Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 «Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 апреля 2022 года № 236 "О мерах по реализации требований норм Налогового кодекса Кыргызской Республики, а также норм приложения 18 к Договору о Евразийском экономическом союзе"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-04-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 6-декабры № 749 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 «Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесин түзүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүү жана аларды администрациялоонун натыйжалуулугун арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 «Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. ИСКБ тарабынан салыктык (толук жана тышкы) администрацияланууга тийиш болгон ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесин ыйгарым укуктуу салык органы бекитет.»;
- 12-пунктундагы «ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылгандан кийин ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17. Критерийлерге ылайык келбеген учурда андай чарбакер субъекттерди ыйгарым укуктуу салык органы Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгарат.»;
- 18-пунктундагы «Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча», «чарба жүргүзүүчү субъекттерди ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгаруу тууралуу сунуш» жана «киргизилет» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө. Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген "Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө"жобосуПоложение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №236 токтомуПостановление · 30.04.2022 · № 236
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги…Постановление · 30.04.2022 · № 236
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 ""Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон