Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобонун 87-пунктуна түшүндүрмөнү бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-августу № 449 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобонун 87-пунктуна түшүндүрмөнү бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобонун 87-пунктуна тиркелген түшүндүрмө бекитилсин.
2. Түшүндүрмө Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтерине жана ведомстволоруна жиберилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
А. Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 449 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобонун 87-пунктуна ТҮШҮНДҮРМӨ Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматчылардын статусу жөнүндө" Мыйзамынын 16-беренесине ылайык аскер кызматчысы, ага даярдоосун, кызмат өтөөсүн жана ээлеген кызматын эске алуу менен өз убагында кезектеги аскердик наам ыйгарылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-июлундагы № 281 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн офицердик курамынын аскер кызматын өтөө тартиби жөнүндө жобонун 16-пунктунда, мурда офицердик курамдын адамдарынын аскердик наамдарда кызмат өтөө мөөнөттөрү белгиленген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөө (запаста болуу) тартиби жөнүндө жобонун 87-пункту менен офицердик курамдын адамдарынын аскердик наамдарда кызмат өтөөсүнүн жаңы, мурда колдонуудагы мөөнөткө караганда жогорулатылган мөөнөттөрү белгиленген. Колдонулуп жаткан Жободо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-июлундагы № 281 токтому менен бекитилген мурда колдонуудагы Жобого ылайык офицердик курамдын аскердик наамдары ыйгарылган аскер кызматчыларга кезектеги аскердик наамдарды ыйгаруу тартибин жана мөөнөттөрүн аныктай турган өтмө ченемдер жок. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык колдонулуп жаткан Жобо мурда колдонулган Жобого ылайык офицердик наамдар ыйгарылган офицерлерге таралбашы керек. Мындай адамдарга кезектеги аскердик наам мурдагы каралган мөөнөттө ыйгарылышы керек. Андан тышкары ушул Жобонун 88-пункту менен офицердик курамдын аскердик наамында кызмат өтөө мөөнөтү аскердик наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн баштап эсептелээри белгиленген, демек ушул Жобону кабыл алгандан кийин аскердик наам ыйгарылган адамдарга кызмат өтөө мөөнөттөрү колдонууга кирген ченемдик укуктук актыга ылайык эсептеле баштайт. Ошентип, ушул Жобо кабыл алынганга чейин офицердик наам ыйгарылган адамдарга кезектеги аскердик наамдар мурда колдонуудагы Жободо каралган мөөнөттөр боюнча ыйгарылат, ал эми аталган Жобо кабыл алынгандан кийин офицердик наам ыйгарылган адамдарга кызмат өтөө мөөнөттөрү колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларга ылайык эсептеле башт
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилди "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат…Положение · 25.04.2011 · № 185 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Постановление · 25.04.2011 · № 185 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1993 года N 281 "Об утверждении Положения о порядке прохождения воинской службы офицерским составом Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Постановление · 01.07.1993 · № 281 · Күчүн жоготкон