Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы №739 „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-августу №448 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы №739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы №342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы жашоо-турмуш маселелерин өркүндөтүү жана инфраструктураны күтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы №739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобо төмөнкүдөй мазмундагы 8.5-пункт менен толукталсын:
"8.5. Эгер өткөрүү пункту мамлекеттик контролдоо органынын балансында турса, анда өткөрүү пунктунун администрациясы болуп ошол мамлекеттик контролдоо органы эсептелет. Бул учурда өткөрүү пунктунун администрациясынын функциясы өткөрүү пунктундагы мамлекеттик контролдоо органынын жетекчисине жана ошондой эле ал мамлекеттик контролдоо органынын башка ыйгарым укуктуу кызмат адамына же түзүмдүк бөлүгүнө жүктөлүүсү мүмкүн".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.