүнүн көлөмүндө өз учурунда каржылоону жүргүзүү;
- пенсиялык төлөмдөрдү каржылоо жөнүндө жалпыга маалымдоо каражат-
тары аркылуу коомчулукка маалымдоо;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин аткаруунун
жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ай сайын, айдын 15ине чейин берип туруу;
- кирешелер жана чыгашалар боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык
фондунун бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизүү.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөөчүлөрдүн банк ме-
кемелериндеги камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебине акча каражаттарын алыш-бериш эсептери аркылуу максаттуу өткөрүү жолу менен камсыздандыруу фонддоруна кызмат (жумуш) көрсөтүүчү уюмдар менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө уруксат берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюд-
жетте каралган каражаттарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна толук көлөмдө өз учурунда каржылоону, ошондой эле республикалык бюджет- тен каржылануучу уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды жоюуну камсыз кылсын.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-
ча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары милдеттүү мамлекеттик соци- алдык камсыздандыруу боюнча каражаттарды толук жана өз учурунда чеге- рүүнү жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын жоюуну камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Пенсиялык фонддун камсыздандыруу төлөөлөрүн почталык тейлөөгө
чыгымдардын нормасын белгилесин: 2011-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин - төлөөлөрдүн көлөмүнүн 1,5 проценти деңгээлинде; 2012-жылдын 1-январынан - төлөөлөрдүн көлөмүнүн 1,3 проценти деңгээ- линде;
- пенсиялык каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу жана максаттуу эмес
пайдалануу фактыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишка- насынын пенсияларды төлөөгө карата келишимдик милдеттерин аткаруу боюнча тартип бузууларды түп тамырынан жоюу боюнча чараларды көрсүн". (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 453, 2011-жылдын 14-декабрындагы №758 токтомдорунун редакциясыяларына ылайык)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 157 "Почта кызматынын уюмдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө кызматтары үчүн чыгымдардын…Постановление · 01.09.2021 · № 157 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 453 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 16.08.2008 · № 453 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-декабрындагы №758 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин…Постановление · 14.12.2011 · № 758 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 157 "Почта кызматынын уюмдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө кызматтары үчүн чыгымдардын…Постановление · 01.09.2021 · № 157 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1996 года № 298 "Об утверждении списков производств, работ, профессий, должностей и показателей, дающих право на льготное пенсионное…Постановление · 01.07.1996 · № 298
- 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндөЗакон · 05.02.2008 · № 6